БУУ КАЗАНЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУУ КАЗАНЫ ''' – жогорку басымдуу бууну алууга ылайыкталган жылуулук алмаштыргыч аппарат. Буу алууда көбүнчө суу пайдаланылат да, ал казандын очогуна катуу отун же газ жагып, бууга айландырылат. Бууну өнөр жайда пайдалануу 18-к-да башталган. Орус ойлоп табуучусу И. И. Ползунов дүйнөдө 1-буу машинасын 1765-ж. курган. Андан кийин Б. к-нын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, анын п. а. к-ин арттыруу, казандын өлчөмүн ж-а материалды аз сарптоо багытында үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлгөн. Б. к. колдонулушуна жараша орнотулма (стационардык) ж-а көчмө болуп бөлүнөт.
'''БУУ КАЗАНЫ ''' – жогорку басымдуу бууну алууга ылайыкталган жылуулук алмаштыргыч аппарат. Буу алууда көбүнчө суу пайдаланылат да, ал казандын очогуна катуу отун же газ жагып, бууга айландырылат. Бууну өнөр жайда пайдалануу 18-кылымда башталган. Орус ойлоп табуучусу И. И. Ползунов дүйнөдө 1-буу машинасын 1765-жылы курган. Андан кийин Буу казанынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, анын пайдалуу аракет  коэффициентин арттыруу, казандын өлчөмүн жана материалды аз сарптоо багытында үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлгөн. Буу казаны  колдонулушуна жараша орнотулма (стационардык) жана көчмө болуп бөлүнөт. Орнотулма Буу казаны электр станцияларына орнотулуучу энергиялык, өнөр жайлык, коммуналдык ишканалардын казан агрегатына коюлуучу жана имаратты жылыткыч болуп айырмаланат. Транспортко (паровоз, пароход ж. б.) орнотулуучу Буу казаны көчмө казандын мисалы болот. Казандын газ түтүктүү жана суу түтүктүү түрү бар, алар камералуу жана секциялуу болот. Электр станциясында 100 ''кг/см''<sup>2</sup> басымдагы бууну пайда кылууда 230 ''т/с'' өндүрүмдүүлүктө иштеген Буу казаны орнотулат, ошондой эле 200–300 ''кг/см''<sup>2</sup> басымдагы бууну 500 ''т/с'' өндүрүмдүүлүктө иштетүүчү Буу казандары да бар.
<br/>Орнотулма Б. к. электр станцияларына орнотулуучу энергиялык, өнөр жайлык, коммуналдык ишканалардын казан агрегатына коюлуучу ж-а имаратты жылыткыч болуп айырмаланат. Транспортко (паровоз, пароход ж. б.) орнотулуучу Б. к. көчмө казандын мисалы болот. Казандын газ түтүктүү ж-а суу түтүктүү түрү бар, алар камералуу ж-а секциялуу болот. Электр станциясында 100 ''кг/см''<sup>2</sup> басымдагы бууну пайда кылууда 230 ''т/с'' өндүрүмдүүлүктө иштеген Б. к. орнотулат, о. эле 200–300 ''кг/см''<sup>2</sup> басымдагы бууну 500 ''т/с'' өндүрүмдүүлүктө иштетүүчү Б. к-дары да бар.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:31, 16 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУУ КАЗАНЫ – жогорку басымдуу бууну алууга ылайыкталган жылуулук алмаштыргыч аппарат. Буу алууда көбүнчө суу пайдаланылат да, ал казандын очогуна катуу отун же газ жагып, бууга айландырылат. Бууну өнөр жайда пайдалануу 18-кылымда башталган. Орус ойлоп табуучусу И. И. Ползунов дүйнөдө 1-буу машинасын 1765-жылы курган. Андан кийин Буу казанынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, анын пайдалуу аракет коэффициентин арттыруу, казандын өлчөмүн жана материалды аз сарптоо багытында үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлгөн. Буу казаны колдонулушуна жараша орнотулма (стационардык) жана көчмө болуп бөлүнөт. Орнотулма Буу казаны электр станцияларына орнотулуучу энергиялык, өнөр жайлык, коммуналдык ишканалардын казан агрегатына коюлуучу жана имаратты жылыткыч болуп айырмаланат. Транспортко (паровоз, пароход ж. б.) орнотулуучу Буу казаны көчмө казандын мисалы болот. Казандын газ түтүктүү жана суу түтүктүү түрү бар, алар камералуу жана секциялуу болот. Электр станциясында 100 кг/см2 басымдагы бууну пайда кылууда 230 т/с өндүрүмдүүлүктө иштеген Буу казаны орнотулат, ошондой эле 200–300 кг/см2 басымдагы бууну 500 т/с өндүрүмдүүлүктө иштетүүчү Буу казандары да бар.