БУЮМДАР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУЮМДАР ''' у к у к т а – менчик укугунун булагы болгон материалдык | '''БУЮМДАР ''' у к у к т а – менчик укугунун булагы болгон материалдык жана интеллектуалдык объекттер. Күндөлүк турмушта «буюм» деген сөз бир нече мааниде колдонулат. Адатта, Буюмдар деп жандуу нерселер аталбайт, башкача айтканда мисалы, жылкыны, уйду, итти же башка жаныбарды буюм деп атабайт. Бирок жарандык укукта ал табият предметтери (жер, анын кен байлыктары, жапайы айбандар ж. б.) же эмгектин натыйжасы (үй, машина, кездеме, эмерек ж. б.) боюнча жарандык укук мамилелери келип чыгат. Буюмдар суюк же газ түрүндө да болот, мисалы, идиштерге, резервуарларга куюлган суу, газ, ж. б. Ошентип, Буюмдар жарандык укук мамилелеринин объектиси болуп саналат. Эгер буюм жок болсо, анда менчик укугу, күрөө укугу, соода-сатык, тапшыруу, контрактациялоо, айырбаштоо, тартуу кылуу, карыз берүү, залог, жалдоо, сактоо сыяктуу келишимдерден келип чыккан укуктар да болмок эмес. Буюмдар түшүнүгү укуктук маанисинде товар мааниси менен дал келбейт. Буюмдарга карата адамдардын сатып алуу, аларды тескөө ыкмасы жана чектери ж. б. укуктук нормалар менен жөнгө салынат. Буюмдар укугу: кыймылдуу жана кыймылсыз, керектелбөөчү болуп классификацияланат.<br/>''Ч. Арабаев.'' | ||
<br/>''Ч. Арабаев.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:44, 16 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БУЮМДАР у к у к т а – менчик укугунун булагы болгон материалдык жана интеллектуалдык объекттер. Күндөлүк турмушта «буюм» деген сөз бир нече мааниде колдонулат. Адатта, Буюмдар деп жандуу нерселер аталбайт, башкача айтканда мисалы, жылкыны, уйду, итти же башка жаныбарды буюм деп атабайт. Бирок жарандык укукта ал табият предметтери (жер, анын кен байлыктары, жапайы айбандар ж. б.) же эмгектин натыйжасы (үй, машина, кездеме, эмерек ж. б.) боюнча жарандык укук мамилелери келип чыгат. Буюмдар суюк же газ түрүндө да болот, мисалы, идиштерге, резервуарларга куюлган суу, газ, ж. б. Ошентип, Буюмдар жарандык укук мамилелеринин объектиси болуп саналат. Эгер буюм жок болсо, анда менчик укугу, күрөө укугу, соода-сатык, тапшыруу, контрактациялоо, айырбаштоо, тартуу кылуу, карыз берүү, залог, жалдоо, сактоо сыяктуу келишимдерден келип чыккан укуктар да болмок эмес. Буюмдар түшүнүгү укуктук маанисинде товар мааниси менен дал келбейт. Буюмдарга карата адамдардын сатып алуу, аларды тескөө ыкмасы жана чектери ж. б. укуктук нормалар менен жөнгө салынат. Буюмдар укугу: кыймылдуу жана кыймылсыз, керектелбөөчү болуп классификацияланат.
Ч. Арабаев.