БҮКҮР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БҮКҮР ''' – омуртка тутумунун түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр; мында омуртка | '''БҮКҮР ''' – омуртка тутумунун түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр; мында омуртка менен көөдөндүн келбети бузулат. Омуртка арт жакка өтө чыгып турса, к и ф о з деп аталат. Кыйшаюу көкүрөк туштагы омурткада болуп, ар кандай ооруларда ''(туберкулёз, итий,'' сынык) пайда болот, ошондой эле омуртканын башка бөлүгүндө да кыйшаюу болушу мүмкүн. Көкүрөк омурткаларынын дого сымал кифозу келбетти гана бузбастан, дем алууну да начарлатат. Омуртка тутуму туберкулёздон жабыркаганда, көкүрөк тушу бүкүрөйүп, омурткалар кысылып, бой кыскарат, төш алдыга чыгат. Бул өзгөрүүлөр ички органдардын функциясын бузат. Туберкулёз спондилитин өз убагында дарыласа, адам бүкүр болбой айыгат. Омуртка тутумунун алдыга кыйшайышы л о р д о з деп аталып, демейде бел туштагы физиологиялык ийилген жерде өрчүйт. Лордозго келбетти туура эмес алып жүрүү, омуртканын кээ бир оорулары, курсакка майдын өтө топтолушу себеп болот. Мында омурткалардын формасы бузулуп, ооруйт, кыймылы азаят. Аны көбүнчө ички органдардын ордунан төмөн түшүшү коштойт да, алардын иши начарлайт. Дарылоодо анын себебин жоготуп, гимнастика жана массаж сунуш кылынат. ''Бандаж'' кийүү ички органдардын ишин жакшыртып, ич булчуӊдарын чыӊдоого түрткү берет. Бүкүрдүн бардык түрүн алдын алууда сөөк, муун ооруларын убагында дарылоо, балдарды келбетти туура алып жүрүүгө үйрөтүү, күнүгө гимнастика жасоо маанилүү. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
02:34, 24 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БҮКҮР – омуртка тутумунун түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр; мында омуртка менен көөдөндүн келбети бузулат. Омуртка арт жакка өтө чыгып турса, к и ф о з деп аталат. Кыйшаюу көкүрөк туштагы омурткада болуп, ар кандай ооруларда (туберкулёз, итий, сынык) пайда болот, ошондой эле омуртканын башка бөлүгүндө да кыйшаюу болушу мүмкүн. Көкүрөк омурткаларынын дого сымал кифозу келбетти гана бузбастан, дем алууну да начарлатат. Омуртка тутуму туберкулёздон жабыркаганда, көкүрөк тушу бүкүрөйүп, омурткалар кысылып, бой кыскарат, төш алдыга чыгат. Бул өзгөрүүлөр ички органдардын функциясын бузат. Туберкулёз спондилитин өз убагында дарыласа, адам бүкүр болбой айыгат. Омуртка тутумунун алдыга кыйшайышы л о р д о з деп аталып, демейде бел туштагы физиологиялык ийилген жерде өрчүйт. Лордозго келбетти туура эмес алып жүрүү, омуртканын кээ бир оорулары, курсакка майдын өтө топтолушу себеп болот. Мында омурткалардын формасы бузулуп, ооруйт, кыймылы азаят. Аны көбүнчө ички органдардын ордунан төмөн түшүшү коштойт да, алардын иши начарлайт. Дарылоодо анын себебин жоготуп, гимнастика жана массаж сунуш кылынат. Бандаж кийүү ички органдардын ишин жакшыртып, ич булчуӊдарын чыӊдоого түрткү берет. Бүкүрдүн бардык түрүн алдын алууда сөөк, муун ооруларын убагында дарылоо, балдарды келбетти туура алып жүрүүгө үйрөтүү, күнүгө гимнастика жасоо маанилүү.