БҮЛБҮЛДӨӨ РАЗРЯДЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БҮЛБҮЛДӨӨ РАЗРЯДЫ ''' – электроддо потенциалдык айырмасы чоӊ | '''БҮЛБҮЛДӨӨ РАЗРЯДЫ ''' – электроддо потенциалдык айырмасы чоӊ жана андагы ток тыгыздыгы аз учурдагы өзү күйүүчү газ разрядынын бири. Анын күйүү чыӊалуусу негизинен электроддордун арасындагы аралыктын басымга болгон көбөйтүндүсү менен катоддогу ток тыгыздыгына көз каранды. Токтун 10<sup>–4</sup>–10<sup>–1</sup> А диапазонунда катоддогу токтун күйүү чыӊалуусу жана тыгыздыгы туруктуу калат, катоддук кесилиштин аянты акырындык менен чоӊоюп, катодду бүт ээлейт. Ток 10<sup>–1</sup>–1 А болгондо бүлбүлдөө разряды аномалдуу мүнөзгө ээ болуп, катоддогу ток тыгыздыгы менен күйүү чыӊалуусу кескин чоӊоёт. Токтун андан аркы чоӊоюшу менен аноддук жарыктаныш секирик түрүндө кичине жаркырак жакка тартылат, күйүү чыӊалуусу кескин төмөндөйт. Бүлбүлдөө разрядына тиешелүү болгон мамычалуу түзүлүш жоголуп, жаалык разрядга өтөт. Анын өзгөчө формасы – көӊдөйлүү катод разряды. Ал кадимки бүлбүлдөө разрядынан өтө чоӊ ток тыгыздыгы жана жаркырактыгы менен айырмаланат. Анын приборлору релелик жана автоматтык түзүлүштө, жарык булагы катары эсептөө техникасында ж. б. пайдаланылат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
02:39, 24 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БҮЛБҮЛДӨӨ РАЗРЯДЫ – электроддо потенциалдык айырмасы чоӊ жана андагы ток тыгыздыгы аз учурдагы өзү күйүүчү газ разрядынын бири. Анын күйүү чыӊалуусу негизинен электроддордун арасындагы аралыктын басымга болгон көбөйтүндүсү менен катоддогу ток тыгыздыгына көз каранды. Токтун 10–4–10–1 А диапазонунда катоддогу токтун күйүү чыӊалуусу жана тыгыздыгы туруктуу калат, катоддук кесилиштин аянты акырындык менен чоӊоюп, катодду бүт ээлейт. Ток 10–1–1 А болгондо бүлбүлдөө разряды аномалдуу мүнөзгө ээ болуп, катоддогу ток тыгыздыгы менен күйүү чыӊалуусу кескин чоӊоёт. Токтун андан аркы чоӊоюшу менен аноддук жарыктаныш секирик түрүндө кичине жаркырак жакка тартылат, күйүү чыӊалуусу кескин төмөндөйт. Бүлбүлдөө разрядына тиешелүү болгон мамычалуу түзүлүш жоголуп, жаалык разрядга өтөт. Анын өзгөчө формасы – көӊдөйлүү катод разряды. Ал кадимки бүлбүлдөө разрядынан өтө чоӊ ток тыгыздыгы жана жаркырактыгы менен айырмаланат. Анын приборлору релелик жана автоматтык түзүлүштө, жарык булагы катары эсептөө техникасында ж. б. пайдаланылат.