БҮРГӨЛӨР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БҮРГӨЛӨР ''' (Siphonoptera) – курт-кумурскалар классындагы кан соргучтар түркүмү. Дене уз. 1–6 ''мм''ге чейин, канаты жок, жумурткадан жетилиши толук өөрчүү м-н өтөт, личинкасы курт сымал. Б-дүн шилекейи дүүлүктүрөт. Оозу сайып соруучу мүнөздө. Денеси капталынан кысыӊкы, күрөӊ же кара түстө, жалтырак хитин кабык м-н капталган. Арткы буту узун, секирүүгө ыӊгайлашкан. Турак жайда, кургак, чаӊ жерде көп кездешет. О. эле таштанды, тактай жаракаларында көбөйөт. 3 жылга чейин жашайт. 1000ге жакын түрү бар. Жетилген Б. көбүнчө жаныбарда (мышык, ит ж. б.), канаттууларда (тоок ж. б.) ж-а адамда мителик кылып, кан м-н азыктанат; көбү бир катар жугуштуу оорулардын (чума, ич келте ж.б.) козгогучтарын кишиге жугузат.
'''БҮРГӨЛӨР ''' (Siphonoptera) – курт-кумурскалар классындагы кан соргучтар түркүмү. Дене узундугу 1–6 ''мм''ге чейин, канаты жок, жумурткадан жетилиши толук өөрчүү менен өтөт, личинкасы курт сымал. Бүргөлөрдүн шилекейи дүүлүктүрөт. Оозу сайып соруучу мүнөздө. Денеси капталынан кысыӊкы, күрөӊ же кара түстө, жалтырак хитин кабык менен капталган. Арткы буту узун, секирүүгө ыӊгайлашкан. Турак жайда, кургак, чаӊ жерде көп кездешет. Ошондой эле таштанды, тактай жаракаларында көбөйөт. 3 жылга чейин жашайт. 1000ге жакын түрү бар. Жетилген бүргөлөр көбүнчө жаныбарда (мышык, ит ж. б.), канаттууларда (тоок ж. б.) жана адамда мителик кылып, кан менен азыктанат; көбү бир катар жугуштуу оорулардын (чума, ич келте ж.б.) козгогучтарын кишиге жугузат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:57, 18 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы

БҮРГӨЛӨР (Siphonoptera) – курт-кумурскалар классындагы кан соргучтар түркүмү. Дене узундугу 1–6 ммге чейин, канаты жок, жумурткадан жетилиши толук өөрчүү менен өтөт, личинкасы курт сымал. Бүргөлөрдүн шилекейи дүүлүктүрөт. Оозу сайып соруучу мүнөздө. Денеси капталынан кысыӊкы, күрөӊ же кара түстө, жалтырак хитин кабык менен капталган. Арткы буту узун, секирүүгө ыӊгайлашкан. Турак жайда, кургак, чаӊ жерде көп кездешет. Ошондой эле таштанды, тактай жаракаларында көбөйөт. 3 жылга чейин жашайт. 1000ге жакын түрү бар. Жетилген бүргөлөр көбүнчө жаныбарда (мышык, ит ж. б.), канаттууларда (тоок ж. б.) жана адамда мителик кылып, кан менен азыктанат; көбү бир катар жугуштуу оорулардын (чума, ич келте ж.б.) козгогучтарын кишиге жугузат.