БҮТКҮЛ СОЮЗДУК ПИОНЕР УЮМУ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БҮТКҮЛ СОЮЗДУК ПИОНЕ́Р УЮМУ ''' – СССРде 10–15 жашар жеткинчектердин уюму (1922–91). 1922- | '''БҮТКҮЛ СОЮЗДУК ПИОНЕ́Р УЮМУ ''' – СССРде 10–15 жашар жеткинчектердин уюму (1922–91). 1922-жылы 19-майда комсомолдун Бүткүл россиялык 2-конференциясында бардык жерде пионер отряддарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, уюм уюшулган жана анын ишин ВЛКСМ жетектеген. СССРдин бардык аймактарында пионер отряддары уюштурулуп, алар турмуштун бардык тармактарына активдүү катышып, өз салымдарын кошкон. 1932–33-жылдары Совет бийлиги үчүн Павлик Морозов, Коля Мяготин, ''Кычан'' Жакыпов ж. б. пионерлер курман болуп, алардын ысмы Бүткүл союздук пионер уюмунун Ардак китепчесине жазылган. Чарбачылыкты өнүктүрүүдөгү активдүү иши үчүн 1935-жылы пионерлердин бир тобуна сыйлыктар ыйгарылган: Мамлакат Нахангова Ленин ордени (Тажикстан), Ишан Кадыров жана Хавахан Атамкулова (Тажикстан), Алексей Фадеев (Ленинград облусу), Буза Шамжановалар (Казакстан) «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары пионерлер тимурчулар кыймылын кеӊири жайылтышкан, дары чөптөрдү, темир сыныктарын чогултушкан, госпиталдарда күзөткө туруп, түшүм жыйноого кол кабыш кылышкан. Немец баскынчыларына каршы күрөштөгү эрдиги үчүн Лёня Голиков, Марат Казей, Зина Портноваларга Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилип, миӊдеген пионерлер орден жана медалдар менен сыйланган. 1962-жылы Бүткүл союздук пионер уюму түзүлгөнүнүн 40 жылдыгына карата Ленин ордени менен сыйланган. Пионерлер үчүн «Пионерская правда» гезити, 35 журнал, ошондой эле республикалык гезит-журналдар чыгарылып турган, Кыргызстанда «Кыргызстан пионери» гезити, «Жаш ленинчи» журналы чыгарылган. 1991-жылы СССРдин таркашы менен ''Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы'' (КПСС), ''Бүткүл союздук лениндик коммунисттик жаштар союзу'' (ВЛКСМ) менен катар эле, Бүткүл союздук пионер уюму да өз иш-аракеттерин токтоткон. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:15, 20 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БҮТКҮЛ СОЮЗДУК ПИОНЕ́Р УЮМУ – СССРде 10–15 жашар жеткинчектердин уюму (1922–91). 1922-жылы 19-майда комсомолдун Бүткүл россиялык 2-конференциясында бардык жерде пионер отряддарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, уюм уюшулган жана анын ишин ВЛКСМ жетектеген. СССРдин бардык аймактарында пионер отряддары уюштурулуп, алар турмуштун бардык тармактарына активдүү катышып, өз салымдарын кошкон. 1932–33-жылдары Совет бийлиги үчүн Павлик Морозов, Коля Мяготин, Кычан Жакыпов ж. б. пионерлер курман болуп, алардын ысмы Бүткүл союздук пионер уюмунун Ардак китепчесине жазылган. Чарбачылыкты өнүктүрүүдөгү активдүү иши үчүн 1935-жылы пионерлердин бир тобуна сыйлыктар ыйгарылган: Мамлакат Нахангова Ленин ордени (Тажикстан), Ишан Кадыров жана Хавахан Атамкулова (Тажикстан), Алексей Фадеев (Ленинград облусу), Буза Шамжановалар (Казакстан) «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары пионерлер тимурчулар кыймылын кеӊири жайылтышкан, дары чөптөрдү, темир сыныктарын чогултушкан, госпиталдарда күзөткө туруп, түшүм жыйноого кол кабыш кылышкан. Немец баскынчыларына каршы күрөштөгү эрдиги үчүн Лёня Голиков, Марат Казей, Зина Портноваларга Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилип, миӊдеген пионерлер орден жана медалдар менен сыйланган. 1962-жылы Бүткүл союздук пионер уюму түзүлгөнүнүн 40 жылдыгына карата Ленин ордени менен сыйланган. Пионерлер үчүн «Пионерская правда» гезити, 35 журнал, ошондой эле республикалык гезит-журналдар чыгарылып турган, Кыргызстанда «Кыргызстан пионери» гезити, «Жаш ленинчи» журналы чыгарылган. 1991-жылы СССРдин таркашы менен Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы (КПСС), Бүткүл союздук лениндик коммунисттик жаштар союзу (ВЛКСМ) менен катар эле, Бүткүл союздук пионер уюму да өз иш-аракеттерин токтоткон.