ВАКУОЛДОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
(фр. vacuole, лат. vacuus – боштук) – жаныбар ж-а өсүмдүк клеткасынын цитоплазмасындагы же бир клеткалуу организмдердеги суюктук же туздардын кристаллдары, эрибеген белоктор толгон көӊдөйчөлөр. Ал ''эндоплазма торчосунун'' негизинде пайда болуп, сыртынан липопротеин кабыкча – мембрана м-н капталган. Бир катар көп клеткалуу омурткасыздарда (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, кээ бир моллюскалар) ж-а айрым бир клеткалууларда (жөнөкөйлөр) азык сиӊиргич В. болот. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда тамак сиӊиргич В. өзгөчө клетка – ''фагоциттерде'' жайгашат. Башка клеткалардын В-унда туз, фермент ж-а зат алмашуунун калдыктары болот. Көптөгөн бир клеткалуу организмдердеги жыйрылгыч В. негизинен осмос басымын жөнгө салуу ж-а бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Өсүмдүк В-уна түссүз же түстүү клетка ширеси (пигменттер) толуп, анда эриген заттар ж-а кээде белоктор клеткада осмосту ж-а тургорду камсыз кылат. Көпчүлүк сууда жашоочу фототроптуу ж-а хемотроптуу бактерияларда газ В. болот. Өтө жаш клеткада В. болбойт, болсо да байкалбайт, ал эми клетка өскөн сайын алар чоӊоёт ж-а клетканын түрдүү жеринде жаралып, акырында бир ири В-ду түзөт. В. клеткада суу – туз алмашууну, тургор басымын бир калыпта кармоо, зат алмашуунун уу заттарын бөлүп чыгаруу ж. б. функцияларды аткарат.
'''ВАКУОЛДОР ''' (фр. vacuole, лат. vacuus – боштук) – жаныбар жана өсүмдүк клеткасынын цитоплазмасындагы же бир клеткалуу организмдердеги суюктук же туздардын кристаллдары, эрибеген белоктор толгон көӊдөйчөлөр. Ал ''эндоплазма торчосунун'' негизинде пайда болуп, сыртынан липопротеин кабыкча – мембрана менен капталган. Бир катар көп клеткалуу омурткасыздарда (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, кээ бир моллюскалар) жана айрым бир клеткалууларда (жөнөкөйлөр) азык сиӊиргич вакуолдор болот. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда тамак сиӊиргич вакуолдор өзгөчө клетка – ''фагоциттерде'' жайгашат. Башка клеткалардын вакуолдорунда туз, фермент жана зат алмашуунун калдыктары болот. Көптөгөн бир клеткалуу организмдердеги жыйрылгыч вакуолдор негизинен осмос басымын жөнгө салуу жана бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Өсүмдүк вакуолдоруна түссүз же түстүү клетка ширеси (пигменттер) толуп, анда эриген заттар жана кээде белоктор клеткада осмосту жана тургорду камсыз кылат. Көпчүлүк сууда жашоочу фототроптуу жана хемотроптуу бактерияларда газ вакуолдор болот. Өтө жаш клеткада вакуолдор болбойт, болсо да байкалбайт, ал эми клетка өскөн сайын алар чоӊоёт жана клетканын түрдүү жеринде жаралып, акырында бир ири вакуолдорду түзөт. Вакуолдор клеткада суу – туз алмашууну, тургор басымын бир калыпта кармоо, зат алмашуунун уу заттарын бөлүп чыгаруу ж. б. функцияларды аткарат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:33, 18 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы

ВАКУОЛДОР (фр. vacuole, лат. vacuus – боштук) – жаныбар жана өсүмдүк клеткасынын цитоплазмасындагы же бир клеткалуу организмдердеги суюктук же туздардын кристаллдары, эрибеген белоктор толгон көӊдөйчөлөр. Ал эндоплазма торчосунун негизинде пайда болуп, сыртынан липопротеин кабыкча – мембрана менен капталган. Бир катар көп клеткалуу омурткасыздарда (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, кээ бир моллюскалар) жана айрым бир клеткалууларда (жөнөкөйлөр) азык сиӊиргич вакуолдор болот. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда тамак сиӊиргич вакуолдор өзгөчө клетка – фагоциттерде жайгашат. Башка клеткалардын вакуолдорунда туз, фермент жана зат алмашуунун калдыктары болот. Көптөгөн бир клеткалуу организмдердеги жыйрылгыч вакуолдор негизинен осмос басымын жөнгө салуу жана бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Өсүмдүк вакуолдоруна түссүз же түстүү клетка ширеси (пигменттер) толуп, анда эриген заттар жана кээде белоктор клеткада осмосту жана тургорду камсыз кылат. Көпчүлүк сууда жашоочу фототроптуу жана хемотроптуу бактерияларда газ вакуолдор болот. Өтө жаш клеткада вакуолдор болбойт, болсо да байкалбайт, ал эми клетка өскөн сайын алар чоӊоёт жана клетканын түрдүү жеринде жаралып, акырында бир ири вакуолдорду түзөт. Вакуолдор клеткада суу – туз алмашууну, тургор басымын бир калыпта кармоо, зат алмашуунун уу заттарын бөлүп чыгаруу ж. б. функцияларды аткарат.