БЮДЖЕТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БЮДЖЕ́Т ''' (англ. budget) – мамлекет‚ башкаруунун жерг. органдары‚ ''ишканалар‚'' мекемелер‚ үй-бүлө же айрым адамдар үчүн белгилүү мезгилге (жыл‚ квартал‚ ай) түзүлүүчү ''кирешелердин'' (түшүүлөр) ж-а ''чыгымдардын'' (пайдалануу) жазылышы. Б-тин киреше ж-а чыгым бөлүмдөрүндө каражаттардын түшүү ж-а чыгымдоо булактарынын көрсөткүчтөрү камтылат. Эгер чыгым кирешеден көп болсо‚ анда ''баланс тартыштыкка'' айланат. Киреше чыгымдан ашса‚ оӊ калдыкты пайда кылат. Мамл. Б. мамл. кирешелеринин ж-а чыгымдарынын бийлик органдары тарабынан иштеп чыгылуучу ж-а жөнгө салынуучу балансыланган сметасы; мыйзамдык күчкө ээ. Мамл. Б-тин киреше бөлүгү негизинен салыктан, бажы салыгынан ж-а заёмдордон түзүлөт. Кырг-нда мамл. Б-тин жылдык пландоо системасы пайдаланылат.
'''БЮДЖЕ́Т ''' (англ. budget) – мамлекет‚ башкаруунун жергиликтүү органдары‚ ''ишканалар‚'' мекемелер‚ үй-бүлө же айрым адамдар үчүн белгилүү мезгилге (жыл‚ квартал‚ ай) түзүлүүчү ''кирешелердин'' (түшүүлөр) жана ''чыгымдардын'' (пайдалануу) жазылышы. Бюджеттин киреше жана чыгым бөлүмдөрүндө каражаттардын түшүү жана чыгымдоо булактарынын көрсөткүчтөрү камтылат. Эгер чыгым кирешеден көп болсо‚ анда ''баланс тартыштыкка'' айланат. Киреше чыгымдан ашса‚ оӊ калдыкты пайда кылат. Мамлекеттик Бюджет мамлекеттин кирешелеринин жана чыгымдарынын бийлик органдары тарабынан иштеп чыгылуучу жана жөнгө салынуучу балансыланган сметасы; мыйзамдык күчкө ээ. Мамлекеттик Бюджеттин киреше бөлүгү негизинен салыктан, бажы салыгынан жана заёмдордон түзүлөт. Кыргызстанда мамлекеттик Бюджеттин жылдык пландоо системасы пайдаланылат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:12, 17 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БЮДЖЕ́Т (англ. budget) – мамлекет‚ башкаруунун жергиликтүү органдары‚ ишканалар‚ мекемелер‚ үй-бүлө же айрым адамдар үчүн белгилүү мезгилге (жыл‚ квартал‚ ай) түзүлүүчү кирешелердин (түшүүлөр) жана чыгымдардын (пайдалануу) жазылышы. Бюджеттин киреше жана чыгым бөлүмдөрүндө каражаттардын түшүү жана чыгымдоо булактарынын көрсөткүчтөрү камтылат. Эгер чыгым кирешеден көп болсо‚ анда баланс тартыштыкка айланат. Киреше чыгымдан ашса‚ оӊ калдыкты пайда кылат. Мамлекеттик Бюджет – мамлекеттин кирешелеринин жана чыгымдарынын бийлик органдары тарабынан иштеп чыгылуучу жана жөнгө салынуучу балансыланган сметасы; мыйзамдык күчкө ээ. Мамлекеттик Бюджеттин киреше бөлүгү негизинен салыктан, бажы салыгынан жана заёмдордон түзүлөт. Кыргызстанда мамлекеттик Бюджеттин жылдык пландоо системасы пайдаланылат.