БООЗ МАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БООЗ МАЛ ''' – тубар малдын уруктангандан төлдөгөнгө чейинки физиол. абалы. Б. м-дын түрүнө жараша бооздук мөөнөтү ар кандай болот. Мис., уйдун бооз абалы орто эсеп м-н 270–300 күнгө созулуп, жетилген музоонун туулушу м-н аяктайт. Кой козусун 150 күн, бооз бээ кулунун 11 айга чейин (же ашырып) көтөрүп тууйт. Мегежиндин бооз абалы 110–120 күнгө созулат ж-а торопойдун туулушу м-н бүтөт. Коён бөжөгүн 30 күн көтөрөт. Б. м. толук баалуу, сапаттуу, микро- ж-а макроэлементтер, витаминдер м-н нормалдаштырылган рацион б-ча тоюттандырылат. Бооз абалдын мөөнөтүнө жараша тоюттун түрү (сенаж, силос ж-а чөп) ж-а алардын рациондогу катнашы өзгөрүшү мүмкүн. Туутка жакын калганда (1 жумадан 10 күнгө) Б. м. өзүнчө туут бөлмөсүндө багылат.
'''БООЗ МАЛ ''' – тубар малдын уруктангандан төлдөгөнгө чейинки физиологиялык абалы. Бооз малдын түрүнө жараша бооздук мөөнөтү ар кандай болот. Мисалы, уйдун бооз абалы орто эсеп менен 270–300 күнгө созулуп, жетилген музоонун туулушу менен аяктайт. Кой козусун 150 күн, бооз бээ кулунун 11 айга чейин (же ашырып) көтөрүп тууйт. Мегежиндин бооз абалы 110–120 күнгө созулат жана торопойдун туулушу менен бүтөт. Коён бөжөгүн 30 күн көтөрөт. Бооз мал толук баалуу, сапаттуу, микро- жана макроэлементтер, витаминдер менен нормалдаштырылган рацион боюнча тоюттандырылат. Бооз абалдын мөөнөтүнө жараша тоюттун түрү (сенаж, силос жана чөп) жана алардын рациондогу катнашы өзгөрүшү мүмкүн. Туутка жакын калганда (1 жумадан 10 күнгө) бооз мал өзүнчө туут бөлмөсүндө багылат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:01, 30 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БООЗ МАЛ – тубар малдын уруктангандан төлдөгөнгө чейинки физиологиялык абалы. Бооз малдын түрүнө жараша бооздук мөөнөтү ар кандай болот. Мисалы, уйдун бооз абалы орто эсеп менен 270–300 күнгө созулуп, жетилген музоонун туулушу менен аяктайт. Кой козусун 150 күн, бооз бээ кулунун 11 айга чейин (же ашырып) көтөрүп тууйт. Мегежиндин бооз абалы 110–120 күнгө созулат жана торопойдун туулушу менен бүтөт. Коён бөжөгүн 30 күн көтөрөт. Бооз мал толук баалуу, сапаттуу, микро- жана макроэлементтер, витаминдер менен нормалдаштырылган рацион боюнча тоюттандырылат. Бооз абалдын мөөнөтүнө жараша тоюттун түрү (сенаж, силос жана чөп) жана алардын рациондогу катнашы өзгөрүшү мүмкүн. Туутка жакын калганда (1 жумадан 10 күнгө) бооз мал өзүнчө туут бөлмөсүндө багылат.