БОРБОРДУК АМЕРИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БОРБОРДУК АМЕ́РИКА ''' – Түн. Америка материгинин эӊ түш. четки бөлүгү. Тропиктик кеӊдиктен орун алган. Анда Мексика (түш.-чыгыш бөлүгү), Белиз, Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никарагуа, Панама ж-а Сальвадор мамлекеттери жайгашкан. Б. А-нын табигый түн. чеги Мексика тайпак тоосунун түш. четиндеги Бальсас тектон. өрөөнү, түштүгү Дарьен мойногу б-ча өтөт. Кээде түн. чеги Теуантепек мойногу, түш. чеги Панама мойногу аркылуу жүргүзүлөт. Туурасы Юкатан жарым аралы тушта 960 ''км'', Панама мойногунда 48 ''км''ге чейин. Б. А. Түн. Америка м-н Түш. Американын аралыгында жайгашкандыктан, табигый шартында эки материктин теӊ таасири бар. Тектон. жактан эки материк м-н теӊ байланышта, климаты, флора ж-а фаунасы б-ча көбүнчө Түш. Американын түн. аймактарына окшош. Орто бийик тоолор ж-а жанар тоонун аракетинен пайда болгон кырка тоолор басымдуу. Катуу жер титирөөлөр болот, аракеттеги жанар тоолору (Тахумулько, бийикт. 4217 ''м'' ж. б.) бар. Климаты тропиктик, жылына 3000–5000 ''мм''ге чейин жаан-чачын жаайт. Түн.-чыгышын нымдуу тропик токою, түш.-батышын ж-а түндүгүн жалбырагын күбүүчү токой ж-а бадал өсүмдүктөр ээлейт.
'''БОРБОРДУК АМЕ́РИКА ''' – Түндүк Америка материгинин эӊ түштүк четки бөлүгү. Тропиктик кеӊдиктен орун алган. Анда Мексика (түштүк-чыгыш бөлүгү), Белиз, Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никарагуа, Панама жана Сальвадор мамлекеттери жайгашкан. Борбордук Американын табигый түндүк чеги Мексика тайпак тоосунун түштүк четиндеги Бальсас тектоникалык өрөөнү, түштүгү Дарьен мойногу боюнча өтөт. Кээде түндүк чеги Теуантепек мойногу, түштүк чеги Панама мойногу аркылуу жүргүзүлөт. Туурасы Юкатан жарым аралы тушта 960 ''км'', Панама мойногунда 48 ''км''ге чейин. Борбордук Америка Түндүк Америка менен Түштүк Американын аралыгында жайгашкандыктан, табигый шартында эки материктин теӊ таасири бар. Тектоникалык жактан эки материк менен теӊ байланышта, климаты, флора жана фаунасы боюнча көбүнчө Түштүк Американын түндүк аймактарына окшош. Орто бийик тоолор жана жанар тоонун аракетинен пайда болгон кырка тоолор басымдуу. Катуу жер титирөөлөр болот, аракеттеги жанар тоолору (Тахумулько, бийиктиги 4217 ''м'' ж. б.) бар. Климаты тропиктик, жылына 3000–5000 ''мм''ге чейин жаан-чачын жаайт. Түндүк-чыгышын нымдуу тропик токою, түштүк-батышын жана түндүгүн жалбырагын күбүүчү токой жана бадал өсүмдүктөр ээлейт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:51, 26 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БОРБОРДУК АМЕ́РИКА – Түндүк Америка материгинин эӊ түштүк четки бөлүгү. Тропиктик кеӊдиктен орун алган. Анда Мексика (түштүк-чыгыш бөлүгү), Белиз, Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никарагуа, Панама жана Сальвадор мамлекеттери жайгашкан. Борбордук Американын табигый түндүк чеги Мексика тайпак тоосунун түштүк четиндеги Бальсас тектоникалык өрөөнү, түштүгү Дарьен мойногу боюнча өтөт. Кээде түндүк чеги Теуантепек мойногу, түштүк чеги Панама мойногу аркылуу жүргүзүлөт. Туурасы Юкатан жарым аралы тушта 960 км, Панама мойногунда 48 кмге чейин. Борбордук Америка Түндүк Америка менен Түштүк Американын аралыгында жайгашкандыктан, табигый шартында эки материктин теӊ таасири бар. Тектоникалык жактан эки материк менен теӊ байланышта, климаты, флора жана фаунасы боюнча көбүнчө Түштүк Американын түндүк аймактарына окшош. Орто бийик тоолор жана жанар тоонун аракетинен пайда болгон кырка тоолор басымдуу. Катуу жер титирөөлөр болот, аракеттеги жанар тоолору (Тахумулько, бийиктиги 4217 м ж. б.) бар. Климаты тропиктик, жылына 3000–5000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Түндүк-чыгышын нымдуу тропик токою, түштүк-батышын жана түндүгүн жалбырагын күбүүчү токой жана бадал өсүмдүктөр ээлейт.