БОРОЛДОЙ АКИТАШ ТЕГИ КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОРОЛДОЙ АКИТАШ ТЕГИ КЕНИ ''' Чүй | '''БОРОЛДОЙ АКИТАШ ТЕГИ КЕНИ ''' Чүй облусунун Кемин районунда, Боролдой кыштагынан 15 ''км'' түндүк тарапта, Кастек тоосунун түштүк-чыгыш капталында, деӊиз деӊгээлинен 1900–2000 ''м'' бийиктикте. Кен 1939-жылдан белгилүү, 1950–54-жылдары «Средазгеолнеруд» трести геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзгөн. Кен таш көмүр мезгилинин ортосунда пайда болгон агыш жана боз түстүү мраморлошкон акиташ тегинен түзүлгөн. Ал гранит интрузиясынын арасында жатат. Пайдалуу катмарлардын калыӊдыгы 95 ''м''ге жетип, анын тилкеси 350 ''м''. Химиялык курамындагы акиташ теги бардык жерде бирдей: СаСО<sub>3</sub>–94–99%, чополуу кошундулар – 0,12–4,38%. 1 ''кг'' акиден 2,5 ''л'' эринди чыгат. Акиташтын чылануу ылдамдыгы 13 минута, температурасы 54°С. Акиташ тегинен 1-сорттогу акиташ алууга болот. Кенди 1959-жылдан Желаргы акиташ заводу карьер түрүндө казып алууда. 1996-жылга карата запасы 652 миӊ т. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:07, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БОРОЛДОЙ АКИТАШ ТЕГИ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Боролдой кыштагынан 15 км түндүк тарапта, Кастек тоосунун түштүк-чыгыш капталында, деӊиз деӊгээлинен 1900–2000 м бийиктикте. Кен 1939-жылдан белгилүү, 1950–54-жылдары «Средазгеолнеруд» трести геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзгөн. Кен таш көмүр мезгилинин ортосунда пайда болгон агыш жана боз түстүү мраморлошкон акиташ тегинен түзүлгөн. Ал гранит интрузиясынын арасында жатат. Пайдалуу катмарлардын калыӊдыгы 95 мге жетип, анын тилкеси 350 м. Химиялык курамындагы акиташ теги бардык жерде бирдей: СаСО3–94–99%, чополуу кошундулар – 0,12–4,38%. 1 кг акиден 2,5 л эринди чыгат. Акиташтын чылануу ылдамдыгы 13 минута, температурасы 54°С. Акиташ тегинен 1-сорттогу акиташ алууга болот. Кенди 1959-жылдан Желаргы акиташ заводу карьер түрүндө казып алууда. 1996-жылга карата запасы 652 миӊ т.