БОРОМБАЙ Меӊмурат уулу: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БОРОМБАЙ ''' Меӊмурат уулу (1789–90-ж. чен – 1858) – Ысык-Көл кылаасын жердеген бугу уруусунун ири манаптарынын бири; белек уругунан. 1843-ж. Жууку суусунун боюнда Кызыл-Үӊкүр деген жерде чеп (коргон) курдурган. Коргондун ичине 10дон ашуун боз үй тигилчү. 1844-жылдан өз уруусунун атынан Россияга букаралыкка алуу өтүнүчү м-н Батыш Сибирь генерал-губернаторлугуна татар соодагерлери аркылуу кат м-н кайрылган (1844, 1848, 1853–55). Анын элчилери 1855-ж. 17-январда Омск ш-нда Россияга өтүү антын кармашкан. Б. орус армиясынын подполковниги чинин алып, бугу уруусунун чоӊ манабы катары таанылган. ''Бугу менен сарыбагыш урууларынын чабышы'' маалында анын эл-журту Текести көздөй көчүп, орус бийликтерине кайрылган. Ич ара жаӊжалды тынчытууда Б-дын өтүнүчү м-н келген орус аскерлеринин чакан кошуунунун чоӊ жардамы тийген. Элдин
'''БОРОМБАЙ Меӊмурат уулу''' (1778–1780-жылдар чен–1858) – [[бугу уруусу]]нун билерманы, белек уругунан. [[Кыргыз санжырасы]]нда Белектин уулу Алдаштан Меңмурат, Шапак, Тазабек, Кудайменде, Бирназар, Түкөк аттуу алты уулу болгону айтылат. Документалдуу маалыматтарда Бурамбай, Буромбай, Бурумбай, Буранбай Бекмуратов (Бек-Муратов) түрүндө кезигет. Жазма маалыматтарда алгач 1839-жылы эскерилет. Анда [[Кашкар]]га каттаган маанилүү кербен жолунда жайгашып, мурунтан бери орус бийлигин кабыл алууга өтүнүч кылып жүргөн бугу уруусун Боромбай бийлеп турганы, аларды колго алуу өтө маанилүү экени белгиленген. Ал үчүн [[татар]] улутундагы Файзулла Ногоев менен Мухаммед-Галим Тагиров аттуу [[молдо]]лор жиберилген. [[Цин]] [[император]]у (1820–1850) Даогуан тарабынан ага 1849-жылы 3-баскычтагы кызыл шарик ([[отого диңсе]]) менен белгиленген княздык (ван) наам ыйгарылган жана жылына 10 [[жамбы]] маяна каралган. Файзулла Ногоев 1858-жылга чейин Боромбайдын кеңешчиси катары кызмат кылган. Боромбай алгач 1844-жылы август айында Петербургга атайын өкүлчүлүк аттандырууга уруксат сурап, өз атынан Омск чебиндеги орус бийлигине кайрылган. Жазган катында [[Цин империясы]] (1644–1912) жана кокондуктардан (кара: [[Кокон хандыгы]]) катуу жабыр тартып жатканын, ошондуктан орус императорунун букарасы болууга ниетин билдирген. Бирок кыргыздар жашаган жердин миң чакырымдай алыстыгына байланыштуу анын өтүнүчүн аткаруу мүмкүн болбогондуктан, кийинки жылы [[Батыш Сибир]]дин генерал-губернатору (1836–1850) П. Д. Горчаков орус өкмөтүнө кылган адал кызматын баалап, белекке алтын жип менен кооздолгон чепкен берип жиберген. 1848-жылы кол алдындагы 10 миң түтүн бугу, ошондой эле кошуна жайгашкан бир нече миң [[солто]], [[саяк]] уруулары орус бийлигин кабыл алууга даяр экендигин, бул жерге шаар (чеп) куруу жана өзүнчө диван (округ) ачуу өтүнүчү менен [[Качыбек Шераалы уулу]]н кайрадан Омск чебине аттандырган. Орус өкмөтү анын бул сунушун колдоп, келечекте аткарыла турганын белгилеген жана Боромбайга кымбат белектерди жиберип, элчисин артка узаткан. 1853-жылы сентябрь айында бир нече бийлер менен бирге мурунку өтүнүчүн кайталап, Батыш Сибирдин генерал-губернатору (1850–1861) Г.Х. Гасфордко кайрылган, бирок терс жооп алган. Кийинчерээк Г. Гасфорд жалгыз Россия империясы менен гана мамиле түзүп, орус өкмөтүнө караштуу [[казактар]]дын (Чоң ордо) тынчын албай, кербендерди коштоп, кайтарууга алышса, орус бийлигинин букаралагына  кабыл алууга макулдугун билдирген. 1854-жылы 26-сентябрда Омск чебине келген Качыбек бир нече жолку сүйлөшүүлөрдөн кийин, 1855-жылы 17-январда бугу уруусунун атынан [[Россия империясы]]нын букаралагына өткөнү тууралуу ыйык ''куран'' кармап, салтанат менен ант берген. Ушул эле күнү орус өкмөтү тарабынан Боромбай бугу уруусунун башкы (ага) [[манап]]тыгына бекитилип, орус армиясынын [[подполковник]] чени ыйгарылган жана күмүш акча менен жылына 343 [[рубль]] чегерилген. Бугу уруусу минтип, башка уруулардан бөлүнүп, орус падышасынын букаралагын кабыл алышы кыргыз урууларынын, өзгөчө бугу менен [[сарыбагыш]] уруулар ортосундагы мамиленин кескин бузулушуна алып келген (кара: [[Бугу жана сарыбагыш урууларынын чабышы]]). Орус падышасынан башка бийликке өзүн көз карандысыз деп эсептеген Боромбай 1855-жылы март-апрель айында бугу жана сарыбагыш урууларынын ортосунда чыккан чатакта [[Ормон хан]]дын жарат алышына тоскоол боло алган эмес. Натыйжада жарат алган Ормон бугулардын колуна түшүп, көп узабай каза болгон. Ушул учурларда [[Ысык-Көл өрөөнү]]нө келген Чоң ордонун приставы М. Хоментовский, орус аскер кызматчысы Ч. [[Валиханов]], саякатчы П. [[Семенов-Тянь-Шанский]]лер 1856–1858-жылдары Боромбайдын өзүнө жолугуп, сый конок болушкан жана бир нече жолу көзмө-көз баарлашкан.<br/>
<br/>
[[File:БОРОМБАЙ 118.png | thumb | none]]Ушул жерден Ч. Валиханов анын портретин тартып алса, П. Семенов Боромбайдын сексен жашты чамалап калганын жана анын Алма, Меке деген аялдарын; Жүзүм, Мейиз ж.б. 4 кызын; Кылыч, Өмүрзак, Түркмөн, Канай деген уулдары тууралуу эскерип кеткен. Ч. Валихановдун маалыматы боюнча Боромбай 1858-жылдын баш чендеринде көз жумган. Замандаштары калтырган көптөгөн көрсөтмө-билдирүүлөр жана көп сандагы [[фольклор]]дук материалдар аркылуу Боромбайдын саясий ишмердүүлүгүнө бир беткей мүнөздөмө берүү мүмкүн эмес. Ч. Валиханов аны акылман катары бааласа, генерал-губернатор Г. Гасфорд менен М. Хоментовский терс жактарын баса көрсөтүшөт. Боромбайга байланыштуу оозеки адабияттагы айрым маалыматтар документалдуу фактыларга дал келбей, аларда ойдон чыгарылган ар кыл жана бири-биринен кескин айырмаланган окуялар көп жолугат.
[[File:БОРОМБАЙ 118.png | thumb | none]]
 
турмушун оӊдоо үчүн калкын эгин эгип, жер-жемиш өстүрүп, бак-дарак тигүүгө үндөгөн. Жерлерин кашаа м-н тостуруп, арык каздырып, суу чыгартып, эгин эктирген, алма, өрүк, алмурут ж. б. тиктирген. Анын демилгеси м-н Көлдүн тескейиндеги өзөн, сууларга суу тегирмендери курулган. Анын П. П. Семёнов-Тян-Шанскийге да көмөк көрсөткөнү маалым. 1856-ж. Чокон Валиханов Б-дын айлында жүрүп, баалуу маалыматтарды жыйнаган ж-а портретин карандаш м-н тартып алган.  
Ад.: Абдыракманов Ы. Кыргыздардын келип чыгышы. /КР Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фонду. Инв. №116 (319); Семенов-Тян-Шанский П. П. Мемуары. Т. 2. /Путешествие в Тянь-Шань в 1856–1857 годах. М., 1946; Джамгерчинов Б. Присоединение Киргизии к России, М., 1959; Ошонуку эле. Очерки политической истории Киргизии XIX века, Ф., 1966; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. в пяти томах. Т. 3. А.-А., 1985; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993. Т. 1-2; Үсөйүн ажы. Кыргыз санжырасы. /Ала-Тоо журналынын редакциясы, 1994; Боотаева Б. Кыргызы между Кокандом, Китаем и Россией. Б., 1995; Ормон хан илимий эмгектерде жана архивдик материалдарда. Б., 2002; Махаева А. Ш. Қазақ-қырғыз саяси байланыстарының тарихы (ХVІІІ ғасырдың екінші жартысы – ХХ ғасырдың бас кезі). А., 2007;  Сапаралиев Д. Боронбай Бекмурат уулу жана ал мезгилдеги урунттуу учурлар. /Жаңы Ала-Тоо 2013, 7 (51); Кененсариев Т. Кыргызстан XIX кылымдын ортосунда: геосаясат, эл тагдыры, Боромбай (Улуу инсандын 225 жылдыгына карата), /Мурас. 26.02.2015.  
<br/>''Т. Өмүрбеков.''
 
''Т. Өмүрбеков.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:12, 23 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

БОРОМБАЙ Меӊмурат уулу (1778–1780-жылдар чен–1858) – бугу уруусунун билерманы, белек уругунан. Кыргыз санжырасында Белектин уулу Алдаштан Меңмурат, Шапак, Тазабек, Кудайменде, Бирназар, Түкөк аттуу алты уулу болгону айтылат. Документалдуу маалыматтарда Бурамбай, Буромбай, Бурумбай, Буранбай Бекмуратов (Бек-Муратов) түрүндө кезигет. Жазма маалыматтарда алгач 1839-жылы эскерилет. Анда Кашкарга каттаган маанилүү кербен жолунда жайгашып, мурунтан бери орус бийлигин кабыл алууга өтүнүч кылып жүргөн бугу уруусун Боромбай бийлеп турганы, аларды колго алуу өтө маанилүү экени белгиленген. Ал үчүн татар улутундагы Файзулла Ногоев менен Мухаммед-Галим Тагиров аттуу молдолор жиберилген. Цин императору (1820–1850) Даогуан тарабынан ага 1849-жылы 3-баскычтагы кызыл шарик (отого диңсе) менен белгиленген княздык (ван) наам ыйгарылган жана жылына 10 жамбы маяна каралган. Файзулла Ногоев 1858-жылга чейин Боромбайдын кеңешчиси катары кызмат кылган. Боромбай алгач 1844-жылы август айында Петербургга атайын өкүлчүлүк аттандырууга уруксат сурап, өз атынан Омск чебиндеги орус бийлигине кайрылган. Жазган катында Цин империясы (1644–1912) жана кокондуктардан (кара: Кокон хандыгы) катуу жабыр тартып жатканын, ошондуктан орус императорунун букарасы болууга ниетин билдирген. Бирок кыргыздар жашаган жердин миң чакырымдай алыстыгына байланыштуу анын өтүнүчүн аткаруу мүмкүн болбогондуктан, кийинки жылы Батыш Сибирдин генерал-губернатору (1836–1850) П. Д. Горчаков орус өкмөтүнө кылган адал кызматын баалап, белекке алтын жип менен кооздолгон чепкен берип жиберген. 1848-жылы кол алдындагы 10 миң түтүн бугу, ошондой эле кошуна жайгашкан бир нече миң солто, саяк уруулары орус бийлигин кабыл алууга даяр экендигин, бул жерге шаар (чеп) куруу жана өзүнчө диван (округ) ачуу өтүнүчү менен Качыбек Шераалы уулун кайрадан Омск чебине аттандырган. Орус өкмөтү анын бул сунушун колдоп, келечекте аткарыла турганын белгилеген жана Боромбайга кымбат белектерди жиберип, элчисин артка узаткан. 1853-жылы сентябрь айында бир нече бийлер менен бирге мурунку өтүнүчүн кайталап, Батыш Сибирдин генерал-губернатору (1850–1861) Г.Х. Гасфордко кайрылган, бирок терс жооп алган. Кийинчерээк Г. Гасфорд жалгыз Россия империясы менен гана мамиле түзүп, орус өкмөтүнө караштуу казактардын (Чоң ордо) тынчын албай, кербендерди коштоп, кайтарууга алышса, орус бийлигинин букаралагына  кабыл алууга макулдугун билдирген. 1854-жылы 26-сентябрда Омск чебине келген Качыбек бир нече жолку сүйлөшүүлөрдөн кийин, 1855-жылы 17-январда бугу уруусунун атынан Россия империясынын букаралагына өткөнү тууралуу ыйык куран кармап, салтанат менен ант берген. Ушул эле күнү орус өкмөтү тарабынан Боромбай бугу уруусунун башкы (ага) манаптыгына бекитилип, орус армиясынын подполковник чени ыйгарылган жана күмүш акча менен жылына 343 рубль чегерилген. Бугу уруусу минтип, башка уруулардан бөлүнүп, орус падышасынын букаралагын кабыл алышы кыргыз урууларынын, өзгөчө бугу менен сарыбагыш уруулар ортосундагы мамиленин кескин бузулушуна алып келген (кара: Бугу жана сарыбагыш урууларынын чабышы). Орус падышасынан башка бийликке өзүн көз карандысыз деп эсептеген Боромбай 1855-жылы март-апрель айында бугу жана сарыбагыш урууларынын ортосунда чыккан чатакта Ормон хандын жарат алышына тоскоол боло алган эмес. Натыйжада жарат алган Ормон бугулардын колуна түшүп, көп узабай каза болгон. Ушул учурларда Ысык-Көл өрөөнүнө келген Чоң ордонун приставы М. Хоментовский, орус аскер кызматчысы Ч. Валиханов, саякатчы П. Семенов-Тянь-Шанскийлер 1856–1858-жылдары Боромбайдын өзүнө жолугуп, сый конок болушкан жана бир нече жолу көзмө-көз баарлашкан.

Ушул жерден Ч. Валиханов анын портретин тартып алса, П. Семенов Боромбайдын сексен жашты чамалап калганын жана анын Алма, Меке деген аялдарын; Жүзүм, Мейиз ж.б. 4 кызын; Кылыч, Өмүрзак, Түркмөн, Канай деген уулдары тууралуу эскерип кеткен. Ч. Валихановдун маалыматы боюнча Боромбай 1858-жылдын баш чендеринде көз жумган. Замандаштары калтырган көптөгөн көрсөтмө-билдирүүлөр жана көп сандагы фольклордук материалдар аркылуу Боромбайдын саясий ишмердүүлүгүнө бир беткей мүнөздөмө берүү мүмкүн эмес. Ч. Валиханов аны акылман катары бааласа, генерал-губернатор Г. Гасфорд менен М. Хоментовский терс жактарын баса көрсөтүшөт. Боромбайга байланыштуу оозеки адабияттагы айрым маалыматтар документалдуу фактыларга дал келбей, аларда ойдон чыгарылган ар кыл жана бири-биринен кескин айырмаланган окуялар көп жолугат.

Ад.: Абдыракманов Ы. Кыргыздардын келип чыгышы. /КР Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фонду. Инв. №116 (319); Семенов-Тян-Шанский П. П. Мемуары. Т. 2. /Путешествие в Тянь-Шань в 1856–1857 годах. М., 1946; Джамгерчинов Б. Присоединение Киргизии к России, М., 1959; Ошонуку эле. Очерки политической истории Киргизии XIX века, Ф., 1966; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. в пяти томах. Т. 3. А.-А., 1985; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993. Т. 1-2; Үсөйүн ажы. Кыргыз санжырасы. /Ала-Тоо журналынын редакциясы, 1994; Боотаева Б. Кыргызы между Кокандом, Китаем и Россией. Б., 1995; Ормон хан илимий эмгектерде жана архивдик материалдарда. Б., 2002; Махаева А. Ш. Қазақ-қырғыз саяси байланыстарының тарихы (ХVІІІ ғасырдың екінші жартысы – ХХ ғасырдың бас кезі). А., 2007;  Сапаралиев Д. Боронбай Бекмурат уулу жана ал мезгилдеги урунттуу учурлар. /Жаңы Ала-Тоо 2013, 7 (51); Кененсариев Т. Кыргызстан XIX кылымдын ортосунда: геосаясат, эл тагдыры, Боромбай (Улуу инсандын 225 жылдыгына карата), /Мурас. 26.02.2015.

Т. Өмүрбеков.