БОСОГО (боз үйдүн эшиги): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БОСОГО ''' – ''боз үйдүн'' эшиги. Боз үйдүн эшигинин эки жан-жагында жазылыгы 8–15 ''см'', калыӊдыгы 4–6 ''см'', бийикт. кереге бою эки Б. таягы болот. Алардын төмөнкү учу аяк Б-нун четиндеги төрт чарчы көзөнөгүнө, жогорку учу баш Б-нун тешигине ашталат. Аяк Б. м-н баш Б-нун уз. 1 ''м'' чамалуу, калыӊдыгы 6–8 ''см'', эни босого таяк м-н бирдей. Баш Б-нун так ортосунун үстүрөөк жагында эшик боо байланчу көзөнөгү болот. Боз үйдүн ичин көздөй эки жакка ачылчу, эки кичинекей каалгалары бар. Алардын баш-аяккы четтериндеги уз. 5–6 ''см'' келген ашык-машыктын милдетин аткаруучу жумуру казыкчалары баш Б. м-н аяк Б-нун ич жагынын эки четиндеги жазылыгы 4–6 ''см'', уз. 8–12 ''см'' келген курбучадагы тегерек тешиктерге киргизилет. Каалгасы жок боз үйдүн эргилчеги болот. Б-нун бардык бөлүктөрү оймо, чийме м-н кооздолуп, түрдүү түстөгү боёк жошо м-н боёлот, к. ''Боз үй.''
'''БОСОГО ''' – ''боз үйдүн'' эшиги. Боз үйдүн эшигинин эки жан-жагында жазылыгы 8–15 ''см'', калыӊдыгы 4–6 ''см'', бийиктиги кереге бою эки босого таягы болот. Алардын төмөнкү учу аяк босогонун четиндеги төрт чарчы көзөнөгүнө, жогорку учу баш босогонун тешигине ашталат. Аяк босого менен баш босогонун узундугу 1 ''метр'' чамалуу, калыӊдыгы 6–8 ''см'', эни босого таяк менен бирдей. Баш Босогонун так ортосунун үстүрөөк жагында эшик боо байланчу көзөнөгү болот. Боз үйдүн ичин көздөй эки жакка ачылчу, эки кичинекей каалгалары бар. Алардын баш-аяккы четтериндеги узундугу 5–6 ''см'' келген ашык-машыктын милдетин аткаруучу жумуру казыкчалары баш босого менен аяк босогонун ич жагынын эки четиндеги жазылыгы 4–6 ''см'', узундугу 8–12 ''см'' келген курбучадагы тегерек тешиктерге киргизилет. Каалгасы жок боз үйдүн эргилчеги болот. Босогонун бардык бөлүктөрү оймо, чийме менен кооздолуп, түрдүү түстөгү боёк жошо менен боёлот, к. ''Боз үй.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:57, 3 Декабрь (Бештин айы) 2024 -га соңку нускасы

БОСОГО боз үйдүн эшиги. Боз үйдүн эшигинин эки жан-жагында жазылыгы 8–15 см, калыӊдыгы 4–6 см, бийиктиги кереге бою эки босого таягы болот. Алардын төмөнкү учу аяк босогонун четиндеги төрт чарчы көзөнөгүнө, жогорку учу баш босогонун тешигине ашталат. Аяк босого менен баш босогонун узундугу 1 метр чамалуу, калыӊдыгы 6–8 см, эни босого таяк менен бирдей. Баш Босогонун так ортосунун үстүрөөк жагында эшик боо байланчу көзөнөгү болот. Боз үйдүн ичин көздөй эки жакка ачылчу, эки кичинекей каалгалары бар. Алардын баш-аяккы четтериндеги узундугу 5–6 см келген ашык-машыктын милдетин аткаруучу жумуру казыкчалары баш босого менен аяк босогонун ич жагынын эки четиндеги жазылыгы 4–6 см, узундугу 8–12 см келген курбучадагы тегерек тешиктерге киргизилет. Каалгасы жок боз үйдүн эргилчеги болот. Босогонун бардык бөлүктөрү оймо, чийме менен кооздолуп, түрдүү түстөгү боёк жошо менен боёлот, к. Боз үй.