БОТТИЧЕЛЛИ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОТТИЧЕ́ЛЛИ ''' Сандро (чын аты-жөнү – Алессандро ди Мариано Филипепи) (1445- | '''БОТТИЧЕ́ЛЛИ ''' '''Сандро''' (чын аты-жөнү – Алессандро ди Мариано Филипепи) (1445-жыл чен, Флоренция – 17. 5. 1510, ошол эле жер) – италиялык сүрөтчү. Алгачкы ''Кайра жаралуу'' доорунун өкүлү, Флоренция мектебинин ири живописчилеринен. Боттичеллинин алгачкы чыгармасы – «Сыйкырчылардын сыйынышы» (1475–1478, Флоренция, Уффици галереясы). Айрым чыгармаларында («Күч», 1470, Флоренциядагы Уффици галереясы; «Ыйык Себастьян», 1474, Берлин-Далемдеги сүрөт галереясы) сүрөтчүлөр А. Верроккью менен А. Поллайолонун таасири ачык байкалат. Диний жана мифологиялык темадагы чыгармалары («Жаз», 1477-78; «Венеранын төрөлүшү», 1484-ж. ч. – 85) жандуу поэзиясы жана кылдат колорити менен айырмаланат. Портретчи катары Боттичелли – курч мүнөз түзүүнүн, адамдын ички сезимдерин айкын ачуунун чебери болгон. 15-кылымдагы Италия искусствосунун эӊ сонун салттарына каныккан Боттичеллинин чыгармачылыгы ошол мезгилдеги Флоренциянын рухий турмушундагы карама-каршылыкты тереӊ чагылдырган.<br/> | ||
<br/> | |||
[[File:БОТТИЧЕЛЛИ38.png | thumb | <center>С. Боттичелли. «Венеранын төрөлүшү».</center>]] | [[File:БОТТИЧЕЛЛИ38.png | thumb | <center>С. Боттичелли. «Венеранын төрөлүшү».</center>]] | ||
''Ад.: Гращенков В''. Сандро Боттичелли. М., 1960. | ''Ад.: Гращенков В''. Сандро Боттичелли. М., 1960. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
12:06, 24 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы
БОТТИЧЕ́ЛЛИ Сандро (чын аты-жөнү – Алессандро ди Мариано Филипепи) (1445-жыл чен, Флоренция – 17. 5. 1510, ошол эле жер) – италиялык сүрөтчү. Алгачкы Кайра жаралуу доорунун өкүлү, Флоренция мектебинин ири живописчилеринен. Боттичеллинин алгачкы чыгармасы – «Сыйкырчылардын сыйынышы» (1475–1478, Флоренция, Уффици галереясы). Айрым чыгармаларында («Күч», 1470, Флоренциядагы Уффици галереясы; «Ыйык Себастьян», 1474, Берлин-Далемдеги сүрөт галереясы) сүрөтчүлөр А. Верроккью менен А. Поллайолонун таасири ачык байкалат. Диний жана мифологиялык темадагы чыгармалары («Жаз», 1477-78; «Венеранын төрөлүшү», 1484-ж. ч. – 85) жандуу поэзиясы жана кылдат колорити менен айырмаланат. Портретчи катары Боттичелли – курч мүнөз түзүүнүн, адамдын ички сезимдерин айкын ачуунун чебери болгон. 15-кылымдагы Италия искусствосунун эӊ сонун салттарына каныккан Боттичеллинин чыгармачылыгы ошол мезгилдеги Флоренциянын рухий турмушундагы карама-каршылыкты тереӊ чагылдырган.

Ад.: Гращенков В. Сандро Боттичелли. М., 1960.