БОТУЛИЗМ оорусу: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БОТУЛИ́ЗМ ''' (лат. botulus – колбаса) – ботулис микробу бөлүп чыгарган уудан (токсин) пайда болуучу, капысынан башталып, катуу кармаган оору. Б-дин козгогучтары жаратылышта кеӊири таралган ж-а анаэробдук шартта жашап, споралары айлана-чөйрөдө өтө чыдамдуу. Инфекциянын булагы – жаныбарлар. Алардын ичегисинде көбөйгөн бацилла заӊ м-н сыртка чыгып, айлана-чөйрөнү булгайт. Киши оорунун козгогучтары м-н булганган тамак-аш аркылуу (чала бышкан эт, балык, колбаса, ар түрдүү консерваланган тамак) жугузуп алат. Б-дин жашылча (бадыраӊ, кызылча, баклажан ж. б.), жер-жемиш, козу карын ж. б. өсүмдүктөрдөн үй шартында консерваланган азыктардан болгон түрү коркунучтуу. Себеби жылчыксыз жабылган идиштеги, таза жуулбаган ж-а жетишерлик кайнатылбаган өсүмдүктөгү козгогучтар анаэробдук шартта тез көбөйөт. Бул тамак-ашты жегенде кишилер ууланат. Уу ичегиге тез сиӊет, андан кан м-н бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системасын жабыркатат. Оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 2 сааттан 1 жумага чейин. Ал адатта булганган тамакты жегенден 12–24 сааттан кийин капыстан башталат. Оорулуу алсызданат, башы айланып ооруйт, денеси ысып, кусат, оозу ж-а эрини кургайт, суусайт, ичи өтөт же катат, уйкусу качат, нерв системасы жабыркагандыктан, парез ж-а паралич (шал) белгилери, көзгө кош көрүнүү байкалат. Көз жапкагы жабылып (птоз), карек чоӊоёт, аба жетпей деми кыстыгат, муунат, денеси көгөрүп, 2–3 сутканын ичинде өлүмгө учурашы мүмкүн. Б-деги алгачкы (экстрендик) жардам: ичеги-карынды клизма аркылуу тазалоо ж-а тезинен канга антитоксин (кан сары суусу) куюлат. Б-ди алдын алуу тамак-аш азыктарын даярдоодо, ташууда, сактоодо ж-а бышырууда санитария-гигиеналык эрежелерди, жашылчаларды, жер-жемиштерди үй шартында консервалоодо технол. талапты сактоо керек.
'''БОТУЛИ́ЗМ ''' (лат. botulus – колбаса) – ботулис микробу бөлүп чыгарган уудан (токсин) пайда болуучу, капысынан башталып, катуу кармаган оору. Ботулизмдин козгогучтары жаратылышта кеӊири таралган жана анаэробдук шартта жашап, споралары айлана-чөйрөдө өтө чыдамдуу. Инфекциянын булагы – жаныбарлар. Алардын ичегисинде көбөйгөн бацилла заӊ менен сыртка чыгып, айлана-чөйрөнү булгайт. Киши оорунун козгогучтары менен булганган тамак-аш аркылуу (чала бышкан эт, балык, колбаса, ар түрдүү консерваланган тамак) жугузуп алат. Ботулизмдин жашылча (бадыраӊ, кызылча, баклажан ж. б.), жер-жемиш, козу карын ж. б. өсүмдүктөрдөн үй шартында консерваланган азыктардан болгон түрү коркунучтуу. Себеби жылчыксыз жабылган идиштеги, таза жуулбаган жана жетишерлик кайнатылбаган өсүмдүктөгү козгогучтар анаэробдук шартта тез көбөйөт. Бул тамак-ашты жегенде кишилер ууланат. Уу ичегиге тез сиӊет, андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системасын жабыркатат. Оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 2 сааттан 1 жумага чейин. Ал адатта булганган тамакты жегенден 12–24 сааттан кийин капыстан башталат. Оорулуу алсызданат, башы айланып ооруйт, денеси ысып, кусат, оозу жана эрини кургайт, суусайт, ичи өтөт же катат, уйкусу качат, нерв системасы жабыркагандыктан, парез жана паралич (шал) белгилери, көзгө кош көрүнүү байкалат. Көз жапкагы жабылып (птоз), карек чоӊоёт, аба жетпей деми кыстыгат, муунат, денеси көгөрүп, 2–3 сутканын ичинде өлүмгө учурашы мүмкүн. Ботулизмдеги алгачкы (экстрендик) жардам: ичеги-карынды клизма аркылуу тазалоо жана тезинен канга антитоксин (кан сары суусу) куюлат. Ботулизмди алдын алуу тамак-аш азыктарын даярдоодо, ташууда, сактоодо жана бышырууда санитария-гигиеналык эрежелерди, жашылчаларды, жер-жемиштерди үй шартында консервалоодо технологиялык талапты сактоо керек.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:30, 6 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БОТУЛИ́ЗМ (лат. botulus – колбаса) – ботулис микробу бөлүп чыгарган уудан (токсин) пайда болуучу, капысынан башталып, катуу кармаган оору. Ботулизмдин козгогучтары жаратылышта кеӊири таралган жана анаэробдук шартта жашап, споралары айлана-чөйрөдө өтө чыдамдуу. Инфекциянын булагы – жаныбарлар. Алардын ичегисинде көбөйгөн бацилла заӊ менен сыртка чыгып, айлана-чөйрөнү булгайт. Киши оорунун козгогучтары менен булганган тамак-аш аркылуу (чала бышкан эт, балык, колбаса, ар түрдүү консерваланган тамак) жугузуп алат. Ботулизмдин жашылча (бадыраӊ, кызылча, баклажан ж. б.), жер-жемиш, козу карын ж. б. өсүмдүктөрдөн үй шартында консерваланган азыктардан болгон түрү коркунучтуу. Себеби жылчыксыз жабылган идиштеги, таза жуулбаган жана жетишерлик кайнатылбаган өсүмдүктөгү козгогучтар анаэробдук шартта тез көбөйөт. Бул тамак-ашты жегенде кишилер ууланат. Уу ичегиге тез сиӊет, андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системасын жабыркатат. Оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 2 сааттан 1 жумага чейин. Ал адатта булганган тамакты жегенден 12–24 сааттан кийин капыстан башталат. Оорулуу алсызданат, башы айланып ооруйт, денеси ысып, кусат, оозу жана эрини кургайт, суусайт, ичи өтөт же катат, уйкусу качат, нерв системасы жабыркагандыктан, парез жана паралич (шал) белгилери, көзгө кош көрүнүү байкалат. Көз жапкагы жабылып (птоз), карек чоӊоёт, аба жетпей деми кыстыгат, муунат, денеси көгөрүп, 2–3 сутканын ичинде өлүмгө учурашы мүмкүн. Ботулизмдеги алгачкы (экстрендик) жардам: ичеги-карынды клизма аркылуу тазалоо жана тезинен канга антитоксин (кан сары суусу) куюлат. Ботулизмди алдын алуу тамак-аш азыктарын даярдоодо, ташууда, сактоодо жана бышырууда санитария-гигиеналык эрежелерди, жашылчаларды, жер-жемиштерди үй шартында консервалоодо технологиялык талапты сактоо керек.