БӨЙРӨК-БУЛАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БӨЙРӨК-БУЛАК ''' – байыркы түрк тилинде рун алфавити м-н жазылган жазуулар табылган жер. Кочкор өрөөнүнүн түш.-чыгыш тарабындагы тоонун этегинде жайгашкан. Жазуунун бири колуна куш кондурган, калпак кийген атчан жоокердин сүрөтү, каркыра, аӊыр сымал куштардын ташка чегилген сүрөттөрү м-н коштолгон. Сүрөт композициясынын жалпы уз. 3,80 ''м''. Атчан жоокердин сүрөтүнүн бийикт. 1,80 ''м''. Ушундай көлөмдүү сүрөттөр о. к-дагы түрк тилинде сүйлөгөн калктардын мад-тында чанда кездешет. Жазуунун окулушуна караганда бул 8-к-дагы он ок элинин башкаруучусу Адыктын (Азык) атынан жазылган. Б. археол. эстелиги 1990-ж. К. Табалдиев ж-а Т. Абдыкеев тарабынан табылып, изилденген.  
'''БӨЙРӨК-БУЛАК ''' – байыркы түрк тилинде рун алфавити менен жазылган жазуулар табылган жер. Кочкор өрөөнүнүн түштүк-чыгыш тарабындагы тоонун этегинде жайгашкан. Жазуунун бири колуна куш кондурган, калпак кийген атчан жоокердин сүрөтү, каркыра, аӊыр сымал куштардын ташка чегилген сүрөттөрү менен коштолгон. Сүрөт композициясынын жалпы узундугу 3,80 ''м''. Атчан жоокердин сүрөтүнүн бийиктиги 1,80 ''м''. Ушундай көлөмдүү сүрөттөр орто кылымдагы түрк тилинде сүйлөгөн калктардын маданиятында чанда кездешет. Жазуунун окулушуна караганда бул 8-кылымдагы он ок элинин башкаруучусу Адыктын (Азык) атынан жазылган. Бөйрөк-Булак археологиялык эстелиги 1990-жылы К. Табалдиев жана Т. Абдыкеев тарабынан табылып, изилденген. <br/>''К. Табалдиев.''
<br/>''К. Табалдиев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:44, 20 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БӨЙРӨК-БУЛАК – байыркы түрк тилинде рун алфавити менен жазылган жазуулар табылган жер. Кочкор өрөөнүнүн түштүк-чыгыш тарабындагы тоонун этегинде жайгашкан. Жазуунун бири колуна куш кондурган, калпак кийген атчан жоокердин сүрөтү, каркыра, аӊыр сымал куштардын ташка чегилген сүрөттөрү менен коштолгон. Сүрөт композициясынын жалпы узундугу 3,80 м. Атчан жоокердин сүрөтүнүн бийиктиги 1,80 м. Ушундай көлөмдүү сүрөттөр орто кылымдагы түрк тилинде сүйлөгөн калктардын маданиятында чанда кездешет. Жазуунун окулушуна караганда бул 8-кылымдагы он ок элинин башкаруучусу Адыктын (Азык) атынан жазылган. Бөйрөк-Булак археологиялык эстелиги 1990-жылы К. Табалдиев жана Т. Абдыкеев тарабынан табылып, изилденген.
К. Табалдиев.