БӨКӨӨЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БӨКӨӨЛ''' , ч ы г д а н ч ы – бышкан этти көпчүлүккө устукандап, табактарга бөлүштүрө билген адам. Б-чүлүк – атадан балага өткөн байыркы кесип. Илгерки хандардын, бектердин, даткалардын, жоокерчилик заманда аскер башчылардын, кийинчерээк уруулар м-н ири айылдардын да өз Б-ү болгон. Ал аш-тойлорго, маараке ж. б. чоӊ салтанаттарга келген элдин ичиндеги сакалдууларды, кадыр-барктууларды, даражалууларды жакшы билип, ошого жараша эркектерге, аялдарга табак жасап тарттырган. Чоӊ мааракелерде Б-дөрдүн карамагында дасторкончулар, чыгданчылар, ашпоздор, туурамчылар ж-а табакчылар болгон. Кыргыздардын салттуу мейманчылыгында мындай иш абдан татаал иштердин бири болгондуктан, Б-дөр өтө бааланган. Себеби, табак тартууда меймандар арасында таарынычтар гана эмес, жаӊжалдар да чыгып кетиши мүмкүн болгон. Эл ичинде «Бөдөнөнү сойсо да касап сойсун, бөдөнөнү бөлсө да бөкөөл бөлсүн», «Туурамчыдан тууганыӊ болгончо, бөкөөлдөн бөлөӊ болсун» деген макал-ылакаптар жаралган.
'''БӨКӨӨЛ''' , ч ы г д а н ч ы – бышкан этти көпчүлүккө устукандап, табактарга бөлүштүрө билген адам. Бөкөөлчүлүк – атадан балага өткөн байыркы кесип. Илгерки хандардын, бектердин, даткалардын, жоокерчилик заманда аскер башчылардын, кийинчерээк уруулар менен ири айылдардын да өз Бөкөөлү болгон. Ал аш-тойлорго, маараке ж. б. чоӊ салтанаттарга келген элдин ичиндеги сакалдууларды, кадыр-барктууларды, даражалууларды жакшы билип, ошого жараша эркектерге, аялдарга табак жасап тарттырган. Чоӊ мааракелерде Бөкөөлдөрдүн карамагында дасторкончулар, чыгданчылар, ашпоздор, туурамчылар жана табакчылар болгон. Кыргыздардын салттуу мейманчылыгында мындай иш абдан татаал иштердин бири болгондуктан, Бөкөөлдөр өтө бааланган. Себеби, табак тартууда меймандар арасында таарынычтар гана эмес, жаӊжалдар да чыгып кетиши мүмкүн болгон. Эл ичинде «Бөдөнөнү сойсо да касап сойсун, бөдөнөнү бөлсө да бөкөөл бөлсүн», «Туурамчыдан тууганыӊ болгончо, бөкөөлдөн бөлөӊ болсун» деген макал-ылакаптар жаралган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:09, 20 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БӨКӨӨЛ , ч ы г д а н ч ы – бышкан этти көпчүлүккө устукандап, табактарга бөлүштүрө билген адам. Бөкөөлчүлүк – атадан балага өткөн байыркы кесип. Илгерки хандардын, бектердин, даткалардын, жоокерчилик заманда аскер башчылардын, кийинчерээк уруулар менен ири айылдардын да өз Бөкөөлү болгон. Ал аш-тойлорго, маараке ж. б. чоӊ салтанаттарга келген элдин ичиндеги сакалдууларды, кадыр-барктууларды, даражалууларды жакшы билип, ошого жараша эркектерге, аялдарга табак жасап тарттырган. Чоӊ мааракелерде Бөкөөлдөрдүн карамагында дасторкончулар, чыгданчылар, ашпоздор, туурамчылар жана табакчылар болгон. Кыргыздардын салттуу мейманчылыгында мындай иш абдан татаал иштердин бири болгондуктан, Бөкөөлдөр өтө бааланган. Себеби, табак тартууда меймандар арасында таарынычтар гана эмес, жаӊжалдар да чыгып кетиши мүмкүн болгон. Эл ичинде «Бөдөнөнү сойсо да касап сойсун, бөдөнөнү бөлсө да бөкөөл бөлсүн», «Туурамчыдан тууганыӊ болгончо, бөкөөлдөн бөлөӊ болсун» деген макал-ылакаптар жаралган.