БРАЗЗАВИЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БРАЗЗАВИ́ЛЬ ''' – Конго Респ-нын борбор шаары. Адм. жактан коммунага бөлүнөт. Конго д-нын төмөнкү агымынын оӊ жээгинде, Киншаса (Конго Демокр. Респ.) ш-нын тушунда жайгашкан порт. Калкы 1,7 млн (2015). Темир жол ж-а автомобиль жолу аркылуу Пуэнт-Нуар деӊиз порту м-н байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, кийим тигүү, ширеӊке, тамеки, тамак-аш (май, пиво кайнатуу, балык туздоо ж-а кургатуу) өнөр жайы, нефть ажыратуу, кеме ремонттоо ишканалары иштейт. Жыгачка оймо салуу, кооз карапа чыгаруу өөрчүгөн. Ун-т, Улуттук музей бар. Борб. бөлүгү – асфальтталган кенен көчөлөрү, азыркы типте салынган имараттары ж-а бак-дарактуулугу м-н айырмаланып, адм. ж-а финансы мекемелери, соода ж-а өнөр жай кварталдары дарыя жээгинде жайгашкан. 1903–50-ж. Ортонку Конгонун, 1910–58-ж. Француздук Экватор Африкасынын, 1958–60-ж. Конго Респ-сынын адм. борбору. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде «Эркин Франция» (1942-жылдан «Күрөшчүл Франция») кыймылынын таяныч пункту. Француз аскер посту катары 1880-ж. негизделген. 1980-жылдан эл аралык туризм өнүгүүдө. Шаарга жакын ГЭС курулган.
'''БРАЗЗАВИ́ЛЬ ''' – Конго Республикасынын борбор шаары. Административдик жактан коммунага бөлүнөт. Конго дарыясынын төмөнкү агымынын оӊ жээгинде, Киншаса (Конго Демократиялык Республикасы) шаарынын тушунда жайгашкан порт. Калкы 1,7 млн (2015). Темир жол жана автомобиль жолу аркылуу Пуэнт-Нуар деӊиз порту менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, кийим тигүү, ширеӊке, тамеки, тамак-аш (май, пиво кайнатуу, балык туздоо жана кургатуу) өнөр жайы, нефть ажыратуу, кеме ремонттоо ишканалары иштейт. Жыгачка оймо салуу, кооз карапа чыгаруу өөрчүгөн. Университет, Улуттук музей бар. Борбордук бөлүгү – асфальтталган кенен көчөлөрү, азыркы типте салынган имараттары жана бак-дарактуулугу менен айырмаланып, административдик жана финансы мекемелери, соода жана өнөр жай кварталдары дарыя жээгинде жайгашкан. 1903–50-жылдары Ортонку Конгонун, 1910–58-жылдары Француздук Экватор Африкасынын, 1958–60-жылдары Конго Республикасынын административдик борбору. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде «Эркин Франция» (1942-жылдан «Күрөшчүл Франция») кыймылынын таяныч пункту. Француз аскер посту катары 1880-жылы негизделген. 1980-жылдан эл аралык туризм өнүгүүдө. Шаарга жакын ГЭС курулган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:53, 6 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БРАЗЗАВИ́ЛЬ – Конго Республикасынын борбор шаары. Административдик жактан коммунага бөлүнөт. Конго дарыясынын төмөнкү агымынын оӊ жээгинде, Киншаса (Конго Демократиялык Республикасы) шаарынын тушунда жайгашкан порт. Калкы 1,7 млн (2015). Темир жол жана автомобиль жолу аркылуу Пуэнт-Нуар деӊиз порту менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, кийим тигүү, ширеӊке, тамеки, тамак-аш (май, пиво кайнатуу, балык туздоо жана кургатуу) өнөр жайы, нефть ажыратуу, кеме ремонттоо ишканалары иштейт. Жыгачка оймо салуу, кооз карапа чыгаруу өөрчүгөн. Университет, Улуттук музей бар. Борбордук бөлүгү – асфальтталган кенен көчөлөрү, азыркы типте салынган имараттары жана бак-дарактуулугу менен айырмаланып, административдик жана финансы мекемелери, соода жана өнөр жай кварталдары дарыя жээгинде жайгашкан. 1903–50-жылдары Ортонку Конгонун, 1910–58-жылдары Француздук Экватор Африкасынын, 1958–60-жылдары Конго Республикасынын административдик борбору. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде «Эркин Франция» (1942-жылдан «Күрөшчүл Франция») кыймылынын таяныч пункту. Француз аскер посту катары 1880-жылы негизделген. 1980-жылдан эл аралык туризм өнүгүүдө. Шаарга жакын ГЭС курулган.