«БРИТАН ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''«БРИТА́Н ЭНЦИКЛОПЕ́ДИЯСЫ», ''' «Б р и т а н н и к а» – дүйнөдөгү эӊ эски, универсалдуу энциклопедиялардын бири. Анын 3 томдуу 1-басылышы | '''«БРИТА́Н ЭНЦИКЛОПЕ́ДИЯСЫ», ''' «Б р и т а н н и к а» – дүйнөдөгү эӊ эски, универсалдуу энциклопедиялардын бири. Анын 3 томдуу 1-басылышы 1768–1971-жылдарда Эдинбургда, кийин Лондондо чыккан. Британ энциклопедиясынын 9- (1875–1989; 25 т.) жана 11- (1910–1911; 29 т.) басылыштары бир кыйла дурус чыккан. Акыркы 24 томдуу 14-басылышы 1929-жылы башталган. Мындагы макалалардын көпчүлүгү кеӊири обзор түрүндө жазылган. XX кылымдын башында бул энциклопедияны чыгарууда англиялык жана америкалык авторлор биргелешип иштегендиктен, мазмуну боюнча британ-америкалык энциклопедияга айланган. 1940-жылдардын башталышынан «Британ энциклопедиясы» Чикагодо У. Бентондун жетекчилиги менен чыгарылган. 1968-жылы «Британ эциклопедиясынын» 200 жылдык юбилейине карата илимдин ар кандай тармактарын камтыган көлөмдүү макалалардан турган 3 томдук басылган. 1969-жылы басма сөздө «Британ энциклопедиясынын» жаӊы басылышын даярдоо жөнүндө билдирүүлөр жарыяланган. 1974-жылы 30 томдуу 15-басылышы чыгарылган. Ошондой эле бул басылмадан тармактык энциклопедиялар, сөздүктөр, балдар жана өспүрүмдөр үчүн (мисалы, «Комптон») энциклопедиялар жарык көргөн. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:43, 12 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
«БРИТА́Н ЭНЦИКЛОПЕ́ДИЯСЫ», «Б р и т а н н и к а» – дүйнөдөгү эӊ эски, универсалдуу энциклопедиялардын бири. Анын 3 томдуу 1-басылышы 1768–1971-жылдарда Эдинбургда, кийин Лондондо чыккан. Британ энциклопедиясынын 9- (1875–1989; 25 т.) жана 11- (1910–1911; 29 т.) басылыштары бир кыйла дурус чыккан. Акыркы 24 томдуу 14-басылышы 1929-жылы башталган. Мындагы макалалардын көпчүлүгү кеӊири обзор түрүндө жазылган. XX кылымдын башында бул энциклопедияны чыгарууда англиялык жана америкалык авторлор биргелешип иштегендиктен, мазмуну боюнча британ-америкалык энциклопедияга айланган. 1940-жылдардын башталышынан «Британ энциклопедиясы» Чикагодо У. Бентондун жетекчилиги менен чыгарылган. 1968-жылы «Британ эциклопедиясынын» 200 жылдык юбилейине карата илимдин ар кандай тармактарын камтыган көлөмдүү макалалардан турган 3 томдук басылган. 1969-жылы басма сөздө «Британ энциклопедиясынын» жаӊы басылышын даярдоо жөнүндө билдирүүлөр жарыяланган. 1974-жылы 30 томдуу 15-басылышы чыгарылган. Ошондой эле бул басылмадан тармактык энциклопедиялар, сөздүктөр, балдар жана өспүрүмдөр үчүн (мисалы, «Комптон») энциклопедиялар жарык көргөн.