ВАЛЁР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
(фр. valeur – баа, баалуулук) – көркөм практикада – живописте ж-а графикада ''тондун'' жарык м-н көлөкөнүн белгилүү бир катышын (башка түстөр м-н өз ара байланышта) чагылдыруучу түсү. Реалисттик живописте предметтик дүйнөнүн материалдык касиеттери негизинен объективдүү мыйзамченемдүүлүктөгү түстүк мамилелер аркылуу берилет. Предметтин түстүүлүгүн, пластикасын, материалдуулугун белгилүү бир жарык кылынган кырдаалда жандуу чагылдыруу үчүн сүрөтчү түстөрдүн өз ара катышында чоӊ көркөмдүк м-н тактыкка жетишиши керек. Ачык, көрүнүктүү живописти жаратуучу түстөрдүн өзара катышы м-н бир түрдөн экинчи түргө өтүүдөгү чебер кылдаттык В-дун негизги белгилеринен болуп эсептелет. 17–19-к-дын ири сүрөт чеберлери Веласкес, Шарден, Рембрандт, Репиндин сүрөттөрү В-го бай.
'''ВАЛЁР''' (фр. valeur – баа, баалуулук) – көркөм практикада – живописте жана графикада ''тондун'' жарык менен көлөкөнүн белгилүү бир катышын (башка түстөр менен өз ара байланышта) чагылдыруучу түсү. Реалисттик живописте предметтик дүйнөнүн материалдык касиеттери негизинен объективдүү мыйзам ченемдүүлүктөгү түстүк мамилелер аркылуу берилет. Предметтин түстүүлүгүн, пластикасын, материалдуулугун белгилүү бир жарык кылынган кырдаалда жандуу чагылдыруу үчүн сүрөтчү түстөрдүн өз ара катышында чоӊ көркөмдүк менен тактыкка жетишиши керек. Ачык, көрүнүктүү живописти жаратуучу түстөрдүн өз ара катышы менен бир түрдөн экинчи түргө өтүүдөгү чебер кылдаттык Валёрдун негизги белгилеринен болуп эсептелет. XVII–XIX кылымдардын ири сүрөт чеберлери Веласкес, Шарден, Рембрандт, Репиндин сүрөттөрү Валёрго бай.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:58, 6 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ВАЛЁР (фр. valeur – баа, баалуулук) – көркөм практикада – живописте жана графикада тондун жарык менен көлөкөнүн белгилүү бир катышын (башка түстөр менен өз ара байланышта) чагылдыруучу түсү. Реалисттик живописте предметтик дүйнөнүн материалдык касиеттери негизинен объективдүү мыйзам ченемдүүлүктөгү түстүк мамилелер аркылуу берилет. Предметтин түстүүлүгүн, пластикасын, материалдуулугун белгилүү бир жарык кылынган кырдаалда жандуу чагылдыруу үчүн сүрөтчү түстөрдүн өз ара катышында чоӊ көркөмдүк менен тактыкка жетишиши керек. Ачык, көрүнүктүү живописти жаратуучу түстөрдүн өз ара катышы менен бир түрдөн экинчи түргө өтүүдөгү чебер кылдаттык Валёрдун негизги белгилеринен болуп эсептелет. XVII–XIX кылымдардын ири сүрөт чеберлери Веласкес, Шарден, Рембрандт, Репиндин сүрөттөрү Валёрго бай.