ВАЛИХАНОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
Чокан (туурасы Шокан) Чыӊгызович, М у х а м м е д Х а н а ф и я (1835, азыркы Казакстан, Костанай обл., Кушмурун кыш. – 1865, азыркы Талды-Коргон обл., Алтын-Эмел кыш.) – казак
'''ВАЛИХАНОВ ''' '''Чокан''' (туурасы Шокан) '''Чыӊгызович''', М у х а м м е д Х а н а ф и я (1835, азыркы Казакстан, Костанай облусу, Кушмурун кыштагы – 1865, азыркы Талды-Коргон облусу, Алтын-Эмел кыштагы) – казак<br/>
[[File:ВАЛИХАНОВ19.png | thumb | none]]
элинин туӊгуч окумуштуусу, агартуучу, тарыхчы, этнограф, фольклорист жана саякатчы. Азан чакырып койгондогу аты – Мухаммед Ханафия (тынчы жок, шоктугунан эркелетип жүрүп, Чокан атыгып калыптыр). ''Абылай'' хандын чөбүрөсү. Атасы Чыӊгыз (казактарда кан аталган жана орус падышалыгы да жогорку мансап берип, 1834-жылы Аман-Карагай округуна султан болуп шайланган) Чоканды алгач өз айылындагы диний мектептен, анан шаарга алып барып, өзүнүн жакшы таанышы, бай көпөстүн үйүнө жаткырып, орус мектебинен окутат. Мектепти ийгиликтүү аяктаган Чокан 1847–1853-жылдары Омскиде кадет корпусунда окуган. Аны бүтүргөн соӊ, Батыш Сибирь генерал-губернаторунун адъютанты болуп кызмат өтөгөн. 1860–1861-жылдары Санкт-Петербургда жашап, алдыӊкы орус интеллигенциясы менен тыгыз алакада болгон. Россия Илимдер академиясынын жана география коомунун иштерине активдүү катышкан. Ч.&nbsp;Валихановдун окумуштуу-агартуучу катары калыптанышына Г. Н. Потанин, И. Н. Березин, Ф. М. Достоевский жана башка көрүнүктүү маданият жана илим ишмерлеринин таасири чоӊ болгон. Анын илимий көз карашы көп кырдуулугу менен айырмаланып, тарых, этнография, география, лингвистика, археологияга кызыккан. Валиханов орус чыгыш таануу илимине зор салым кошкон. Орто Азия, Казакстан жана Батыш Кытай элдеринин тарыхы, табияты, маданияты боюнча баалуу илимий эмгектерди жараткан. Мисалы, «Жунгария очерктери» (1861), «Кыргыздар» (казактар жөнүндө; 1858-жылы жарык көргөн), «Аблай» (1861), «Сибирь ведомствосундагы кыргыздардын сот реформалары жөнүндө» (1904), «Кытай империясынын батыш чеги жана Кулжа шаары» (1958-жылы жарык көргөн), «Алты шаардын же Кытайдын Нан-лу провинциясынын чыгышындагы алты шаардын (Кичи Бухария) 1858–1859-жылдардагы абалы жөнүндө» жана башка Билимдүү, жергиликтүү элдердин үрп-адатын, тилин, жер шартын мыкты билген адис кеӊешчи, котормочу катары чалгындоо иштери менен байланышкан Орто Азияга жана Кытайга аскердик-илимий экспедицияларга катышкан. Ошондой экспедициялардын бири М. М. Хоментовскийдин Ысык-Көл менен Күнгөй Ала-Тоого жасаган илимий-аскердик экспедициясынын курамында 1856-жылдын май, июнь айларында кыргыз жергесинде болгон. Ч.&nbsp;Валиханов ушул сапарында «Манас» эпосу менен таанышыптыр: «(майдын) 26сында менде ырчы, тоолук кыргыз болду. Ал «Манас» поэмасын билет экен». («Ысык-Көлгө баруунун күндөлүгү»). Чокан Валиханов Кокондун соодагер көпөсү катары Кашкарга жашыруун өтүп бара жатканда да кыргыз жергесинде болгон. Кыргыздын бугу, сарыбагыш, солто урууларында болуп, эл менен таанышкан. Ошол эле мезгилде атайын тапшырма менен Кулжада үч ай жүрүп, элчилик мамилелерди жандандырган. 1857-жылы кайрадан Ала-Тоодогу кыргыздарга саякат жасаган. Кыргыз элинин тарыхына да өзгөчө көӊүл буруп, кыргыздар Теӊир-Тоодо эзелтен бери жашагандыгын, Енисей жана Теӊир-Тоо кыргыздарынын тарыхый тамыры бир экендигин жазган. Кыргыздар Енисейден Теӊир-Тоого Чыӊгызхандын тушунда же ага чейин эле уйгурлар Орхондон журт которгон тушта бөлүнүп келишкен деп божомолдогон. Чокан Валихановдун казактардын, ошондой эле кыргыздардын тарыхы, каада-салты, үрп-адаты, маданияты, тили тууралуу баалуу илимий пикирлери окумуштуунун бүткөрө иштелбеген, тема коюлбаган, кыргыздар жөнүндөгү көлөмдүү «Ысык-Көлгө баруунун күндөлүгү» кол жазмасында жана 1860-жылы Санкт-Петербургда жазылган анын маанилүү эмгектеринин бири болгон «Жунгария очерктеринде», «Кыргыздагы шаман калдыгы», «Кыргыздардын байыркы учурдагы курал-жабдыктары», «Кыргыздардын көчүп-конгон жерлери» (1871) жана башка илимий эмгектеринде чагылдырылган. Ч.&nbsp;Валиханов казактын туӊгуч сүрөтчүсү катары да белгилүү. Анын илимий иштери жана күндөлүктөрү көптөгөн портреттик, пейзаждык сүрөттөр («Сартай сарыбагыш уруусунан» жана башкалар) менен коштолгон. Ал өзү «Манас» эпосунун эӊ мыкты эпизоду деп эсептеген «Көкөтөйдүн ашын» кагаз бетине биринчи түшүрүп, анын бир бөлүмүн орус тилине которгон. Валиханов Чокан жазып алган тексттердин жалпы көлөмү – 3320 сап. Жазуу учурунда үлгүрбөй окуя үзүлүп калган жерлер көп. Андай учурлар ыр сабынан кийин көп чекит коюу менен белгиленген. Жазылган тексттердин мазмуну кийинки манасчылардын варианттарынан Сагымбай Орозбаков айткан үлгүгө көп жагынан жакын. Окумуштуунун көзү өткөн соӊ, бул тексттердин дареги белгисиз болуп жүрүп, аны 1960-жылдардын орто ченинде казак окумуштуусу академик А. Маргулан таап, факсимилесин кеӊири кириш сөз жана комментарийлери менен 1971-жылы Алматыда «Шокан жане “Манас”» деген аталышта жарыялаган. Чокан 1860-жылы өзү Санкт-Петербургда жүргөндө «Манастын» тексттерин орус тилине которуп жаткандыгын эскерет. Бирок, ооруп калганына байланыштуу, аягына чыкпай калган. Эпостун 910 сабы гана которулган. Котормонун деӊгээли окумуштуулар тарабынан жогору бааланган. Бул эмгек 1904-жылы Ч.&nbsp;Валихановдун башка тандалма эмгектеринин арасында Санкт-Петербургда жарык көргөн. Ал «Манас» эпосуна жогору баа берип: «Манас» – бир мезгилге келтирилген жана бир кишинин, Манас баатырдын тегерегине топтолгон бардык кыргыз жомокторунун, санжыраларынын жыйнагы. Бул – тоодо, талаада жашаган элдин «Илиадасы». Кыргыздардын жашоо шарты, үрп-адаттары, кулк-мүнөзү, географиялык, диний, медициналык түшүнүктөрү, алардын эл аралык байланышы бул зор эпопеядан орун алган», – деп белгилейт. Ал ооруп калганына байланыштуу Санкт-Петербургдан элине кайтып келип, 30 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. <br/>Чыг.: Собр. соч. Т. 1–5. Алма-Ата, 1984–85.<br/>Ад.: ''Өмүрзаков С''. Тар жол, тайгак кечүү менен. Ф., 1963; ''Забелин И. М''. Чокан Валиханов. Ф., 1960; ''Маргулан А''. Шокан жане «Манас». А., 1971.


элинин туӊгуч окумуштуусу, агартуучу, тарыхчы, этнограф, фольклорист ж-а саякатчы. Азан чакырып койгондогу аты – Мухаммед Ханафия (тынчы жок, шоктугунан эркелетип жүрүп, Чокан атыгып калыптыр). ''Абылай'' хандын чөбүрөсү. Атасы Чыӊгыз (казактарда кан аталган ж-а орус падышалыгы да жогорку мансап берип, 1834-ж. Аман-Карагай округуна султан болуп шайланган) Чоканды алгач өз айылындагы диний мектептен, анан шаарга алып барып, өзүнүн жакшы таанышы, бай көпөстүн үйүнө жаткырып, орус мектебинен окутат. Мектепти ийгиликтүү аяктаган Чокан 1847–53-ж. Омскиде кадет корпусунда окуган. Аны бүтүргөн соӊ, Батыш Сибирь генерал-губернаторунун адъютанты болуп кызмат өтөгөн. 1860–61-ж. Санкт-Петербургда жашап, алдыӊкы орус интеллигенциясы м-н тыгыз алакада болгон. Россия ИАнын ж-а Геогр. коомунун иштерине активдүү катышкан. В-дун окумуштуу-агартуучу катары калыптанышына Г. Н. Потанин, И. Н. Березин, Ф. М. Достоевский ж. б. көрүнүктүү мад-т ж-а илим ишмерлеринин таасири чоӊ болгон. Анын ил. көз карашы көп кырдуулугу м-н айырмаланып, тарых, этнография, география, лингвистика, археологияга кызыккан. В. орус чыгыш таануу илимине зор салым кошкон. О. Азия, Казакстан ж-а Батыш Кытай элдеринин тарыхы, табияты, мад-ты б-ча баалуу ил. эмгектерди жараткан. Мис., «Жунгария очерктери» (1861), «Кыргыздар» (казактар ж-дө; 1858-ж. Жарык көргөн), «Аблай» (1861), «Сибирь ведомствосундагы кыргыздардын сот реформалары жөнүндө» (1904), «Кытай империясынын батыш чеги жана Кулжа шаары» (1958-ж. жарык көргөн), «Алты шаардын же Кытайдын Нан-лу провинциясынын чыгышындагы алты шаардын (Кичи Бухария) 1858–59-жылдардагы абалы жөнүндө» ж. б. Билимдүү, жерг. элдердин үрп-адатын, тилин, жер шартын мыкты билген адис кеӊешчи, котормочу катары чалгындоо иштери м-н байланышкан О. Азияга ж-а Кытайга аскердик-ил. экспедицияларга катышкан. Ошондой экспедициялардын бири – М. М. Хоментовскийдин Ысык-Көл м-н Күнгөй Ала-Тоого жасаган ил.-аскердик экспедициясынын курамында 1856-жылдын май, июнь айларында кыргыз жергесинде болгон. В. ушул сапарында «Манас» эпосу м-н таанышыптыр: «(майдын) 26сында менде ырчы, тоолук кыргыз болду. Ал «Манас» поэмасын билет экен». («Ысык-Көлгө баруунун күндөлүгү»). В. Кокондун соодагер көпөсү катары Кашкарга жашыруун өтүп бара жатканда да кыргыз жергесинде болгон. Кыргыздын бугу, сарыбагыш, солто урууларында болуп, эл м-н таанышкан. Ошол эле мезгилде атайын тапшырма м-н Кулжада үч ай жүрүп, элчилик мамилелерди жандандырган.
<br />''С. Мусаев.''
1857-ж. кайрадан Ала-Тоодогу кыргыздарга саякат жасаган. Кыргыз элинин тарыхына да өзгөчө көӊүл буруп, кыргыздар Теӊир-Тоодо эзелтен бери жашагандыгын, Енисей ж-а Теӊир-Тоо кыргыздарынын тарыхый тамыры бир экендигин жазган. Кыргыздар Енисейден Теӊир-Тоого Чыӊгызхандын тушунда же ага чейин эле уйгурлар Орхондон журт которгон тушта бөлүнүп келишкен деп божомолдогон. Чокан В-дун казактардын, о. эле кыргыздардын
тарыхы, каада-салты, үрп-адаты, мад-ты, тили тууралуу баалуу ил. пикирлери окумуштуунун бүткөрө иштелбеген, тема коюлбаган, кыргыздар ж-дөгү көлөмдүү «Ысык-Көлгө баруунун күндөлүгү» кол жазмасында ж-а 1860-ж. Санкт-Петербургда жазылган анын маанилүү эмгектеринин бири болгон «Жунгария очерктеринде», «Кыргыздагы шаман калдыгы», «Кыргыздардын байыркы учурдагы курал-жабдыктары», «Кыргыздардын көчүп-конгон жерлери» (1871) ж. б. ил. эмгектеринде чагылдырылган. В. казактын туӊгуч сүрөтчүсү катары да белгилүү. Анын ил. иштери ж-а күндөлүктөрү көптөгөн портреттик, пейзаждык сүрөттөр («Сартай сарыбагыш уруусунан» ж. б.) м-н коштолгон. Ал өзү «Манас» эпосунун эӊ мыкты эпизоду деп эсептеген «Көкөтөйдүн ашын» кагаз бетине биринчи түшүрүп, анын бир бөлүмүн орус тилине которгон. В. жазып алган тексттердин жалпы көлөмү – 3320 сап. Жазуу учурунда үлгүрбөй окуя үзүлүп калган жерлер көп. Андай учурлар ыр сабынан кийин көп чекит коюу м-н белгиленген. Жазылган тексттердин мазмуну кийинки манасчылардын варианттарынан Сагымбай айткан үлгүгө көп жагынан жакын. Окумуштуунун көзү өткөн соӊ, бул тексттердин дареги белгисиз болуп жүрүп, аны 1960-жылдардын орто ченинде казак окумуштуусу акад. А. Маргулан таап, факсимилесин кеӊири кириш сөз ж-а комментарийлери м-н 1971-ж. Алматыда «Шокан жане “Манас”» деген аталышта жарыялаган. Чокан 1860-ж. өзү Санкт-Петербургда жүргөндө «Манастын» тексттерин орус тилине которуп жаткандыгын эскерет. Бирок, ооруп калганына байланыштуу, аягына чыкпай калган. Эпостун 910 сабы гана которулган. Котормонун деӊгээли окумуштуулар тарабынан жогору бааланган. Бул эмгек 1904-ж. В-дун башка тандалма эмгектеринин арасында Санкт-Петербургда жарык көргөн. В. «Манас» эпосуна жогору баа берип: «Манас» – бир мезгилге келтирилген ж-а бир кишинин, Манас баатырдын тегерегине топтолгон бардык кыргыз жомокторунун, санжыраларынын жыйнагы. Бул – тоодо, талаада жашаган элдин «Илиадасы». Кыргыздардын жашоо шарты, үрп-адаттары, кулк-мүнөзү, геогр., диний, мед. түшүнүктөрү, алардын эл аралык байланышы бул зор эпопеядан орун алган», – деп белгилейт. Ал ооруп калганына байланыштуу Санкт-Петербургдан элине кайтып келип, 30 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Чыг.: Собр. соч. Т. 1–5. Алма-Ата, 1984–85.
Ад.: ''Өмүрзаков С''. Тар жол, тайгак кечүү менен. Ф., 1963; ''Забелин И. М''. Чокан Валиханов. Ф., 1960; ''Маргулан А''. Шокан жане «Манас». А., 1971.
''С. Мусаев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:26, 6 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ВАЛИХАНОВ Чокан (туурасы Шокан) Чыӊгызович, М у х а м м е д Х а н а ф и я (1835, азыркы Казакстан, Костанай облусу, Кушмурун кыштагы – 1865, азыркы Талды-Коргон облусу, Алтын-Эмел кыштагы) – казак

элинин туӊгуч окумуштуусу, агартуучу, тарыхчы, этнограф, фольклорист жана саякатчы. Азан чакырып койгондогу аты – Мухаммед Ханафия (тынчы жок, шоктугунан эркелетип жүрүп, Чокан атыгып калыптыр). Абылай хандын чөбүрөсү. Атасы Чыӊгыз (казактарда кан аталган жана орус падышалыгы да жогорку мансап берип, 1834-жылы Аман-Карагай округуна султан болуп шайланган) Чоканды алгач өз айылындагы диний мектептен, анан шаарга алып барып, өзүнүн жакшы таанышы, бай көпөстүн үйүнө жаткырып, орус мектебинен окутат. Мектепти ийгиликтүү аяктаган Чокан 1847–1853-жылдары Омскиде кадет корпусунда окуган. Аны бүтүргөн соӊ, Батыш Сибирь генерал-губернаторунун адъютанты болуп кызмат өтөгөн. 1860–1861-жылдары Санкт-Петербургда жашап, алдыӊкы орус интеллигенциясы менен тыгыз алакада болгон. Россия Илимдер академиясынын жана география коомунун иштерине активдүү катышкан. Ч. Валихановдун окумуштуу-агартуучу катары калыптанышына Г. Н. Потанин, И. Н. Березин, Ф. М. Достоевский жана башка көрүнүктүү маданият жана илим ишмерлеринин таасири чоӊ болгон. Анын илимий көз карашы көп кырдуулугу менен айырмаланып, тарых, этнография, география, лингвистика, археологияга кызыккан. Валиханов орус чыгыш таануу илимине зор салым кошкон. Орто Азия, Казакстан жана Батыш Кытай элдеринин тарыхы, табияты, маданияты боюнча баалуу илимий эмгектерди жараткан. Мисалы, «Жунгария очерктери» (1861), «Кыргыздар» (казактар жөнүндө; 1858-жылы жарык көргөн), «Аблай» (1861), «Сибирь ведомствосундагы кыргыздардын сот реформалары жөнүндө» (1904), «Кытай империясынын батыш чеги жана Кулжа шаары» (1958-жылы жарык көргөн), «Алты шаардын же Кытайдын Нан-лу провинциясынын чыгышындагы алты шаардын (Кичи Бухария) 1858–1859-жылдардагы абалы жөнүндө» жана башка Билимдүү, жергиликтүү элдердин үрп-адатын, тилин, жер шартын мыкты билген адис кеӊешчи, котормочу катары чалгындоо иштери менен байланышкан Орто Азияга жана Кытайга аскердик-илимий экспедицияларга катышкан. Ошондой экспедициялардын бири – М. М. Хоментовскийдин Ысык-Көл менен Күнгөй Ала-Тоого жасаган илимий-аскердик экспедициясынын курамында 1856-жылдын май, июнь айларында кыргыз жергесинде болгон. Ч. Валиханов ушул сапарында «Манас» эпосу менен таанышыптыр: «(майдын) 26сында менде ырчы, тоолук кыргыз болду. Ал «Манас» поэмасын билет экен». («Ысык-Көлгө баруунун күндөлүгү»). Чокан Валиханов Кокондун соодагер көпөсү катары Кашкарга жашыруун өтүп бара жатканда да кыргыз жергесинде болгон. Кыргыздын бугу, сарыбагыш, солто урууларында болуп, эл менен таанышкан. Ошол эле мезгилде атайын тапшырма менен Кулжада үч ай жүрүп, элчилик мамилелерди жандандырган. 1857-жылы кайрадан Ала-Тоодогу кыргыздарга саякат жасаган. Кыргыз элинин тарыхына да өзгөчө көӊүл буруп, кыргыздар Теӊир-Тоодо эзелтен бери жашагандыгын, Енисей жана Теӊир-Тоо кыргыздарынын тарыхый тамыры бир экендигин жазган. Кыргыздар Енисейден Теӊир-Тоого Чыӊгызхандын тушунда же ага чейин эле уйгурлар Орхондон журт которгон тушта бөлүнүп келишкен деп божомолдогон. Чокан Валихановдун казактардын, ошондой эле кыргыздардын тарыхы, каада-салты, үрп-адаты, маданияты, тили тууралуу баалуу илимий пикирлери окумуштуунун бүткөрө иштелбеген, тема коюлбаган, кыргыздар жөнүндөгү көлөмдүү «Ысык-Көлгө баруунун күндөлүгү» кол жазмасында жана 1860-жылы Санкт-Петербургда жазылган анын маанилүү эмгектеринин бири болгон «Жунгария очерктеринде», «Кыргыздагы шаман калдыгы», «Кыргыздардын байыркы учурдагы курал-жабдыктары», «Кыргыздардын көчүп-конгон жерлери» (1871) жана башка илимий эмгектеринде чагылдырылган. Ч. Валиханов казактын туӊгуч сүрөтчүсү катары да белгилүү. Анын илимий иштери жана күндөлүктөрү көптөгөн портреттик, пейзаждык сүрөттөр («Сартай сарыбагыш уруусунан» жана башкалар) менен коштолгон. Ал өзү «Манас» эпосунун эӊ мыкты эпизоду деп эсептеген «Көкөтөйдүн ашын» кагаз бетине биринчи түшүрүп, анын бир бөлүмүн орус тилине которгон. Валиханов Чокан жазып алган тексттердин жалпы көлөмү – 3320 сап. Жазуу учурунда үлгүрбөй окуя үзүлүп калган жерлер көп. Андай учурлар ыр сабынан кийин көп чекит коюу менен белгиленген. Жазылган тексттердин мазмуну кийинки манасчылардын варианттарынан Сагымбай Орозбаков айткан үлгүгө көп жагынан жакын. Окумуштуунун көзү өткөн соӊ, бул тексттердин дареги белгисиз болуп жүрүп, аны 1960-жылдардын орто ченинде казак окумуштуусу академик А. Маргулан таап, факсимилесин кеӊири кириш сөз жана комментарийлери менен 1971-жылы Алматыда «Шокан жане “Манас”» деген аталышта жарыялаган. Чокан 1860-жылы өзү Санкт-Петербургда жүргөндө «Манастын» тексттерин орус тилине которуп жаткандыгын эскерет. Бирок, ооруп калганына байланыштуу, аягына чыкпай калган. Эпостун 910 сабы гана которулган. Котормонун деӊгээли окумуштуулар тарабынан жогору бааланган. Бул эмгек 1904-жылы Ч. Валихановдун башка тандалма эмгектеринин арасында Санкт-Петербургда жарык көргөн. Ал «Манас» эпосуна жогору баа берип: «Манас» – бир мезгилге келтирилген жана бир кишинин, Манас баатырдын тегерегине топтолгон бардык кыргыз жомокторунун, санжыраларынын жыйнагы. Бул – тоодо, талаада жашаган элдин «Илиадасы». Кыргыздардын жашоо шарты, үрп-адаттары, кулк-мүнөзү, географиялык, диний, медициналык түшүнүктөрү, алардын эл аралык байланышы бул зор эпопеядан орун алган», – деп белгилейт. Ал ооруп калганына байланыштуу Санкт-Петербургдан элине кайтып келип, 30 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Чыг.: Собр. соч. Т. 1–5. Алма-Ата, 1984–85.
Ад.: Өмүрзаков С. Тар жол, тайгак кечүү менен. Ф., 1963; Забелин И. М. Чокан Валиханов. Ф., 1960; Маргулан А. Шокан жане «Манас». А., 1971.


С. Мусаев.