БИОМЕХАНИКА (биологиянын бөлүмү): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БИОМЕХАНИКА (''' ''био...'' ж-а ''механика)'' – биологиянын (физиология, биофизика) жаныбарлардын орган, ткань ж-а бүтүндөй организминин мех. касиеттерин, о. эле аларда болуучу мех. процесстерди изилдөөчү бөлүмү. Б. механиканын негизги принциптерин бардык тирүү оргаизмдерде пайдаланышы м-н мүнөздөлөт. Б. б-ча изилдөөлөр ''Леонардо да Винчи''нин заманында эле башталган. Б. б-ча алгачкы иштер колдонмо мүнөздө болгон. Бир клеткалуу оргазимдердин мех. кубулуштарына, барыдан мурда клетка ичиндеги цитоплазма ж-а органеллалардын бөлүштүрүлүшү, клетканын бөлүнүшү, алардын кирпикчелер ж-а шапалакчаларынын жардамы м-н мейкиндикте жылып жүрүшү кирет. Өсүмдүктүн өсүүсү, сырткы таасирлерге туруктуулугу, сабак, жалбырак ж-а тамырында заттардын өтүшү, гүлүнүн Күн абалына же курт-кумурскачыл өсүмдүктөрдүн курт-кумурскаларга болгон реакциясы, чөйрөнүн ар кандай факторлоруна (жарык, жерге тартылуу, хим. заттар ж.б.) өсүмдүк органдарынын өсүү багыты (ийилүү) – тропизмдер, настиялар, нутациялар ж.б. изилденет. Кыймыл Б-сы анатомия ж-а теор. Механиканын маалыматтарына негизделген, кыймыл органдарынын структурасын; дем алуу аппаратынын Б-сы органдын серпилгич, серпилгич эмес каршылыгы, дем алуу кыймылынын динамикасы ж. б.; кан айлануу Б-сы кан тамырлар ж-а жүрөктүн серпилгичтигин, кан агымына кан тамырдагы гидравликалык каршылыкты, кан тамыр капталына толкундун таралышын, кандын кыймылы, жүрөк иши ж.б. изилдейт. Таяныч-кыймыл аппаратынын Б-сы булчуңдардын касиети, сөөктөр, муундар, байламталар ж.б-дын бышыктыгын аныктайт. Б. б-ча иштер ар кандай илимдерде: эмгек ж-а спорт физиологиясы, аскер ж-а клиникалык медицина, а.и. неврология, ортопедия, травматология, протездөөдө кызыгуу жаратат. Б. маалыматтары техниканын ар кандай областарында пайдаланылуучу автомат-манипулятор ж-а роботторду жасоодо колдонулат. Дем алуу ж-а кан айлануу Б-сынын изилдөөлөрү «жүрөк-өпкө» аппаратын түзүүнүн негизи болгон.  
'''БИОМЕХАНИКА (''' ''био...'' ж-а ''механика)'' – биологиянын (физиология, биофизика) жаныбарлардын орган, ткань жана бүтүндөй организминин механикалык касиеттерин, ошондой эле аларда болуучу механикалык процесстерди изилдөөчү бөлүмү. Биомеханика механиканын негизги принциптерин бардык тирүү организмдерде пайдаланышы менен мүнөздөлөт. Биомеханика боюнча изилдөөлөр ''Леонардо да Винчи''нин заманында эле башталган. Биомеханика боюнча алгачкы иштер колдонмо мүнөздө болгон. Бир клеткалуу организмдердин механикалык кубулуштарына, барыдан мурда клетка ичиндеги цитоплазма жана органеллалардын бөлүштүрүлүшү, клетканын бөлүнүшү, алардын кирпикчелер жана шапалакчаларынын жардамы менен мейкиндикте жылып жүрүшү кирет. Өсүмдүктүн өсүүсү, сырткы таасирлерге туруктуулугу, сабак, жалбырак жана тамырында заттардын өтүшү, гүлүнүн Күн абалына же курт-кумурскачыл өсүмдүктөрдүн курт-кумурскаларга болгон реакциясы, чөйрөнүн ар кандай факторлоруна (жарык, жерге тартылуу, химиялык заттар ж.б.) өсүмдүк органдарынын өсүү багыты (ийилүү) – тропизмдер, настиялар, нутациялар ж.б. изилденет. Кыймыл биомеханикасы анатомия жана теориялык механиканын маалыматтарына негизделген, кыймыл органдарынын структурасын; дем алуу аппаратынын биомеханикасы органдын серпилгич, серпилгич эмес каршылыгы, дем алуу кыймылынын динамикасы ж. б.; кан айлануу биомеханикасы кан тамырлар жана жүрөктүн серпилгичтигин, кан агымына кан тамырдагы гидравликалык каршылыкты, кан тамыр капталына толкундун таралышын, кандын кыймылы, жүрөк иши ж.б. изилдейт. Таяныч-кыймыл аппаратынын биомеханикасы булчуңдардын касиети, сөөктөр, муундар, байламталар ж.б. бышыктыгын аныктайт. Биомеханика боюнча иштер ар кандай илимдерде: эмгек ж-а спорт физиологиясы, аскер жана клиникалык медицина, анын ичинен неврология, ортопедия, травматология, протездөөдө кызыгуу жаратат. Биомеханика маалыматтары техниканын ар кандай областарында пайдаланылуучу автомат-манипулятор жана роботторду жасоодо колдонулат. Дем алуу жана кан айлануу биомеханикасынын изилдөөлөрү «жүрөк-өпкө» аппаратын түзүүнүн негизи болгон.  
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:04, 10 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БИОМЕХАНИКА ( био... ж-а механика) – биологиянын (физиология, биофизика) жаныбарлардын орган, ткань жана бүтүндөй организминин механикалык касиеттерин, ошондой эле аларда болуучу механикалык процесстерди изилдөөчү бөлүмү. Биомеханика механиканын негизги принциптерин бардык тирүү организмдерде пайдаланышы менен мүнөздөлөт. Биомеханика боюнча изилдөөлөр Леонардо да Винчинин заманында эле башталган. Биомеханика боюнча алгачкы иштер колдонмо мүнөздө болгон. Бир клеткалуу организмдердин механикалык кубулуштарына, барыдан мурда клетка ичиндеги цитоплазма жана органеллалардын бөлүштүрүлүшү, клетканын бөлүнүшү, алардын кирпикчелер жана шапалакчаларынын жардамы менен мейкиндикте жылып жүрүшү кирет. Өсүмдүктүн өсүүсү, сырткы таасирлерге туруктуулугу, сабак, жалбырак жана тамырында заттардын өтүшү, гүлүнүн Күн абалына же курт-кумурскачыл өсүмдүктөрдүн курт-кумурскаларга болгон реакциясы, чөйрөнүн ар кандай факторлоруна (жарык, жерге тартылуу, химиялык заттар ж.б.) өсүмдүк органдарынын өсүү багыты (ийилүү) – тропизмдер, настиялар, нутациялар ж.б. изилденет. Кыймыл биомеханикасы анатомия жана теориялык механиканын маалыматтарына негизделген, кыймыл органдарынын структурасын; дем алуу аппаратынын биомеханикасы органдын серпилгич, серпилгич эмес каршылыгы, дем алуу кыймылынын динамикасы ж. б.; кан айлануу биомеханикасы кан тамырлар жана жүрөктүн серпилгичтигин, кан агымына кан тамырдагы гидравликалык каршылыкты, кан тамыр капталына толкундун таралышын, кандын кыймылы, жүрөк иши ж.б. изилдейт. Таяныч-кыймыл аппаратынын биомеханикасы булчуңдардын касиети, сөөктөр, муундар, байламталар ж.б. бышыктыгын аныктайт. Биомеханика боюнча иштер ар кандай илимдерде: эмгек ж-а спорт физиологиясы, аскер жана клиникалык медицина, анын ичинен неврология, ортопедия, травматология, протездөөдө кызыгуу жаратат. Биомеханика маалыматтары техниканын ар кандай областарында пайдаланылуучу автомат-манипулятор жана роботторду жасоодо колдонулат. Дем алуу жана кан айлануу биомеханикасынын изилдөөлөрү «жүрөк-өпкө» аппаратын түзүүнүн негизи болгон.