БИОСТРАТИГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
Белги: Undo |
||
(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОСТРАТИГРА́ФИЯ ''' (''био...'' ж-а ''стратиграфия) – стратиграфиянын'' бир тармагы; чөйрөнүн өзгөрүшүнө жараша организимдин | '''БИОСТРАТИГРА́ФИЯ ''' (''био...'' ж-а ''стратиграфия) – стратиграфиянын'' бир тармагы; чөйрөнүн өзгөрүшүнө жараша организимдин эволюциялык жол менен өнүгүшү. Ар кайсы жердеги окшош катмарлардын өз ара байланыштарын жана салыштырмалуу жаштарын аныктоодо чөкмө тоо тектердеги организмдердин ташка айланган калдыктарынын таралышын изилдейт. Мында чөкмө тектердин арасында кездешүүчү организмдердин ташка айланган калдыктарына карап, ошол катмардын салыштырмалуу жашы аныкталат. Стратиграфиялык шкаласы түзүлөт. Анткени организмдердин өсүп-өнүгүшү, түрлөрүнүн өзгөрүшү чөйрөгө байланыштуу. Ошол себептен организмдердин ташка айланган калдыктарын жана алардын жер бетинде таралышын изилдеп, чөкмө тектердин пайда болуу мезгилин аныктоого болот. Катмарларды өз алдынча биозоналарга бөлүүдө, аябаган зор аянтты ээлеп, өтө көп тараган жана кыска мөөнөттүн ичинде толук өлүп жок болгон организмдердин, планктондордун, споралардын калдыктары зор мааниге ээ. Терминди биринчи жолу бельгиялык палеонтолог Долло киргизген. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
06:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
БИОСТРАТИГРА́ФИЯ (био... ж-а стратиграфия) – стратиграфиянын бир тармагы; чөйрөнүн өзгөрүшүнө жараша организимдин эволюциялык жол менен өнүгүшү. Ар кайсы жердеги окшош катмарлардын өз ара байланыштарын жана салыштырмалуу жаштарын аныктоодо чөкмө тоо тектердеги организмдердин ташка айланган калдыктарынын таралышын изилдейт. Мында чөкмө тектердин арасында кездешүүчү организмдердин ташка айланган калдыктарына карап, ошол катмардын салыштырмалуу жашы аныкталат. Стратиграфиялык шкаласы түзүлөт. Анткени организмдердин өсүп-өнүгүшү, түрлөрүнүн өзгөрүшү чөйрөгө байланыштуу. Ошол себептен организмдердин ташка айланган калдыктарын жана алардын жер бетинде таралышын изилдеп, чөкмө тектердин пайда болуу мезгилин аныктоого болот. Катмарларды өз алдынча биозоналарга бөлүүдө, аябаган зор аянтты ээлеп, өтө көп тараган жана кыска мөөнөттүн ичинде толук өлүп жок болгон организмдердин, планктондордун, споралардын калдыктары зор мааниге ээ. Терминди биринчи жолу бельгиялык палеонтолог Долло киргизген.