БИОСФЕРАЛЫК РЕЗЕРВАТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БИОСФЕРАЛЫК РЕЗЕРВА́Т ''' – табияттын адамзатынын колу тие элек бөлүктөрүн калыбында сактап калуу, о. эле өзгөрүүгө дуушарланган бөлүктөрүн калыбына келтирүү максатында уюшулган аймак; чарбалык терс таасирди чектеп, закон аркылуу коргоолуучу экон.-экол. регион. Ал табигый ж-а маданий ландшафттан туруп, анда тиричилик кылгандар алдын-ала иштелип чыккан табиятты коргоо ж-а бузулган аймакты калыбына келтирүү планы б-ча иш жүргүзөт. Алгачкы Б. р-тар 1970-ж. табиятты коргоо, ил.- из. иштерди жүргүзүү үчүн ЮНЕСКОнун эл аралык «Адам жана Биосфера» программасынын чегинде түзүлө баштаган. Бүгүнкү күндө Б.р. ж-дө түшүнүк Севильяда (1995) болуп өткөн ЮНЕСКОнун эл аралык конференциясында калыптанган. Б. р. үч негизги бөлүктөн – ядролук (биотүрдүүлүк жакшы каралган ж-а табигый зонасы баштапкы абалда сакталган), буфердик (өтмө) ж-а өнүгүү (узак мөөнөткө чөйрөнү туура пайдалануу) зоналарынан турат. Анын негизги функциялары: коргоо (экосистемалардын ж-а ландшафттардын генетикалык ресурстарын сактоо), колдонуу (экон. ж-а социалдык өнүгүүнү туура жолго коюп, узак мөөнөттө кармап туруу) ж-а материалдык базалык (демонстрациялык долбоорлорду колдоо; айлана-чөйрөнү коргоо б-ча адистерди даярдоо; чөйрөнү коргоо б-ча жерг., улуттук ж-а глобалдык проблемаларды изилдөө ж-а аларга көзөмөл жүргүзүү). Кырг-ндагы ''Ысык-Көл биосфералык резерваты'' 2001-ж. уюшулган.  
'''БИОСФЕРАЛЫК РЕЗЕРВА&#769;Т ''' – табияттын адамзатынын колу тие элек бөлүктөрүн калыбында сактап калуу, ошондой эле өзгөрүүгө дуушарланган бөлүктөрүн калыбына келтирүү максатында уюшулган аймак; чарбалык терс таасирди чектеп, закон аркылуу коргоолуучу экономикалык-экологиялык регион. Ал табигый жана маданий ландшафттан туруп, анда тиричилик кылгандар алдын-ала иштелип чыккан табиятты коргоо жана бузулган аймакты калыбына келтирүү планы боюнча иш жүргүзөт. Алгачкы Биосфералык резерваттар 1970-жылы табиятты коргоо, илимий- изилдөө иштерди жүргүзүү үчүн ЮНЕСКОнун эл аралык «Адам жана Биосфера» программасынын чегинде түзүлө баштаган. Бүгүнкү күндө Биосфералык резерват жөнүндө түшүнүк Севильяда (1995) болуп өткөн ЮНЕСКОнун эл аралык конференциясында калыптанган. Биосфералык резерват үч негизги бөлүктөн – ядролук (биотүрдүүлүк жакшы каралган жана табигый зонасы баштапкы абалда сакталган), буфердик (өтмө) жана өнүгүү (узак мөөнөткө чөйрөнү туура пайдалануу) зоналарынан турат. Анын негизги функциялары: коргоо (экосистемалардын ж-а ландшафттардын генетикалык ресурстарын сактоо), колдонуу (экономикалык жана социалдык өнүгүүнү туура жолго коюп, узак мөөнөттө кармап туруу) жана материалдык базалык (демонстрациялык долбоорлорду колдоо; айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адистерди даярдоо; чөйрөнү коргоо боюнча жергиликтүү, улуттук жана глобалдык проблемаларды изилдөө жана аларга көзөмөл жүргүзүү). Кыргызстандагы ''Ысык-Көл биосфералык резерваты'' 2001-жылы уюшулган. <br/>''Т. Асыкулов''.
<br/>''Т. Асыкулов''.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:43, 19 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БИОСФЕРАЛЫК РЕЗЕРВА́Т – табияттын адамзатынын колу тие элек бөлүктөрүн калыбында сактап калуу, ошондой эле өзгөрүүгө дуушарланган бөлүктөрүн калыбына келтирүү максатында уюшулган аймак; чарбалык терс таасирди чектеп, закон аркылуу коргоолуучу экономикалык-экологиялык регион. Ал табигый жана маданий ландшафттан туруп, анда тиричилик кылгандар алдын-ала иштелип чыккан табиятты коргоо жана бузулган аймакты калыбына келтирүү планы боюнча иш жүргүзөт. Алгачкы Биосфералык резерваттар 1970-жылы табиятты коргоо, илимий- изилдөө иштерди жүргүзүү үчүн ЮНЕСКОнун эл аралык «Адам жана Биосфера» программасынын чегинде түзүлө баштаган. Бүгүнкү күндө Биосфералык резерват жөнүндө түшүнүк Севильяда (1995) болуп өткөн ЮНЕСКОнун эл аралык конференциясында калыптанган. Биосфералык резерват үч негизги бөлүктөн – ядролук (биотүрдүүлүк жакшы каралган жана табигый зонасы баштапкы абалда сакталган), буфердик (өтмө) жана өнүгүү (узак мөөнөткө чөйрөнү туура пайдалануу) зоналарынан турат. Анын негизги функциялары: коргоо (экосистемалардын ж-а ландшафттардын генетикалык ресурстарын сактоо), колдонуу (экономикалык жана социалдык өнүгүүнү туура жолго коюп, узак мөөнөттө кармап туруу) жана материалдык базалык (демонстрациялык долбоорлорду колдоо; айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адистерди даярдоо; чөйрөнү коргоо боюнча жергиликтүү, улуттук жана глобалдык проблемаларды изилдөө жана аларга көзөмөл жүргүзүү). Кыргызстандагы Ысык-Көл биосфералык резерваты 2001-жылы уюшулган.
Т. Асыкулов.