БИРИНЧИ МАЙ (Кара-Кулжа районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БИРИНЧИ МАЙ ''' – эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү. Биринчи Май күнү жыл сайын жумушчулардын демонстрациясын өткөрүү ж-дө чечим 1889-ж. июлда 2-Интернационалдын Париж конгрессинде кабыл алынган. Конгресс эмгек шарттарын жакшыртуу, жумуш күнүн 8 саатка чейин кыскартуу талабын коюп, бүткүл дүйнөдөгү жумушчулардын күчүн бириктирүү максатын колдоп, 1886-ж. Биринчи Майда демонстрация ж-а иш таштоо уюштурган Чикаго (АКШ) ш-нын жумушчуларына тилектештигин билдирген. Эл аралык майрам катары алгачкы жолу 1890-ж. Австрия-Венгрия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Италия, АКШ, Россия, Норвегия, Франция, Швеция ж. б. өлкөлөрдө (Улуу Британияда 4-май 1890-ж.) өткөрүлгөн. 1917-ж-дагы Февраль рев-ясынын жеңишинен кийин Россияда Биринчи Май эркин белгиленип, көчөлөргө миллиондогон эмгекчилер «Бардык бийлик Советтерге!» деген ураан м-н чыгышкан. Биринчи Май майрамы Кырг-нда биринчи жолу 1919-ж. Пишпек ш-нда белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, Пишпек ш-нын борбордук көчөлөрү аркылуу Эмен паркына келип, андагы Боордоштордун көрүстөнүнө гүл коюшкан. Бүгүнкү күндө бул күн майрам катары дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет. 1992-жылдан Биринчи Май өлкөбүздө Жаз ж-а эмгек майрамы катары майрамдалып келет.  
'''БИРИНЧИ МАЙ, ''' С е к е л е к Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кара-Кулжа айыл округуна караштуу. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 6 ''км'' чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 87 ''км''. Деӊиз деӊгээлинен 1520 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Калкы 6816 (2022); негизинен мал чарбасында жана тоют өсүмдүктөрүн даярдоодо эмгектенет. Үч орто мектеп, китепкана, ФАП, үй-бүлөлүк врачтар тобу, оорукана бар.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:37, 19 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БИРИНЧИ МАЙ, С е к е л е к – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кара-Кулжа айыл округуна караштуу. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 6 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 87 км. Деӊиз деӊгээлинен 1520 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 6816 (2022); негизинен мал чарбасында жана тоют өсүмдүктөрүн даярдоодо эмгектенет. Үч орто мектеп, китепкана, ФАП, үй-бүлөлүк врачтар тобу, оорукана бар.