ВАЛЬС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
(нем. walzen – айлануу) – муз. жанр; жай жүрүштө тегеренип, эки адам бийлөөчү бий.
'''ВАЛЬС ''' (нем. walzen – айлануу) – музыкалык жанр; жай жүрүштө тегеренип, эки адам бийлөөчү бий.<br/>
 
[[File:ВАЛЬС24.png | thumb | Вальс. 20-кылымдын башындагы афиша.]]
Вальс. 20-кылымдын башындагы афиша.
Музыкалык өлчөмү адатта 3/4. XVIII кылымдын 2-жарымында шаар турмушунда пайда болгон. Мекени Түштүк Германия жана Австрия. XIX кылымда бүтүндөй Европага, айрыкча Вена вальсы өтө кеӊири тараган. Вальстын эӊ мыкты үлгүлөрүн ата-бала Штраустар, Ф. Шуберт, Р. Шуман жана башка композиторлор жазышкан. Музыкалык театрда (операда, балетте, оперетталарда) пайда боло баштаган. Вебер фортепьяно үчүн («Бийге чакыруу»),     М.&nbsp;И.  Глинка оркестр үчүн («Вальс-фантазия») чыгармаларды, П.&nbsp;Чайковский симфонияларды, сюиталарды жазган. Вальс жанры орустун классикалык музыкасында да күчтүү өнүккөн. Кыргыз профессионал музыкасында да Вальс жанры калыптанган (мисалы, М.&nbsp;Раухвергердин «Чолпон» балетинен вальс, А. Түлөевдин «Жаштар вальсы», К. Молдобасановдун «Ысык-Көл вальсы», К. Тагаевдин «Көл вальсы» жана башкалар).
Муз. өлчөмү адатта 3/4. 18-к-дын 2-жарымында шаар турмушунда пайда болгон. Мекени Түш. Германия ж-а Австрия. 19-к-да бүтүндөй Европага, айрыкча вена вальсы өтө кеӊири тараган. В-тын эӊ мыкты үлгүлөрүн ата-бала Штраустар, Ф. Шуберт, Р. Шуман ж. б. композиторлор жазышкан. Муз. театрда (операда, балетте, оперетталарда) пайда боло баштаган. Вебер фортепьяно үчүн («Бийге чакыруу»), Глинка оркестр үчүн («Вальс-фантазия») чыгармаларды, Чайковский симфонияларды, сюиталарды жазган. В. жанры орустун классикалык музыкасында да күчтүү өнүккөн. Кыргыз профессионал музыкасында да В. жанры калыптанган (мис., Раухвергердин «Чолпон» балетинен вальс, А. Түлөевдин «Жаштар вальсы», К. Молдобасановдун «Ысык-Көл вальсы», К. Тагаевдин «Көл вальсы» ж. б.).
[[Файл:Unnamed.jpg|left|thumb]]
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:44, 6 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ВАЛЬС (нем. walzen – айлануу) – музыкалык жанр; жай жүрүштө тегеренип, эки адам бийлөөчү бий.

Вальс. 20-кылымдын башындагы афиша.

Музыкалык өлчөмү адатта 3/4. XVIII кылымдын 2-жарымында шаар турмушунда пайда болгон. Мекени Түштүк Германия жана Австрия. XIX кылымда бүтүндөй Европага, айрыкча Вена вальсы өтө кеӊири тараган. Вальстын эӊ мыкты үлгүлөрүн ата-бала Штраустар, Ф. Шуберт, Р. Шуман жана башка композиторлор жазышкан. Музыкалык театрда (операда, балетте, оперетталарда) пайда боло баштаган. Вебер фортепьяно үчүн («Бийге чакыруу»), М. И. Глинка оркестр үчүн («Вальс-фантазия») чыгармаларды, П. Чайковский симфонияларды, сюиталарды жазган. Вальс жанры орустун классикалык музыкасында да күчтүү өнүккөн. Кыргыз профессионал музыкасында да Вальс жанры калыптанган (мисалы, М. Раухвергердин «Чолпон» балетинен вальс, А. Түлөевдин «Жаштар вальсы», К. Молдобасановдун «Ысык-Көл вальсы», К. Тагаевдин «Көл вальсы» жана башкалар).