БОЗ КОӉОРЧОК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БОЗ-КОӉОРЧОК ''' (Nitraria) – өсүмдүктөрдүн жуп жалбырактуулар тукумунун уруусу. Бийикт. 0,5–2 ''м''ге жеткен, жерге төшөлүп өсүүчү бадал. Сабагы ак же мала жашыл, көп бутактуу, көбүнчө тикендүү. Жалбырагы жан жалбырактуу, сабакка кезектешип жайгашат, жээги тегиз, өтө ширелүү, ошондуктан алар калыӊ. Гүлү беш мүчөлүү, саргыч же ак, жалбырак колтугунда жайгашып, бурулча топ гүлгө чогулган. Аталыгы 5–10, энелиги жалгыз, мөмөлүгү 3 уялуу, чаӊдагычы 3 бөлүктүү. Сөөктүү мөмөсү кара, кочкул көк, ширелүү. Топ гүлү – бурулча, түсү сары же ак, 5 мөмөчөлүү. Жер жүзүндө 8 түрү белгилүү, Кырг-нда 2 түрү тоо этектеринде ак топурактуу, шор ж-а кумдак жерлерде өсөт. Балыкчы ш-на кире бериш жеринде өзгөчө өсүмдүк жамаатын – бархан өсүмдүктүүлүгүн түзөт. Бул аталган аймакта дайыма катуу шамал болуп тургандыктан, кум ар бир Б. к-тун түбүнө чогула берип, бийик дөӊчөлөрдү пайда кылат. Мөмөсү канаттууларга жакшы жем. Мурдатан эле жерг. эл самын кайнатууда, жүн же кездеме боёдо колдонуп келген.
'''БОЗ   КОӉОРЧОК ''' (Nitraria) – өсүмдүктөрдүн жуп жалбырактуулар тукумунун уруусу. Бийиктиги 0,5–2 ''м''ге жеткен, жерге төшөлүп өсүүчү бадал. Сабагы ак же мала жашыл, көп бутактуу, көбүнчө тикендүү. Жалбырагы жан жалбырактуу, сабакка кезектешип жайгашат, жээги тегиз, өтө ширелүү, ошондуктан алар калыӊ. Гүлү беш мүчөлүү, саргыч же ак, жалбырак колтугунда жайгашып, бурулча топ гүлгө чогулган. Аталыгы 5–10, энелиги жалгыз, мөмөлүгү 3 уялуу, чаӊдагычы 3 бөлүктүү. Сөөктүү мөмөсү кара, кочкул көк, ширелүү. Топ гүлү – бурулча, түсү сары же ак, 5 мөмөчөлүү. Жер жүзүндө 8 түрү белгилүү, Кыргызстанда 2 түрү тоо этектеринде ак топурактуу, шор жана кумдак жерлерде өсөт. Балыкчы шаарынын кире бериш жеринде өзгөчө өсүмдүк жамаатын – бархан өсүмдүктүүлүгүн түзөт. Бул аталган аймакта дайыма катуу шамал болуп тургандыктан, кум ар бир боз коңорчоктун түбүнө чогула берип, бийик дөӊчөлөрдү пайда кылат. Мөмөсү канаттууларга жакшы жем. Мурдатан эле жергиликтүү эл самын кайнатууда, жүн же кездеме боёдо колдонуп келген.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:56, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БОЗ КОӉОРЧОК (Nitraria) – өсүмдүктөрдүн жуп жалбырактуулар тукумунун уруусу. Бийиктиги 0,5–2 мге жеткен, жерге төшөлүп өсүүчү бадал. Сабагы ак же мала жашыл, көп бутактуу, көбүнчө тикендүү. Жалбырагы жан жалбырактуу, сабакка кезектешип жайгашат, жээги тегиз, өтө ширелүү, ошондуктан алар калыӊ. Гүлү беш мүчөлүү, саргыч же ак, жалбырак колтугунда жайгашып, бурулча топ гүлгө чогулган. Аталыгы 5–10, энелиги жалгыз, мөмөлүгү 3 уялуу, чаӊдагычы 3 бөлүктүү. Сөөктүү мөмөсү кара, кочкул көк, ширелүү. Топ гүлү – бурулча, түсү сары же ак, 5 мөмөчөлүү. Жер жүзүндө 8 түрү белгилүү, Кыргызстанда 2 түрү тоо этектеринде ак топурактуу, шор жана кумдак жерлерде өсөт. Балыкчы шаарынын кире бериш жеринде өзгөчө өсүмдүк жамаатын – бархан өсүмдүктүүлүгүн түзөт. Бул аталган аймакта дайыма катуу шамал болуп тургандыктан, кум ар бир боз коңорчоктун түбүнө чогула берип, бийик дөӊчөлөрдү пайда кылат. Мөмөсү канаттууларга жакшы жем. Мурдатан эле жергиликтүү эл самын кайнатууда, жүн же кездеме боёдо колдонуп келген.