БОЗ-ТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОЗ-ТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ ''' – б. з. ч. 6–3- | '''БОЗ-ТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ ''' – б. з. ч. 6–3-кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Чычкан суусунун оӊ жээгинде жайгашкан. Көрүстөн 40 дөбө-коргондон турат. Бийиктиги 2–5 ''м'', диаметри 20–45 ''м''дей. Көрүстөн 1972-жылы И. Кожомбердиев жетектеген археологиялык отряд тарабынан табылып, изилденген. 27 коргон казылып, тонолуп кеткендиги аныкталган. Буга карабастан коргондон чопо идиштер, илбирстин башы түшүрүлгөн сүрөттөрү бар коло буюмдар, аттын ооздугу, канжардын сабы, жебенин учу ж. б. табылган. <br/>''Д. Ф. Винник.'' | ||
<br/>''Д. Ф. Винник.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:49, 24 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БОЗ-ТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 6–3-кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Чычкан суусунун оӊ жээгинде жайгашкан. Көрүстөн 40 дөбө-коргондон турат. Бийиктиги 2–5 м, диаметри 20–45 мдей. Көрүстөн 1972-жылы И. Кожомбердиев жетектеген археологиялык отряд тарабынан табылып, изилденген. 27 коргон казылып, тонолуп кеткендиги аныкталган. Буга карабастан коргондон чопо идиштер, илбирстин башы түшүрүлгөн сүрөттөрү бар коло буюмдар, аттын ооздугу, канжардын сабы, жебенин учу ж. б. табылган.
Д. Ф. Винник.