БОЗ-УЧУК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БОЗ-УЧУК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ ''' – дарыланууга жарамдуу ысык суу булактары. Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нунда, Каракол ш-нан 30 ''км'' чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы Боз-Учук суусунун өрөөнүндө, деӊиз деӊг. 2200 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Суу жерг. элге илгертеден белгилүү. Булак борб. бөлүгү граниттерден түзүлгөн антиклинорийдин түн. капталындагы тектон. жарака аркылуу жер бетине чыгат. Булактардын дебити 1,72 ''л/сек''. Хим. курамы, физ. касиети б-ча аз минералдашкан (0,8 ''г/л''), азоттуу (99%), сульфат-хлорит натрий-кальцийлүү арашан сууларына кирет. Суунун темп-расы 28–30°С. Түссүз ж-а даамсыз, бир аз күкүрттүү суутек жыттанат. Курамында литий, стронций ж. б. бар. Суудагы биол. активдүү компоненттер: эркин түрүндөгү СО<sub>2</sub> (7 ''мг/л''), H<sub>2</sub>S (7 ''мг/л''), кремний к-тасы (38 ''мг/л'') ж-а радон (43,9 ''эман''). Б.-У. м. с. дарычылык касиети б-ча белгилүү Кулдур (Хабаров крайы) минералдуу суусуна окшош. Суу м-н муун, таяныч органдарын, нерв, ашказан, тери ж-а гинекология ооруларын дарылоого болот. Жерг. эл пайдалануу үчүн ал жерге «Алтын-Булак» дарылануучу жайы курулган.
'''БОЗ-УЧУК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ ''' – дарыланууга жарамдуу ысык суу булактары. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Каракол шаарынан 30 ''км'' чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Боз-Учук суусунун өрөөнүндө, деӊиз деӊгээлинен 2200 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Суу жергиликтүү элге илгертеден белгилүү. Булак борборунун бөлүгү граниттерден түзүлгөн антиклинорийдин түндүк капталындагы тектоникалык жарака аркылуу жер бетине чыгат. Булактардын дебити 1,72 ''л/сек''. Химиялык курамы, физикалык касиети боюнча аз минералдашкан (0,8 ''г/л''), азоттуу (99%), сульфат-хлорит натрий-кальцийлүү арашан сууларына кирет. Суунун температурасы 28–30°С. Түссүз жана даамсыз, бир аз күкүрттүү суутек жыттанат. Курамында литий, стронций ж. б. бар. Суудагы биологиялык активдүү компоненттер: эркин түрүндөгү СО<sub>2</sub> (7 ''мг/л''), H<sub>2</sub>S (7 ''мг/л''), кремний кислотасы (38 ''мг/л'') жана радон (43,9 ''эман''). Боз-Учук минералдуу суусу дарычылык касиети боюнча белгилүү Кулдур (Хабаров крайы) минералдуу суусуна окшош. Суу менен муун, таяныч органдарын, нерв, ашказан, тери жана гинекология ооруларын дарылоого болот. Жергиликтүү эл пайдалануу үчүн ал жерге «Алтын-Булак» дарылануучу жайы курулган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:00, 24 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БОЗ-УЧУК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыланууга жарамдуу ысык суу булактары. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Каракол шаарынан 30 км чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Боз-Учук суусунун өрөөнүндө, деӊиз деӊгээлинен 2200 м бийиктикте жайгашкан. Суу жергиликтүү элге илгертеден белгилүү. Булак борборунун бөлүгү граниттерден түзүлгөн антиклинорийдин түндүк капталындагы тектоникалык жарака аркылуу жер бетине чыгат. Булактардын дебити 1,72 л/сек. Химиялык курамы, физикалык касиети боюнча аз минералдашкан (0,8 г/л), азоттуу (99%), сульфат-хлорит натрий-кальцийлүү арашан сууларына кирет. Суунун температурасы 28–30°С. Түссүз жана даамсыз, бир аз күкүрттүү суутек жыттанат. Курамында литий, стронций ж. б. бар. Суудагы биологиялык активдүү компоненттер: эркин түрүндөгү СО2 (7 мг/л), H2S (7 мг/л), кремний кислотасы (38 мг/л) жана радон (43,9 эман). Боз-Учук минералдуу суусу дарычылык касиети боюнча белгилүү Кулдур (Хабаров крайы) минералдуу суусуна окшош. Суу менен муун, таяныч органдарын, нерв, ашказан, тери жана гинекология ооруларын дарылоого болот. Жергиликтүү эл пайдалануу үчүн ал жерге «Алтын-Булак» дарылануучу жайы курулган.