БОЙЛЬ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
Белги: Undo |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОЙЛЬ ''' (Boyle) Роберт (25.1.1627, Ирландия Лисмор, – 31.12.1691, Лондон) – | '''БОЙЛЬ ''' '''(Boyle) Роберт''' (25.1.1627, Ирландия Лисмор, – 31.12.1691, Лондон) – англиялык химик жана физик. Лондондогу Королдук коомду уюштуруучулардын бири. Адегенде дин жана философия менен алектенип, кийин химия жана физика боюнча изилдөө иштерине киришкен. 1665-жылы Оксфорд университетинин физика боюнча ардактуу доктору наамын алган. Химиялык элементтерге 1-жолу илимий аныктама берген жана химияга эксперименттик ыкманы киргизген. Химиялык анализдин баштоочусу болгон жана химия өзүнчө илим экендигин аныктаган. Бойлга физика боюнча да фундаменттүү чоӊ илимий эмгектер таандык. Ал 1662-жылы газ закондорунун бирин – ''Бойль-Мариотт законун'' ачкан. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:59, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
БОЙЛЬ (Boyle) Роберт (25.1.1627, Ирландия Лисмор, – 31.12.1691, Лондон) – англиялык химик жана физик. Лондондогу Королдук коомду уюштуруучулардын бири. Адегенде дин жана философия менен алектенип, кийин химия жана физика боюнча изилдөө иштерине киришкен. 1665-жылы Оксфорд университетинин физика боюнча ардактуу доктору наамын алган. Химиялык элементтерге 1-жолу илимий аныктама берген жана химияга эксперименттик ыкманы киргизген. Химиялык анализдин баштоочусу болгон жана химия өзүнчө илим экендигин аныктаган. Бойлга физика боюнча да фундаменттүү чоӊ илимий эмгектер таандык. Ал 1662-жылы газ закондорунун бирин – Бойль-Мариотт законун ачкан.