БАНДУНГ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1955): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАНДУ́НГ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1955) ''' Азия ж-а Африканын 29 өлкөсүнүн катышуусу м-н Бандунгда (Индонезия) 1955-ж. 14–18-апрелде өткөн. Б. к-н чакыруу ж-дө Индия, Бирма, Индонезия, Пакистан ж-а Цейлондун премьер-министрлеринин Коломбодо өткөн кеӊешмесинде (1954-ж., апрель) макулдашылган. Алардан тышкары конф-яга: Афганстан, Камбожа, Кытай, Египет, Эфиопия, Алтын Жээк, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Лаос, Ливан, Либерия, Ливия, Непал, Филиппин, Сауд Аравиясы, Судан, Сирия, Таиланд, Түркия, Вьетнам Демокр. Респ., Түш. Вьетнам, Йемен катышкан. Б. к-нын катышуучулары колониализмди, расачыл сегрегацияны ж-а дискриминацияны айыптап, Камбожа, Цейлон, Япония, Иордания, Лаос, Ливия, Непал ж-а Бириккен Вьетнамды БУУга кабыл алуу өтүнүчү ж-а Коопсуздук Советинин убактылуу мүчөлөрүнүн ордун бөлүштүргөндө Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн өкүлдүктөрүнө карата геогр. принципти туура колдонуу тууралуу Коопсуздук Советине кайрылган. Б. к. өлкөлөрдү экон. ж-а маданий кызматташтыкка, куралсызданууга, атомдук ж-а термоядролук куралдарды чыгарууга, сыноого ж-а колдонууга тыюу салууга; бардык талаш-тартыш маселелерди тынчтык жол м-н жөнгө салууга чакырган. Б. к. Азия, Африка элдеринин улуттук аӊ-сезимин өстүрүүгө, улуттук-боштондук кыймылынын өөрчүшүнө жардам берген.
'''БАНДУ́НГ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1955) ''' Азия жана Африканын 29 өлкөсүнүн катышуусу менен Бандунгда (Индонезия) 1955-жылы 14–18-апрелде өткөн. Бандунг конференциясын чакыруу жөнүндө Индия, Бирма, Индонезия, Пакистан жана Цейлондун премьер-министрлеринин Коломбодо өткөн кеӊешмесинде (1954-жыл, апрель) макулдашылган. Алардан тышкары конференцияга: Афганстан, Камбожа, Кытай, Египет, Эфиопия, Алтын Жээк, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Лаос, Ливан, Либерия, Ливия, Непал, Филиппин, Сауд Аравиясы, Судан, Сирия, Таиланд, Түркия, Вьетнам Демократиялык  Республикасы, Түштүк Вьетнам, Йемен катышкан. Бандунг конференциясынын катышуучулары колониализмди, расачыл сегрегацияны жана дискриминацияны айыптап, Камбожа, Цейлон, Япония, Иордания, Лаос, Ливия, Непал жана Бириккен Вьетнамды Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алуу өтүнүчү жана Коопсуздук Советинин убактылуу мүчөлөрүнүн ордун бөлүштүргөндө Азия жана Африка өлкөлөрүнүн өкүлдүктөрүнө карата географиялык принципти туура колдонуу тууралуу Коопсуздук Советине кайрылган. Бандунг конференциясы өлкөлөрдү экономикалык жана маданий кызматташтыкка, куралсызданууга, атомдук жана термоядролук куралдарды чыгарууга, сыноого жана колдонууга тыюу салууга; бардык талаш-тартыш маселелерди тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырган. Бандунг конференциясы Азия, Африка элдеринин улуттук аӊ-сезимин өстүрүүгө, улуттук-боштондук кыймылынын өөрчүшүнө жардам берген.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:42, 14 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы

БАНДУ́НГ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1955) Азия жана Африканын 29 өлкөсүнүн катышуусу менен Бандунгда (Индонезия) 1955-жылы 14–18-апрелде өткөн. Бандунг конференциясын чакыруу жөнүндө Индия, Бирма, Индонезия, Пакистан жана Цейлондун премьер-министрлеринин Коломбодо өткөн кеӊешмесинде (1954-жыл, апрель) макулдашылган. Алардан тышкары конференцияга: Афганстан, Камбожа, Кытай, Египет, Эфиопия, Алтын Жээк, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Лаос, Ливан, Либерия, Ливия, Непал, Филиппин, Сауд Аравиясы, Судан, Сирия, Таиланд, Түркия, Вьетнам Демократиялык Республикасы, Түштүк Вьетнам, Йемен катышкан. Бандунг конференциясынын катышуучулары колониализмди, расачыл сегрегацияны жана дискриминацияны айыптап, Камбожа, Цейлон, Япония, Иордания, Лаос, Ливия, Непал жана Бириккен Вьетнамды Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алуу өтүнүчү жана Коопсуздук Советинин убактылуу мүчөлөрүнүн ордун бөлүштүргөндө Азия жана Африка өлкөлөрүнүн өкүлдүктөрүнө карата географиялык принципти туура колдонуу тууралуу Коопсуздук Советине кайрылган. Бандунг конференциясы өлкөлөрдү экономикалык жана маданий кызматташтыкка, куралсызданууга, атомдук жана термоядролук куралдарды чыгарууга, сыноого жана колдонууга тыюу салууга; бардык талаш-тартыш маселелерди тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырган. Бандунг конференциясы Азия, Африка элдеринин улуттук аӊ-сезимин өстүрүүгө, улуттук-боштондук кыймылынын өөрчүшүнө жардам берген.