БАНТУСТАНДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАНТУСТАНДАР, ''' х о у м л е н д д е р – 1951–94-ж. Түш.- Африка Респ-нын (ТАР) бийликтери тарабынан жерг. африкалыктар жашаган аймактарда уруулук белгилери б-ча түзүлгөн мамл. бирикмелер. ''Бантулардын'' өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү б-ча 1959-ж-дагы мыйзамга ылайык ар кандай режимдеги 10 бантустан түзүлгөн. Алардын төртөөнө көз каранды эместик, алтоосуна өз алдынча башкаруу укугу берилген. Булар – Транскей, (1976), Бопутатсвана, (1977), Венда (1979) ж-а Сискей (1981) мамлекеттери. Ар бир мамлекет демокр. конституцияларды кабыл алышкан. Бирок, чындыгында алардын «суверендүүлүгү» желек ж-а гимнге ээ болуу м-н гана чектелген. Саясий ж-а экон. жактан толугу м-н ТАРдын өкмөтүнүн көзөмөлүндө турган. 1980-ж-да Б-да ич ара чатактар, төӊкөрүштөр токтобой койгон. 1992-ж. Сискейдин полициялык күчтөрү Бишодогу Африка улуттук конгрессинин демонстрациясынын катышуучуларын кандуу жазалоого катышкан. 1994-жылдагы демокр. шайлоолордон кийин жоюлган.
'''БАНТУСТАНДАР, ''' х о у м л е н д д е р – 1951–94-жылдарда Түштүк- Африка Республикасынын (ТАР) бийликтери тарабынан жергиликтүү африкалыктар жашаган аймактарда уруулук белгилери боюнча түзүлгөн мамлекеттик бирикмелер. ''Бантулардын'' өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү боюнча 1959-жылдагы мыйзамга ылайык ар кандай режимдеги 10 бантустан түзүлгөн. Алардын төртөөнө көз каранды эместик, алтоосуна өз алдынча башкаруу укугу берилген. Булар – Транскей, (1976), Бопутатсвана, (1977), Венда (1979) жана Сискей (1981) мамлекеттери. Ар бир мамлекет демократиялык конституцияларды кабыл алышкан. Бирок, чындыгында алардын «суверендүүлүгү» желек жана гимнге ээ болуу менен гана чектелген. Саясий жана экономикалык жактан толугу менен Түштүк-Африка Республикасынын өкмөтүнүн көзөмөлүндө турган. 1980-жылдарда Бантустандарда ич ара чатактар, төӊкөрүштөр токтобой койгон. 1992-жылы Сискейдин полициялык күчтөрү Бишодогу Африка улуттук конгрессинин демонстрациясынын катышуучуларын кандуу жазалоого катышкан. 1994-жылдагы демократиялык шайлоолордон кийин жоюлган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:07, 12 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

БАНТУСТАНДАР, х о у м л е н д д е р – 1951–94-жылдарда Түштүк- Африка Республикасынын (ТАР) бийликтери тарабынан жергиликтүү африкалыктар жашаган аймактарда уруулук белгилери боюнча түзүлгөн мамлекеттик бирикмелер. Бантулардын өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү боюнча 1959-жылдагы мыйзамга ылайык ар кандай режимдеги 10 бантустан түзүлгөн. Алардын төртөөнө көз каранды эместик, алтоосуна өз алдынча башкаруу укугу берилген. Булар – Транскей, (1976), Бопутатсвана, (1977), Венда (1979) жана Сискей (1981) мамлекеттери. Ар бир мамлекет демократиялык конституцияларды кабыл алышкан. Бирок, чындыгында алардын «суверендүүлүгү» желек жана гимнге ээ болуу менен гана чектелген. Саясий жана экономикалык жактан толугу менен Түштүк-Африка Республикасынын өкмөтүнүн көзөмөлүндө турган. 1980-жылдарда Бантустандарда ич ара чатактар, төӊкөрүштөр токтобой койгон. 1992-жылы Сискейдин полициялык күчтөрү Бишодогу Африка улуттук конгрессинин демонстрациясынын катышуучуларын кандуу жазалоого катышкан. 1994-жылдагы демократиялык шайлоолордон кийин жоюлган.