БАРАТОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БАРАТОВ ''' Рауф Баратович (10. 10. 1921-ж.т., Тажикстан, Канибадам) – тажик геологу, петрограф, геол.-минералогия илимд. доктору (1966), Тажикстан ИАнын академиги (1968), проф. (1967). О. Азия мамл. ун-тин (САГУ) бүткөн (1945). 1953-жылдан Тажик ССР ИАнын Геология ин-тунда директор. Б. – Тажикстандагы магма тоо тектеринин петрология ж-а металлогениясы б-ча көрүнүктүү адис. Негизги ил. эмгектери Түн. Тажикстан, Памир ж-а Түш. Өзбекстандын, о. эле Кырг-ндын түш.-батышынын геологиясына, магматизм м-н металлогениясына арналган. Б. Ысар-Алай аймагында магматизмдин пайда болуу, өөрчүп-өнүгүү ж-а андагы эндоген кендеринин таралуу мыйзам ченемин аныктаган. Тажикстандын Ибн Сина атн. мамл. сыйл. лауреаты (1970). Илимпоздун урматынан бир минерал – баратовит аталган.
'''БАРАТОВ ''' '''Рауф Баратович''' (10. 10. 1921-жылы туулган, Тажикстан, Канибадам) – тажик геологу, петрограф, геология-минералогия илимдеринин доктору (1966), Тажикстан ИАнын академиги (1968), профессор (1967). Орто Азия мамлекеттик университетин (САГУ) бүткөн (1945). 1953-жылдан Тажик ССР ИАнын геология институтунда директор. Баратов – Тажикстандагы магма тоо тектеринин петрология жана металлогениясы боюнча көрүнүктүү адис. Негизги илимий эмгектери Түндүк Тажикстан, Памир жана Түштүк Өзбекстандын, ошондой эле Кыргызстандын түштүк-батышынын геологиясына, магматизм менен металлогениясына арналган. Баратов Ысар-Алай аймагында магматизмдин пайда болуу, өөрчүп-өнүгүү жана андагы эндоген кендеринин таралуу мыйзам ченемин аныктаган. Тажикстандын Ибн Сина атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Илимпоздун урматынан бир минерал – баратовит аталган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:19, 4 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БАРАТОВ Рауф Баратович (10. 10. 1921-жылы туулган, Тажикстан, Канибадам) – тажик геологу, петрограф, геология-минералогия илимдеринин доктору (1966), Тажикстан ИАнын академиги (1968), профессор (1967). Орто Азия мамлекеттик университетин (САГУ) бүткөн (1945). 1953-жылдан Тажик ССР ИАнын геология институтунда директор. Баратов – Тажикстандагы магма тоо тектеринин петрология жана металлогениясы боюнча көрүнүктүү адис. Негизги илимий эмгектери Түндүк Тажикстан, Памир жана Түштүк Өзбекстандын, ошондой эле Кыргызстандын түштүк-батышынын геологиясына, магматизм менен металлогениясына арналган. Баратов Ысар-Алай аймагында магматизмдин пайда болуу, өөрчүп-өнүгүү жана андагы эндоген кендеринин таралуу мыйзам ченемин аныктаган. Тажикстандын Ибн Сина атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Илимпоздун урматынан бир минерал – баратовит аталган.