БАРБИЗОН МЕКТЕБИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАРБИЗО́Н МЕКТЕБИ ''' – | '''БАРБИЗО́Н МЕКТЕБИ ''' – XIX кылымдын 30–60-жылдарында француздук пейзаж живописинин реалисттик көркөм агымынын өкүлдөрү (Т. Руссо, Ж. Дюпре, Н. Диаз, К. Тройон, Ш. Ф. Добиньи жана башкалар). Парижге жакын Барбизон кыштагында иштешкен. XVII кылымдагы голландиялык пейзажисттердин салттарына таянган Барбизон мектебинин өкүлдөрү улуттук француз пейзажынын жаӊы тибин жаратышкан жана анда француз жаратылышын ачык-айкын, жөнөкөй, поэтикалык формада, күчөтүүсүз чагылдырышкан. Барбизон мектебинин сүрөтчүлөрү токойлорду, дарыяларды, шалбааларды, жупуну кыштактарды чындыкка жакын элестүү тартышкан, алардын түстүк байлыгын, жарык менен аба чөйрөсүнүн айкалыштарын сактап кала алышкан. Барбизон мектеби өзүнүн реалисттик принциптерин расммий академизмге каршы койгон. Жөнөкөй жана күндөлүк нерседен сулуулукту көрө билүүгө, ачык-айкындыкка, жасалмасыздыкка умтулууга, сүрөтчүлөрдү натурадан (чыныгы турпаттан) тартууга чакырган. Барбизон мектебинин чыгармалары XIX кылымдагы Европа көркөм сүрөт искусствосундагы реалисттик пейзаж жанрынын өнүгүүсүнүн маанилүү этаптарынан болгон.<br/> | ||
<br/> | |||
[[File:БАРБИЗОН МЕКТЕБИ12.png | thumb | <center>Ж. Дюпре. «Күзгү пейзаж». Эрмитаж. Санкт-Петербург.</center>]] | [[File:БАРБИЗОН МЕКТЕБИ12.png | thumb | <center>Ж. Дюпре. «Күзгү пейзаж». Эрмитаж. Санкт-Петербург.</center>]] | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:06, 14 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы
БАРБИЗО́Н МЕКТЕБИ – XIX кылымдын 30–60-жылдарында француздук пейзаж живописинин реалисттик көркөм агымынын өкүлдөрү (Т. Руссо, Ж. Дюпре, Н. Диаз, К. Тройон, Ш. Ф. Добиньи жана башкалар). Парижге жакын Барбизон кыштагында иштешкен. XVII кылымдагы голландиялык пейзажисттердин салттарына таянган Барбизон мектебинин өкүлдөрү улуттук француз пейзажынын жаӊы тибин жаратышкан жана анда француз жаратылышын ачык-айкын, жөнөкөй, поэтикалык формада, күчөтүүсүз чагылдырышкан. Барбизон мектебинин сүрөтчүлөрү токойлорду, дарыяларды, шалбааларды, жупуну кыштактарды чындыкка жакын элестүү тартышкан, алардын түстүк байлыгын, жарык менен аба чөйрөсүнүн айкалыштарын сактап кала алышкан. Барбизон мектеби өзүнүн реалисттик принциптерин расммий академизмге каршы койгон. Жөнөкөй жана күндөлүк нерседен сулуулукту көрө билүүгө, ачык-айкындыкка, жасалмасыздыкка умтулууга, сүрөтчүлөрдү натурадан (чыныгы турпаттан) тартууга чакырган. Барбизон мектебинин чыгармалары XIX кылымдагы Европа көркөм сүрөт искусствосундагы реалисттик пейзаж жанрынын өнүгүүсүнүн маанилүү этаптарынан болгон.
