БАР-БУЛАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАР-БУЛАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – ''' жер астынан бургуланып чыгарылган, дарылык касиети бар жылуу суу. Ысык-Көл обл-нун Тоӊ р-нунда, Балыкчы ш-нан 45 ''км'' чыгышта, Бар-Булак кыш-нан 2,5 ''км'' түн.-чыгыш тарапта, Ысык-Көлдүн жээгинен 600 ''м'' аралыкта, деӊиз деӊг. 1653,53 ''м'' бийиктикте. Суу 1979-ж. бургулоо көзөнөгүнөн 1100 ''м'' тереӊдиктен чыгарылган. Суу чыккан жерде антропогендин борпоӊ кум-топурагы, палеоген-неогендин кумдук, чопо, алевролит, палеозойдун кумдук, алевролит тоо тектери жатат. Минералдуу суу палеозойдун кумдук ж-а алевролит тоо тектериндеги тектон. жаракаларда топтолуп, бургулоо көзөнөгүнөн агып чыгат. Суу жытсыз, тунук, саал кычкыл даамы бар, темп-расы 44°С, чыгымы 2,5 ''л/с'', минералдануусу 4,0–4,7 ''г/л''. Хим. курамы б-ча сульфат-хлорит-кальций-натрийлүү, газдардан азот басымдуу (88–90%), эринди түрүндө 4,2% көмүр кычкыл газы, 1,5% гелий кезигет. Микрокомпоненттерден жез, коргошун, цинк, фтор, мышьяк, молибден, никель, бром ж. б. элементтер бар. Б.-Б. м. с. дарылык касиети б-ча белгилүү «Славян», «Смирнов» минералдуу сууларына окшошуп кетет. Боор, өт ж-а ашказан ооруларын ичүү, нерв, муун, гинекология, тери ж-а тиш ооруларын сууга түшүү жолу м-н дарыласа болот. Запасы В категориясы б-ча суткасына 0,216 миӊ ''м''<sup>3</sup>. Жерг. эл пайдаланат.
'''БАР-БУЛАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – ''' жер астынан бургуланып чыгарылган, дарылык касиети бар жылуу суу. Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда, Балыкчы шаарынан 45 ''км'' чыгышта, Бар-Булак кыштагынан 2,5 ''км'' түндүк-чыгыш тарапта, Ысык-Көлдүн жээгинен 600 ''м'' аралыкта, деӊиз деӊгээлинен 1653,53 ''м'' бийиктикте. Суу 1979-жылы бургулоо көзөнөгүнөн 1100 ''м'' тереӊдиктен чыгарылган. Суу чыккан жерде антропогендин борпоӊ кум-топурагы, палеоген-неогендин кумдук, чопо, алевролит, палеозойдун кумдук, алевролит тоо тектери жатат. Минералдуу суу палеозойдун кумдук жана алевролит тоо тектериндеги тектоникалык жаракаларда топтолуп, бургулоо көзөнөгүнөн агып чыгат. Суу жытсыз, тунук, саал кычкыл даамы бар, темппературасы 44°С, чыгымы 2,5 ''л/с'', минералдануусу 4,0–4,7 ''г/л''. Химиялык курамы боюнча сульфат-хлорит-кальций-натрийлүү, газдардан азот басымдуу (88–90%), эринди түрүндө 4,2% көмүр кычкыл газы, 1,5% гелий кезигет. Микрокомпоненттерден жез, коргошун, цинк, фтор, мышьяк, молибден, никель, бром ж. б. элементтер бар. Бар-Булак минералдуу суусу дарылык касиети боюнча белгилүү «Славян», «Смирнов» минералдуу сууларына окшошуп кетет. Боор, өт жана ашказан ооруларын ичүү, нерв, муун, гинекология, тери жана тиш ооруларын сууга түшүү жолу менен дарыласа болот. Запасы В категориясы боюнча суткасына 0,216 миӊ ''м''<sup>3</sup>. Жергиликтүү эл пайдаланат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:11, 4 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БАР-БУЛАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – жер астынан бургуланып чыгарылган, дарылык касиети бар жылуу суу. Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда, Балыкчы шаарынан 45 км чыгышта, Бар-Булак кыштагынан 2,5 км түндүк-чыгыш тарапта, Ысык-Көлдүн жээгинен 600 м аралыкта, деӊиз деӊгээлинен 1653,53 м бийиктикте. Суу 1979-жылы бургулоо көзөнөгүнөн 1100 м тереӊдиктен чыгарылган. Суу чыккан жерде антропогендин борпоӊ кум-топурагы, палеоген-неогендин кумдук, чопо, алевролит, палеозойдун кумдук, алевролит тоо тектери жатат. Минералдуу суу палеозойдун кумдук жана алевролит тоо тектериндеги тектоникалык жаракаларда топтолуп, бургулоо көзөнөгүнөн агып чыгат. Суу жытсыз, тунук, саал кычкыл даамы бар, темппературасы 44°С, чыгымы 2,5 л/с, минералдануусу 4,0–4,7 г/л. Химиялык курамы боюнча сульфат-хлорит-кальций-натрийлүү, газдардан азот басымдуу (88–90%), эринди түрүндө 4,2% көмүр кычкыл газы, 1,5% гелий кезигет. Микрокомпоненттерден жез, коргошун, цинк, фтор, мышьяк, молибден, никель, бром ж. б. элементтер бар. Бар-Булак минералдуу суусу дарылык касиети боюнча белгилүү «Славян», «Смирнов» минералдуу сууларына окшошуп кетет. Боор, өт жана ашказан ооруларын ичүү, нерв, муун, гинекология, тери жана тиш ооруларын сууга түшүү жолу менен дарыласа болот. Запасы В категориясы боюнча суткасына 0,216 миӊ м3. Жергиликтүү эл пайдаланат.