БАРГУЖИНТОКУМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАРГУЖИНТОКУМ – ''' байыркы | '''БАРГУЖИНТОКУМ – ''' байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздар жашаган тарыхый-этнографиялык аймак. Баргу – учурда Монголия аймагындагы топонимикалык аталыш катары да белгилүү. 13-кылымда Рашид ад-Дин: «Кыргыз жана Кэм-Кэмжиут кошуна, жакын турган аймактар, бул жерлер мамлекеттин (Кыргыздар мамлекети) курамына кирет... Кэм-Кэмжиуттун бир тарабы наймандар, андан ары Баргужинтокум деген жерде кори, баргу, тумат, байаут уруулары жашашат, алардын айрымдары монгол тилинде сүйлөшөт»,– деп белгилеген. Фарсы автору Иранда баргулардан чыккан белгилүү мамлекеттик ишмерлер болгондугун жазат: «Баргут, кори, төөлөс, тумат уруулары тектеш элдер, аларды Селенга дарыясынын аркы жээк тарабында жашагандыгы үчүн баргуттар, алар турган аймак ушундан улам Баргужинтокум деп аталат». Баргулар түрк тилинде сүйлөшкөнүн тарыхый булактагы адам аттары, алардын мансап наамдары айгинелеп турат. Кыргыз өлкөсү жайгашкан аймактарды мекендешкен, кыргыз этносунун курамына жуурулушкан. Енисейдин чыгыш тарабына жайгашкан жерлер монголдордо 12–13-кылымдарда Баргужинтокум деген ат менен белгилүү болгон. Баргуттар Чынгыз ханга жана анын мураскорлоруна кызмат өтөшкөн. Баргу, төөлөс, туматтар башкаруучуларын инал деп аташкан, теги кыргыз болгон. Учурда Бурятияда Баргузин аталган административдик-аймак бирдик бар. | ||
<br/>''О. Каратаев.'' | |||
Ад.: Рашид ад-Дин. Сборник летописей. /Пер. Л. А. Хетагурова. Т. 1. Книга 1. М.-Л., 1952; Нанзатов Б.З. Интерпретация значения Баргуджин-токум: древнетюркские корни. //Тюркологический сборник. 2018. С. 263-275.<br />''О. Каратаев.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:31, 8 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БАРГУЖИНТОКУМ – байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздар жашаган тарыхый-этнографиялык аймак. Баргу – учурда Монголия аймагындагы топонимикалык аталыш катары да белгилүү. 13-кылымда Рашид ад-Дин: «Кыргыз жана Кэм-Кэмжиут кошуна, жакын турган аймактар, бул жерлер мамлекеттин (Кыргыздар мамлекети) курамына кирет... Кэм-Кэмжиуттун бир тарабы наймандар, андан ары Баргужинтокум деген жерде кори, баргу, тумат, байаут уруулары жашашат, алардын айрымдары монгол тилинде сүйлөшөт»,– деп белгилеген. Фарсы автору Иранда баргулардан чыккан белгилүү мамлекеттик ишмерлер болгондугун жазат: «Баргут, кори, төөлөс, тумат уруулары тектеш элдер, аларды Селенга дарыясынын аркы жээк тарабында жашагандыгы үчүн баргуттар, алар турган аймак ушундан улам Баргужинтокум деп аталат». Баргулар түрк тилинде сүйлөшкөнүн тарыхый булактагы адам аттары, алардын мансап наамдары айгинелеп турат. Кыргыз өлкөсү жайгашкан аймактарды мекендешкен, кыргыз этносунун курамына жуурулушкан. Енисейдин чыгыш тарабына жайгашкан жерлер монголдордо 12–13-кылымдарда Баргужинтокум деген ат менен белгилүү болгон. Баргуттар Чынгыз ханга жана анын мураскорлоруна кызмат өтөшкөн. Баргу, төөлөс, туматтар башкаруучуларын инал деп аташкан, теги кыргыз болгон. Учурда Бурятияда Баргузин аталган административдик-аймак бирдик бар.
Ад.: Рашид ад-Дин. Сборник летописей. /Пер. Л. А. Хетагурова. Т. 1. Книга 1. М.-Л., 1952; Нанзатов Б.З. Интерпретация значения Баргуджин-токум: древнетюркские корни. //Тюркологический сборник. 2018. С. 263-275.
О. Каратаев.