ЖАБГУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАБГУ,</b> йавгу – 1) байыркы Түрк каган­дыгында (кара: [[Улуу Түрк кагандыгы]]) колдонулган жогорку наамдардын бири. Байыркы [[КЫТАЙ ТАРЫХЫЙ ДАРЕКТЕРИ|Кытай тарыхый даректери]]нде «шеху, еху» түрүндө кезигет. Айрым окумуштуулардын пикиринде алгач бул термин юэчжи-эфталиттердин (кара: [[КУШАН ПАДЫШАЛЫГЫ|Кушан падышалыгы]]) мезгилинде колдонулган. Баштап­кы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, баш­каруу), ошондуктан Жабгу деген сөз адегенде сак­-кушандарда ат атооч катары колдонулуп, ки­йин наамды билдирип калган. Жабгу наамын [[БУМЫН|Бу­мын каган]]дын мезгилинде [[БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ|Батыш Түрк каган­дыгы]]нын башчысы [[ИСТЕМИ|Истеми]] алып жүргөн. 618-жылы Тун-жабгу каган (618–630) башында турган түрктөр Сасаниддерди жеңгенден кийин өзүнүн улуу уулу Тарду-шадды Тохарстанга (кара: [[КУШАН ПАДЫШАЛЫГЫ|Кушан падышалыгы]], [[Тохарлар]]) жабгу (йабгу, yabgu) кылып дайындаган жана ал жерди 27 аймакка бөлүп, алардын башкаруучуларын бир Жабгуга б. а. түрк каганына баш ийдирген. 630-жылы Орто Азияга келген [[Сюань Цзан]]дын маалыматында түрктөрдүн каганы Еху-кэхан (Йабгу-каган) деп аталган. [[Махмуд Кашгари]] боюнча хандан (кара: [[КАГАН|Каган]]) эки баскыч төмөн турган кызматтык даража. Бийликтин жогорку бас­кычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандары­нан жабгу жана шадылар дайындалып, эреже боюнча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан. 2) «Йавгу» [[БАРСКАН шаары|Барскандын]] жанындагы бир шаардын аталышы. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө ([[«ДИВАН ЛУГАТ-ИТ-ТҮРК»|Диван лугат ит-түрк]]) ал шаарга жакын жердеги ашуу дагы «Йавгу арт» деп аталган. | <b type='title'>ЖАБГУ,</b> йавгу – 1) байыркы Түрк каган­дыгында (кара: [[Улуу Түрк кагандыгы]]) колдонулган жогорку наамдардын бири. Байыркы [[КЫТАЙ ТАРЫХЫЙ ДАРЕКТЕРИ|Кытай тарыхый даректери]]нде «шеху, еху» түрүндө кезигет. Айрым окумуштуулардын пикиринде алгач бул термин юэчжи-эфталиттердин (кара: [[КУШАН ПАДЫШАЛЫГЫ|Кушан падышалыгы]]) мезгилинде колдонулган. Баштап­кы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, баш­каруу), ошондуктан Жабгу деген сөз адегенде сак­-кушандарда ат атооч катары колдонулуп, ки­йин наамды билдирип калган. Жабгу наамын [[БУМЫН|Бу­мын каган]]дын мезгилинде [[БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ|Батыш Түрк каган­дыгы]]нын башчысы [[ИСТЕМИ|Истеми]] алып жүргөн. 618-жылы Тун-жабгу каган (618–630) башында турган түрктөр Сасаниддерди жеңгенден кийин өзүнүн улуу уулу Тарду-шадды Тохарстанга (кара: [[КУШАН ПАДЫШАЛЫГЫ|Кушан падышалыгы]], [[Тохарлар]]) жабгу (йабгу, yabgu) кылып дайындаган жана ал жерди 27 аймакка бөлүп, алардын башкаруучуларын бир Жабгуга б. а. түрк каганына баш ийдирген. 630-жылы Орто Азияга келген [[Сюань Цзан]]дын маалыматында түрктөрдүн каганы Еху-кэхан (Йабгу-каган) деп аталган. [[Махмуд Кашгари]] боюнча хандан (кара: [[КАГАН|Каган]]) эки баскыч төмөн турган кызматтык даража. Мындай наамды ислам динин кабыл алгандан кийин түрк урууларынын башчысына берилген. Бийликтин жогорку бас­кычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандары­нан жабгу жана шадылар дайындалып, эреже боюнча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан. 2) «Йавгу» [[БАРСКАН шаары|Барскандын]] жанындагы бир шаардын аталышы. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө ([[«ДИВАН ЛУГАТ-ИТ-ТҮРК»|Диван лугат ит-түрк]]) ал шаарга жакын жердеги ашуу дагы «Йавгу арт» деп аталган. | ||
Ад.: Julien S. Memoires sur les contrees accidentales. Traduites du Sanskrit en chinois en l'an 068 par Hiouen Thsang. Paris, 1857-1858, Т. 2; Chavannes E. Documents sur les Tou-Kiue (Turks) occidentaux. /Сборник трудов Орхонской экспедиции, вып. 6. СПб., 1903; <i>Кляшторный С. Г.</i> Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964; Махмуд ал-Кашгари. Диван Лугат ат-Турк (ДЛТ). /Пер., предисл. и коммент. З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005. | Ад.: Julien S. Memoires sur les contrees accidentales. Traduites du Sanskrit en chinois en l'an 068 par Hiouen Thsang. Paris, 1857-1858, Т. 2; Chavannes E. Documents sur les Tou-Kiue (Turks) occidentaux. /Сборник трудов Орхонской экспедиции, вып. 6. СПб., 1903; <i>Кляшторный С. Г.</i> Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964; Махмуд ал-Кашгари. Диван Лугат ат-Турк (ДЛТ). /Пер., предисл. и коммент. З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005. | ||
03:08, 2 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
ЖАБГУ, йавгу – 1) байыркы Түрк кагандыгында (кара: Улуу Түрк кагандыгы) колдонулган жогорку наамдардын бири. Байыркы Кытай тарыхый даректеринде «шеху, еху» түрүндө кезигет. Айрым окумуштуулардын пикиринде алгач бул термин юэчжи-эфталиттердин (кара: Кушан падышалыгы) мезгилинде колдонулган. Баштапкы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, башкаруу), ошондуктан Жабгу деген сөз адегенде сак-кушандарда ат атооч катары колдонулуп, кийин наамды билдирип калган. Жабгу наамын Бумын кагандын мезгилинде Батыш Түрк кагандыгынын башчысы Истеми алып жүргөн. 618-жылы Тун-жабгу каган (618–630) башында турган түрктөр Сасаниддерди жеңгенден кийин өзүнүн улуу уулу Тарду-шадды Тохарстанга (кара: Кушан падышалыгы, Тохарлар) жабгу (йабгу, yabgu) кылып дайындаган жана ал жерди 27 аймакка бөлүп, алардын башкаруучуларын бир Жабгуга б. а. түрк каганына баш ийдирген. 630-жылы Орто Азияга келген Сюань Цзандын маалыматында түрктөрдүн каганы Еху-кэхан (Йабгу-каган) деп аталган. Махмуд Кашгари боюнча хандан (кара: Каган) эки баскыч төмөн турган кызматтык даража. Мындай наамды ислам динин кабыл алгандан кийин түрк урууларынын башчысына берилген. Бийликтин жогорку баскычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандарынан жабгу жана шадылар дайындалып, эреже боюнча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан. 2) «Йавгу» Барскандын жанындагы бир шаардын аталышы. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө (Диван лугат ит-түрк) ал шаарга жакын жердеги ашуу дагы «Йавгу арт» деп аталган.
Ад.: Julien S. Memoires sur les contrees accidentales. Traduites du Sanskrit en chinois en l'an 068 par Hiouen Thsang. Paris, 1857-1858, Т. 2; Chavannes E. Documents sur les Tou-Kiue (Turks) occidentaux. /Сборник трудов Орхонской экспедиции, вып. 6. СПб., 1903; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964; Махмуд ал-Кашгари. Диван Лугат ат-Турк (ДЛТ). /Пер., предисл. и коммент. З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005.
Т. Жуманалиев.