БАСКЫЯ КӨРҮСТӨНДӨРҮ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАСКЫЯ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ''' – Нарын | '''БАСКЫЯ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ''' – Нарын облусунун аймагындагы биздин заманга чейинки 6–1 миӊ жылдык – биздин замандын V–VI кылымына таандык археологиялык эстелик. Археологияда алар шарттуу түрдө экиге бөлүнөт: биздин заманга чейинки 1-миӊ жылдыкка таандык Баскыя I байыркы көрүстөнү Жерге-Тал айылынан 7 ''километр'' түштүгүрөөк жерде, Баскыя өрөөнүндө жайгашкан. Ал 23 дөбө-коргондон турат. Бийиктиги 0,20–0,70 ''метр,'' диаметри 7–13 ''метр.'' Дөбө-Коргондун үстүнө таштар коюлган, айрымдары таштар менен тегерете корумдалган. Көрүстөндөр сүйрүрөөк келип, алардын узундугу 1,9–2,3 ''метр,'' жазылыгы 0,40–1 ''метр,'' тереӊдиги 0,40–1 ''метр''. Көрүстөндө адамдар жалгыз, чалкасынан жаткырылып, башы кыбыланы каратып коюлган. Чопо идиштер, колодон жасалган кооздук буюмдар, темирден жасалган эмгек куралдары, бычак жана башкалар табылган. Б а с к ы я II байыркы көрүстөнү Жерге-Тал суусунун жээгинде жайгашкан. Бул жерде болжол менен 40тай дөбө-коргон бар. Түндүктөн түштүктү карай 400 ''метр''ге созулуп, таш-дөбө жана таш-мүрзөлөрдөн турат. Диаметри 7ден 15 ''метр''ге чейин, бийиктиги 0,2–2 ''метр''. Көрүстөндө адамдар жалгыз, айрым убакта топ-топ болуп, казанактуу жана жарма көрлөргө кыбыланы каратып коюлган. Ал жерден курал-жарактар, кооздук буюмдар жана башкалар табылган. Көрүстөндөрдү 1981–1983-жылдары К. И. Ташбаева изилдеген. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:47, 19 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы
БАСКЫЯ КӨРҮСТӨНДӨРҮ – Нарын облусунун аймагындагы биздин заманга чейинки 6–1 миӊ жылдык – биздин замандын V–VI кылымына таандык археологиялык эстелик. Археологияда алар шарттуу түрдө экиге бөлүнөт: биздин заманга чейинки 1-миӊ жылдыкка таандык Баскыя I байыркы көрүстөнү Жерге-Тал айылынан 7 километр түштүгүрөөк жерде, Баскыя өрөөнүндө жайгашкан. Ал 23 дөбө-коргондон турат. Бийиктиги 0,20–0,70 метр, диаметри 7–13 метр. Дөбө-Коргондун үстүнө таштар коюлган, айрымдары таштар менен тегерете корумдалган. Көрүстөндөр сүйрүрөөк келип, алардын узундугу 1,9–2,3 метр, жазылыгы 0,40–1 метр, тереӊдиги 0,40–1 метр. Көрүстөндө адамдар жалгыз, чалкасынан жаткырылып, башы кыбыланы каратып коюлган. Чопо идиштер, колодон жасалган кооздук буюмдар, темирден жасалган эмгек куралдары, бычак жана башкалар табылган. Б а с к ы я II байыркы көрүстөнү Жерге-Тал суусунун жээгинде жайгашкан. Бул жерде болжол менен 40тай дөбө-коргон бар. Түндүктөн түштүктү карай 400 метрге созулуп, таш-дөбө жана таш-мүрзөлөрдөн турат. Диаметри 7ден 15 метрге чейин, бийиктиги 0,2–2 метр. Көрүстөндө адамдар жалгыз, айрым убакта топ-топ болуп, казанактуу жана жарма көрлөргө кыбыланы каратып коюлган. Ал жерден курал-жарактар, кооздук буюмдар жана башкалар табылган. Көрүстөндөрдү 1981–1983-жылдары К. И. Ташбаева изилдеген.