БАСМА СӨЗ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАСМА СӨЗ ''' – мезгилдүү (гезит, журнал, альманах, жумалык ж. б.) ж-а мезгилсиз (китеп, брошюра, альбом, бюллетень, жылнаама, баракча ж. б.) басып чыгарылган ''басмакана'' продукциясы. Ал ар түрдүү маалымат, жаӊылык, билдирүүлөрдү таркатуу м-н коомдук көз караш, ой-пикирлерди калыптандыруу, саясий ж-а илим, билимдерди даӊазалоо максатын көздөгөн таасирдүү курал болуу м-н, дүйнөлүк цивилизациянын өркүндөп, өнүгүшүндө чоӊ мааниге ээ болгон. Б. чыг-лык-өндүрүштүк иштерди уюштуруунун өзгөчөлүктөрүнө, тематикалык-мазмундук багыттарына, окурмандар катмарынын мүнөзүнө ж. б. белгилерине карата бир нече түргө бөлүнөт. Мезгилдүү Б-дүн негизги ж-а алгачкы түрлөрүнүн бири – гезит. Кагаз чыгаруу иши өнүгүп, полиграфиялык техниканын өркүндөшүнөн улам Батыш Европада (Германияда 1609-ж., Улуу Британияда 1622-ж., Францияда 1631-ж.) алгачкы гезиттер чыга баштаган. Россияда туӊгуч гезит Пётр Iнин тушунда 1703-ж. 2-январда жарык көргөн. Б-дүн экинчи түрү болгон мезгилсиз басылмаларга: китеп, брошюра, плакат, нота ж. б. кирет. Анын эӊ негизги ж-а байыркы түрү – китеп. Китеп басуу иши 8–9-к-да Кытайда башталган. Алгач ксилографиялык (жыгачтан оюлган калып м-н басуу) ыкма м-н буддисттердин «жакут сутра» (868-ж.) аталыштагы ыйык китеби басылып чыккан. Европада 1-китеп – «Библияны» немец китеп чыгаруучусу И. Гутенберг 1448-ж., Россиядагы 1-китеп – «Апостолду» И. Фёдоров м-н П. Мстиславец 1563-ж. басып чыгарган. 1965–85-ж. аралыгында китеп басып чыгаруу б-ча СССР дүйнөдө 1-орунду ээлеп турган. Кыргызча туӊгуч гезит «Эркин-Тоо» 1924-ж. 7-ноябрда жарык көргөн. Ошол жылы кыргыз тилинде «Алиппе», «Ленин кошогу» (ыр жыйнак), «Хрестоматия» китептери, жугуштуу көз оору ж-дө брошюра (үчөө Ташкентте, бири Москвада) чыккан. 1926-ж. Фрунзеде улуттук китеп басмасы – «Кыргызмамбас» уюштурулуп, андан 72 миӊ нуска м-н 14 китеп жарык көргөн. 1926-ж. респ-да 5 миӊ нуска м-н үч гана гезит чыкса, 1975-ж. алардын бир жылдык нускасы 660 миӊ даанага жетип, респ. 8, обл. 6, шаардык 10, р-ндук 36, көп тираждуу 18, колхоздук 22 газета 5 млн 25 миӊ нуска м-н, мындан тышкары, 13 журнал чыгарылган. Азыр КРдин Юстиция министрлигинен 400дөн ашык ар кандай багыттагы ж-а мазмундагы гезит-журналдар каттоодон өтүп, жыл сайын он миӊдеген китептер жарык көрүп турат.  
'''БАСМА СӨЗ ''' – мезгилдүү (гезит, журнал, альманах, жумалык ж. б.) жана мезгилсиз (китеп, брошюра, альбом, бюллетень, жылнаама, баракча ж. б.) басып чыгарылган ''басмакана'' продукциясы. Ал ар түрдүү маалымат, жаӊылык, билдирүүлөрдү таркатуу менен коомдук көз караш, ой-пикирлерди калыптандыруу, саясий жана илим, билимдерди даӊазалоо максатын көздөгөн таасирдүү курал болуу менен, дүйнөлүк цивилизациянын өркүндөп, өнүгүшүндө чоӊ мааниге ээ болгон. Басма сөз чыгармачылык-өндүрүштүк иштерди уюштуруунун өзгөчөлүктөрүнө, тематикалык-мазмундук багыттарына, окурмандар катмарынын мүнөзүнө ж. б. белгилерине карата бир нече түргө бөлүнөт. Мезгилдүү Басма сөздүн негизги жана алгачкы түрлөрүнүн бири – гезит. Кагаз чыгаруу иши өнүгүп, полиграфиялык техниканын өркүндөшүнөн улам Батыш Европада (Германияда 1609-жылы, Улуу Британияда 1622-жылы, Францияда 1631-жылы) алгачкы гезиттер чыга баштаган. Россияда туӊгуч гезит Пётр Iнин тушунда 1703-жылы 2-январда жарык көргөн. Басма сөздүн экинчи түрү болгон мезгилсиз басылмаларга: китеп, брошюра, плакат, нота ж. б. кирет. Анын эӊ негизги жана байыркы түрү – китеп. Китеп басуу иши 8–9-кылымдарда Кытайда башталган. Алгач ксилографиялык (жыгачтан оюлган калып менен басуу) ыкма менен буддисттердин «Жакут сутра» (868-жыл) аталыштагы ыйык китеби басылып чыккан. Европада 1-китеп – «Библияны» немец китеп чыгаруучусу И. Гутенберг 1448-жылы, Россиядагы 1-китеп – «Апостолду» И. Фёдоров менен П. Мстиславец 1563-жылы басып чыгарган. 1965–85-жылдар аралыгында китеп басып чыгаруу боюнча СССР дүйнөдө 1-орунду ээлеп турган. Кыргызча туӊгуч гезит «Эркин-Тоо» 1924-жылы 7-ноябрда жарык көргөн. Ошол жылы кыргыз тилинде «Алиппе», «Ленин кошогу» (ыр жыйнак), «Хрестоматия» китептери, жугуштуу көз оору жөнүндө брошюра (үчөө Ташкентте, бири Москвада) чыккан. 1926-жылы Фрунзеде улуттук китеп басмасы – «Кыргызмамбас» уюштурулуп, андан 72 миӊ нуска менен 14 китеп жарык көргөн. 1926-жылы республикада 5 миӊ нуска менен үч гана гезит чыкса, 1975-жылы алардын бир жылдык нускасы 660 миӊ даанага жетип, республикалык 8, облустук 6, шаардык 10, райондук 36, көп тираждуу 18, колхоздук 22 газета 5 млн 25 миӊ нуска менен, мындан тышкары 13 журнал чыгарылган. Азыр КРдин Юстиция министрлигинен 400дөн ашык ар кандай багыттагы жана мазмундагы гезит-журналдар каттоодон өтүп, жыл сайын он миӊдеген китептер жарык көрүп турат. <br/>''Т. Ишемкулов.''
<br/>''Т. Ишемкулов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:48, 8 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БАСМА СӨЗ – мезгилдүү (гезит, журнал, альманах, жумалык ж. б.) жана мезгилсиз (китеп, брошюра, альбом, бюллетень, жылнаама, баракча ж. б.) басып чыгарылган басмакана продукциясы. Ал ар түрдүү маалымат, жаӊылык, билдирүүлөрдү таркатуу менен коомдук көз караш, ой-пикирлерди калыптандыруу, саясий жана илим, билимдерди даӊазалоо максатын көздөгөн таасирдүү курал болуу менен, дүйнөлүк цивилизациянын өркүндөп, өнүгүшүндө чоӊ мааниге ээ болгон. Басма сөз чыгармачылык-өндүрүштүк иштерди уюштуруунун өзгөчөлүктөрүнө, тематикалык-мазмундук багыттарына, окурмандар катмарынын мүнөзүнө ж. б. белгилерине карата бир нече түргө бөлүнөт. Мезгилдүү Басма сөздүн негизги жана алгачкы түрлөрүнүн бири – гезит. Кагаз чыгаруу иши өнүгүп, полиграфиялык техниканын өркүндөшүнөн улам Батыш Европада (Германияда 1609-жылы, Улуу Британияда 1622-жылы, Францияда 1631-жылы) алгачкы гезиттер чыга баштаган. Россияда туӊгуч гезит Пётр Iнин тушунда 1703-жылы 2-январда жарык көргөн. Басма сөздүн экинчи түрү болгон мезгилсиз басылмаларга: китеп, брошюра, плакат, нота ж. б. кирет. Анын эӊ негизги жана байыркы түрү – китеп. Китеп басуу иши 8–9-кылымдарда Кытайда башталган. Алгач ксилографиялык (жыгачтан оюлган калып менен басуу) ыкма менен буддисттердин «Жакут сутра» (868-жыл) аталыштагы ыйык китеби басылып чыккан. Европада 1-китеп – «Библияны» немец китеп чыгаруучусу И. Гутенберг 1448-жылы, Россиядагы 1-китеп – «Апостолду» И. Фёдоров менен П. Мстиславец 1563-жылы басып чыгарган. 1965–85-жылдар аралыгында китеп басып чыгаруу боюнча СССР дүйнөдө 1-орунду ээлеп турган. Кыргызча туӊгуч гезит «Эркин-Тоо» 1924-жылы 7-ноябрда жарык көргөн. Ошол жылы кыргыз тилинде «Алиппе», «Ленин кошогу» (ыр жыйнак), «Хрестоматия» китептери, жугуштуу көз оору жөнүндө брошюра (үчөө Ташкентте, бири Москвада) чыккан. 1926-жылы Фрунзеде улуттук китеп басмасы – «Кыргызмамбас» уюштурулуп, андан 72 миӊ нуска менен 14 китеп жарык көргөн. 1926-жылы республикада 5 миӊ нуска менен үч гана гезит чыкса, 1975-жылы алардын бир жылдык нускасы 660 миӊ даанага жетип, республикалык 8, облустук 6, шаардык 10, райондук 36, көп тираждуу 18, колхоздук 22 газета 5 млн 25 миӊ нуска менен, мындан тышкары 13 журнал чыгарылган. Азыр КРдин Юстиция министрлигинен 400дөн ашык ар кандай багыттагы жана мазмундагы гезит-журналдар каттоодон өтүп, жыл сайын он миӊдеген китептер жарык көрүп турат.
Т. Ишемкулов.