БАСЫЗ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАСЫЗ'''  – кыргыздардын сол канат тобунун курамына кирген уруу. Уруунун келип чыгышы тууралуу санжыралык маалыматтар өтө аз. Анда айтылгандай, сол канат урууларынын түпкү атасы Куу уулдун бир баласы Басыз болгон. Бул уруунун этнониминен анын байыркылыгын байкоого болот. Аталыштын этимологиясы белгисиз, архаикалык деп божомолдонот. Айрым изилдөөчүлөр Б. уруусун о. кылымдардагы басмылдар м-н жакындаштырышат. Бирок далилдүү фактылар кездешпейт. 16-к-дагы кыргыз урууларынын түзүлүшүн берген «Мажму ат-таварихте» Б. уруусунун сол канатка кирген алты уруунун бири катары көрсөтүлүшү анын байыркы кыргыз урууларынан экендигин далилдейт. Б. уруусу ич ара уруктарга бөлүнүп, негизинен аккүп ж-а сарыкүп деп аталган эки уруктук топко ажырайт. Ал топтор каман, оногор, керки тамга, кылыч тамга, бактыгул, маметберик, кудайлат деген уруктардан турат. Б-дар илгертен Фергана кырка тоосунун түн. ж-а түш. беттерин мекендеп келишкен. Бул уруунун өкүлдөрү жайгашкан негизги аймак – Ош, Жалал-Абад м-н Нарын обл-тарынын айрым райондору, Жалал-Абаддын Сузак р-нундагы Чарбак, Кара-Алма, Кызыл-Кыя, Урумбай, Сары-Булак, Көгарт, Орток, Барпы, Тогуз-Торо р-нундагы Макмал, Чет-Булак, Казарман, Атай, Оштун Өзгөн р-нундагы Зергер, Жыланды, Ара-Көл, Салам-Алик, Кызыл-Байрак, Нарындагы Ак-Талаа р-нунун Жерге-Тал, Кара-Бүргөн, Коӊорчок, Үгүт, Кош-Дөбө ж. б. айылдарында жашашат. Мындан тышкары алардын майда топтору Кырг-ндын башка аймактарында да кездешет.  
'''БАСЫЗ'''  – кыргыздардын сол канат тобунун курамына кирген уруу. Уруунун келип чыгышы тууралуу санжыралык маалыматтар өтө аз. Анда айтылгандай, сол канат урууларынын түпкү атасы Куу уулдун бир баласы Басыз болгон. Бул уруунун этнониминен анын байыркылыгын байкоого болот. Аталыштын этимологиясы белгисиз, архаикалык деп божомолдонот. Айрым изилдөөчүлөр Басыз уруусун орто кылымдардагы басмылдар менен жакындаштырышат. Бирок далилдүү фактылар кездешпейт. 16-кылымдагы кыргыз урууларынын түзүлүшүн берген «Мажму ат-таварихте» Басыз уруусунун сол канатка кирген алты уруунун бири катары көрсөтүлүшү анын байыркы кыргыз урууларынан экендигин далилдейт. Басыз уруусу ич ара уруктарга бөлүнүп, негизинен аккүп жана сарыкүп деп аталган эки уруктук топко ажырайт. Ал топтор каман, оногор, керки тамга, кылыч тамга, бактыгул, маметберик, кудайлат деген уруктардан турат. Басыздар илгертен Фергана кырка тоосунун түндүк ж-а түштүк беттерин мекендеп келишкен. Бул уруунун өкүлдөрү жайгашкан негизги аймак – Ош, Жалал-Абад менен Нарын облустарынын айрым райондору, Жалал-Абаддын Сузак районундагы Чарбак, Кара-Алма, Кызыл-Кыя, Урумбай, Сары-Булак, Көгарт, Орток, Барпы, Тогуз-Торо районундагы Макмал, Чет-Булак, Казарман, Атай, Оштун Өзгөн районундагы Зергер, Жыланды, Ара-Көл, Салам-Алик, Кызыл-Байрак, Нарындагы Ак-Талаа районунун Жерге-Тал, Кара-Бүргөн, Коӊорчок, Үгүт, Кош-Дөбө ж. б. айылдарында жашашат. Мындан тышкары алардын майда топтору Кыргызстандын башка аймактарында да кездешет. <br/>''Р. Жолдошов.''
<br/>''Р. Жолдошов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:07, 9 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БАСЫЗ – кыргыздардын сол канат тобунун курамына кирген уруу. Уруунун келип чыгышы тууралуу санжыралык маалыматтар өтө аз. Анда айтылгандай, сол канат урууларынын түпкү атасы Куу уулдун бир баласы Басыз болгон. Бул уруунун этнониминен анын байыркылыгын байкоого болот. Аталыштын этимологиясы белгисиз, архаикалык деп божомолдонот. Айрым изилдөөчүлөр Басыз уруусун орто кылымдардагы басмылдар менен жакындаштырышат. Бирок далилдүү фактылар кездешпейт. 16-кылымдагы кыргыз урууларынын түзүлүшүн берген «Мажму ат-таварихте» Басыз уруусунун сол канатка кирген алты уруунун бири катары көрсөтүлүшү анын байыркы кыргыз урууларынан экендигин далилдейт. Басыз уруусу ич ара уруктарга бөлүнүп, негизинен аккүп жана сарыкүп деп аталган эки уруктук топко ажырайт. Ал топтор каман, оногор, керки тамга, кылыч тамга, бактыгул, маметберик, кудайлат деген уруктардан турат. Басыздар илгертен Фергана кырка тоосунун түндүк ж-а түштүк беттерин мекендеп келишкен. Бул уруунун өкүлдөрү жайгашкан негизги аймак – Ош, Жалал-Абад менен Нарын облустарынын айрым райондору, Жалал-Абаддын Сузак районундагы Чарбак, Кара-Алма, Кызыл-Кыя, Урумбай, Сары-Булак, Көгарт, Орток, Барпы, Тогуз-Торо районундагы Макмал, Чет-Булак, Казарман, Атай, Оштун Өзгөн районундагы Зергер, Жыланды, Ара-Көл, Салам-Алик, Кызыл-Байрак, Нарындагы Ак-Талаа районунун Жерге-Тал, Кара-Бүргөн, Коӊорчок, Үгүт, Кош-Дөбө ж. б. айылдарында жашашат. Мындан тышкары алардын майда топтору Кыргызстандын башка аймактарында да кездешет.
Р. Жолдошов.