БАТКАК МЕНЕН ДАРЫЛОО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАТКАК МЕНЕН ДАРЫЛОО, ''' п е л о т е р а п и я (гр. pеlоs – ылай, балчык ж-а theraptia – дарылоо) – дарылык касиети бар ылайды дарылоо максатында колдонуу. Табиятта туздуу, тузсуз көлдүн, саздын, жанар тоонун баткактары бар. | '''БАТКАК МЕНЕН ДАРЫЛОО, ''' п е л о т е р а п и я (гр. pеlоs – ылай, балчык ж-а theraptia – дарылоо) – дарылык касиети бар ылайды дарылоо максатында колдонуу. Табиятта туздуу, тузсуз көлдүн, саздын, жанар тоонун баткактары бар. Кыргызстандан тузсуз көлдүн жана жанар тоонун баткактары табылган эмес, ошондуктан дарылоодо туздуу көл чөгүндүсү жана саз баткактары колдонулат. Көл чөгүндү баткактары негизинен Ысык-Көл жээгинде, ал эми саз баткактары Чүй, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустарында бар. Бальнеологиялык баалуулугу, туздуулугу, эриген иондор, антибиотиктер, витаминдер, газдар, органикалык жана органикалык эмес заттардын болушу зор мааниге ээ. Баткактын дарылык касиетине негизинен химиялык, температуралык жана механикалык факторлор таасир этет. Гинекология, урология, сөөк, булчуӊ, муундун өнөкөт ооруларында, жаракат алганда, нерв системасынын кээ бир ооруларында колдонулат. <br/>''Д. А. Алымкулов.'' | ||
<br/>''Д. А. Алымкулов.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:15, 9 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БАТКАК МЕНЕН ДАРЫЛОО, п е л о т е р а п и я (гр. pеlоs – ылай, балчык ж-а theraptia – дарылоо) – дарылык касиети бар ылайды дарылоо максатында колдонуу. Табиятта туздуу, тузсуз көлдүн, саздын, жанар тоонун баткактары бар. Кыргызстандан тузсуз көлдүн жана жанар тоонун баткактары табылган эмес, ошондуктан дарылоодо туздуу көл чөгүндүсү жана саз баткактары колдонулат. Көл чөгүндү баткактары негизинен Ысык-Көл жээгинде, ал эми саз баткактары Чүй, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустарында бар. Бальнеологиялык баалуулугу, туздуулугу, эриген иондор, антибиотиктер, витаминдер, газдар, органикалык жана органикалык эмес заттардын болушу зор мааниге ээ. Баткактын дарылык касиетине негизинен химиялык, температуралык жана механикалык факторлор таасир этет. Гинекология, урология, сөөк, булчуӊ, муундун өнөкөт ооруларында, жаракат алганда, нерв системасынын кээ бир ооруларында колдонулат.
Д. А. Алымкулов.