БАШКАРУУНУ АВТОМАТТАШТЫРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАШКАРУУНУ АВТОМАТТАШТЫРУУ ''' – эл чарбасынын түрдүү тармактарында башкаруу маселелерин чечүүдө матем. ыкмаларды, автоматтык түзүлмөлөрдү ж-а эсептөө техникасын колдонуу. Ал өндүрүштү пландоону, аны оперативдүү башкаруу м-н башкаруунун бардык органдарынын аракетин бири бирине шайкеш жүргүзүүнү камсыз кылат. Анын ил. негизи – эл чарбасын башкаруунун өзгөчөлүктөрүн, башкаруунун оптималдуу системаларын синтездөө ыкмаларын изилдөөчү ж-а экон. милдеттерди чечүүдө матем. ыкмаларды колдонуу маселелерин үйрөнүүчү экон. кибернетика. Эл чарбасын ж-а анын ар бир бөлүгүн автоматташтырылган башкаруунун бирдиктүү системасында адам м-н киберн. машинанын өз ара аракеттеринин методологиясы ж-а ачык-айкын маселелерин чечүү анын негизги проблемасы болуп саналат. Б. а-нун негизги тех. каражаттары – компьютерлер. Алар берилген чоӊдуктарды иштетүүнүн борборлоштурулган системасын түзүү, пландоо, статистика, эмгек акыны эсептөө, запастын эсебин алуу, жабдуу ишинин графиктерин түзүү ж-а жумушчу күчүн пайдалануу б-ча маалыматтарды иштетүү үчүн колдонулат. Процессти технол. жактан гана эмес, экон. жактан да оптималдуу жөндөө үчүн электрондук башкаруучу машиналар м-н бирге, түрдүү атайылаштырылган, мис., информацияларды белгилеп каттоочу, иштетүүчү, өзгөртүүчү, сактоочу, издөөчү ж. б. байланыш каражаттары колдонулат. Көптөгөн абоненттер м-н түздөн-түз байланыш каналдары аркылуу кошулган кубаттуу эсептөө борборлору түзүлгөн.
'''БАШКАРУУНУ АВТОМАТТАШТЫРУУ ''' – эл чарбасынын түрдүү тармактарында башкаруу маселелерин чечүүдө математикалык ыкмаларды, автоматтык түзүлмөлөрдү жана эсептөө техникасын колдонуу. Ал өндүрүштү пландоону, аны оперативдүү башкаруу менен башкаруунун бардык органдарынын аракетин бири бирине шайкеш жүргүзүүнү камсыз кылат. Анын илимий негизи – эл чарбасын башкаруунун өзгөчөлүктөрүн, башкаруунун оптималдуу системаларын синтездөө ыкмаларын изилдөөчү жана экономикалык милдеттерди чечүүдө математикалык ыкмаларды колдонуу маселелерин үйрөнүүчү экономикалык кибернетика. Эл чарбасын жана анын ар бир бөлүгүн автоматташтырылган башкаруунун бирдиктүү системасында адам менен кибернетикалык машинанын өз ара аракеттеринин методологиясы жана ачык-айкын маселелерин чечүү анын негизги проблемасы болуп саналат. Башкарууну автоматташтыруунун негизги техникалык каражаттары – компьютерлер. Алар берилген чоӊдуктарды иштетүүнүн борборлоштурулган системасын түзүү, пландоо, статистика, эмгек акыны эсептөө, запастын эсебин алуу, жабдуу ишинин графиктерин түзүү жана жумушчу күчүн пайдалануу боюнча маалыматтарды иштетүү үчүн колдонулат. Процессти технологиялык жактан гана эмес, экономикалык жактан да оптималдуу жөндөө үчүн электрондук башкаруучу машиналар менен бирге, түрдүү атайылаштырылган, мисалы, информацияларды белгилеп каттоочу, иштетүүчү, өзгөртүүчү, сактоочу, издөөчү жана башка байланыш каражаттары колдонулат. Көптөгөн абоненттер менен түздөн-түз байланыш каналдары аркылуу кошулган кубаттуу эсептөө борборлору түзүлгөн.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:38, 2 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

БАШКАРУУНУ АВТОМАТТАШТЫРУУ – эл чарбасынын түрдүү тармактарында башкаруу маселелерин чечүүдө математикалык ыкмаларды, автоматтык түзүлмөлөрдү жана эсептөө техникасын колдонуу. Ал өндүрүштү пландоону, аны оперативдүү башкаруу менен башкаруунун бардык органдарынын аракетин бири бирине шайкеш жүргүзүүнү камсыз кылат. Анын илимий негизи – эл чарбасын башкаруунун өзгөчөлүктөрүн, башкаруунун оптималдуу системаларын синтездөө ыкмаларын изилдөөчү жана экономикалык милдеттерди чечүүдө математикалык ыкмаларды колдонуу маселелерин үйрөнүүчү экономикалык кибернетика. Эл чарбасын жана анын ар бир бөлүгүн автоматташтырылган башкаруунун бирдиктүү системасында адам менен кибернетикалык машинанын өз ара аракеттеринин методологиясы жана ачык-айкын маселелерин чечүү анын негизги проблемасы болуп саналат. Башкарууну автоматташтыруунун негизги техникалык каражаттары – компьютерлер. Алар берилген чоӊдуктарды иштетүүнүн борборлоштурулган системасын түзүү, пландоо, статистика, эмгек акыны эсептөө, запастын эсебин алуу, жабдуу ишинин графиктерин түзүү жана жумушчу күчүн пайдалануу боюнча маалыматтарды иштетүү үчүн колдонулат. Процессти технологиялык жактан гана эмес, экономикалык жактан да оптималдуу жөндөө үчүн электрондук башкаруучу машиналар менен бирге, түрдүү атайылаштырылган, мисалы, информацияларды белгилеп каттоочу, иштетүүчү, өзгөртүүчү, сактоочу, издөөчү жана башка байланыш каражаттары колдонулат. Көптөгөн абоненттер менен түздөн-түз байланыш каналдары аркылуу кошулган кубаттуу эсептөө борборлору түзүлгөн.