БАЯЗИД I: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЯЗИД I ''' Чагылган (1360, Эдирне, Түркия – 8. 3. 1403, Акшехир, Түркия, сөөгү Бурсага коюлган) – Осмон династиясынан чыккан түрк султаны (1389–1402). Атасы Мурат Iнин саясатын улантып, Батыш Анадолудагы Ментеше, Айдын, Сарухан ж-а Ирмиян бийликтерин бириктирген (1389–90). Египеттеги ички келишпестиктерди чебер пайдалануу м-н Сивас султандыгынын жерлерин, Жанык ж-а Амасье бийликтерин, мамлюктардын кол астындагы Малатья, Эльбистан, Дивриг ш-ларын өз ээлигине кошкон. 1389-ж. Косово талаасында сербдердин аскерлерин талкалап, Сербияны караткан. Б. I жетектеген түрк аскерлери 1393–96-ж. Болгарияны, Македонияны ж-а Фессалияны басып алып, кийин Балкан ж. а-на түрк үстөмдүгүн орноткон. 1394–1401-ж. Б. I Константинополду камоого алган. 1396-ж. сентябрда Никополдун (Болгария) алдында кресттүүлөрдүн аскерлерин талкалап, бул жеӊиши үчүн ага «султан эль-Рум» (Византия жерлеринин султаны) наамы ыйгарылган. 1402-ж. Кичи Азияга басып кирген Тимурдун аскерлери м-н болгон Анкаранын алдындагы салгылашууда (''к. Анкара салгылашы'') жеӊилип, туткунда курман болгон.
'''БАЯЗИД I ''' '''Чагылган''' (1360, Эдирне, Түркия – 8. 3. 1403, Акшехир, Түркия, сөөгү Бурсага коюлган) – Осмон династиясынан чыккан түрк султаны (1389–1402). Атасы Мурат Iнин саясатын улантып, Батыш Анадолудагы Ментеше, Айдын, Сарухан жана Ирмиян бийликтерин бириктирген (1389–90). Египеттеги ички келишпестиктерди чебер пайдалануу менен Сивас султандыгынын жерлерин, Жанык жана Амасье бийликтерин, мамлюктардын кол астындагы Малатья, Эльбистан, Дивриг шаарларын өз ээлигине кошкон. 1389-жылы Косово талаасында сербдердин аскерлерин талкалап, Сербияны караткан. Баязид I жетектеген түрк аскерлери 1393–96-жылдарда Болгарияны, Македонияны жана Фессалияны басып алып, кийин Балкан жарым аралына түрк үстөмдүгүн орноткон. 1394–1401-жылдары Баязид I Константинополду камоого алган. 1396-жылы сентябрда Никополдун (Болгария) алдында кресттүүлөрдүн аскерлерин талкалап, бул жеӊиши үчүн ага «султан эль-Рум» (Византия жерлеринин султаны) наамы ыйгарылган. 1402-жылы Кичи Азияга басып кирген Тимурдун аскерлери менен болгон Анкаранын алдындагы салгылашууда (''к. Анкара салгылашы'') жеӊилип, туткунда курман болгон.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:21, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку нускасы

БАЯЗИД I Чагылган (1360, Эдирне, Түркия – 8. 3. 1403, Акшехир, Түркия, сөөгү Бурсага коюлган) – Осмон династиясынан чыккан түрк султаны (1389–1402). Атасы Мурат Iнин саясатын улантып, Батыш Анадолудагы Ментеше, Айдын, Сарухан жана Ирмиян бийликтерин бириктирген (1389–90). Египеттеги ички келишпестиктерди чебер пайдалануу менен Сивас султандыгынын жерлерин, Жанык жана Амасье бийликтерин, мамлюктардын кол астындагы Малатья, Эльбистан, Дивриг шаарларын өз ээлигине кошкон. 1389-жылы Косово талаасында сербдердин аскерлерин талкалап, Сербияны караткан. Баязид I жетектеген түрк аскерлери 1393–96-жылдарда Болгарияны, Македонияны жана Фессалияны басып алып, кийин Балкан жарым аралына түрк үстөмдүгүн орноткон. 1394–1401-жылдары Баязид I Константинополду камоого алган. 1396-жылы сентябрда Никополдун (Болгария) алдында кресттүүлөрдүн аскерлерин талкалап, бул жеӊиши үчүн ага «султан эль-Рум» (Византия жерлеринин султаны) наамы ыйгарылган. 1402-жылы Кичи Азияга басып кирген Тимурдун аскерлери менен болгон Анкаранын алдындагы салгылашууда (к. Анкара салгылашы) жеӊилип, туткунда курман болгон.