БЕДЕ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)

No edit summary

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БЕДЕ ''' (Меdicago) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы көп же бир жылдык чөп. 100дөн ашык түрү белгилүү. А. ч-сы үчүн көк, сары, көгүлтүр, гибрид Б-лердин мааниси чоӊ. Ал көп сабактуу, бийикт. 70–90 ''см,'' айрымдары 150 ''см''ден ашык. Жалбырагы сүйрү, үч ача, кезектешип жайгашат. Гүлү көгүш, кочкул көк, сары. Мөмөсү – көп уруктуу чанак. Себилген урук 8–10°С жылуулукта 7–8 күндөн кийин өнүп чыгат. Тамыры өзөктөп, тамырлап, 5–10 ''м''ден тереӊ кетет. О. Азияда ж-а
'''БЕДЕ ''' (Меdicago) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы көп же бир жылдык чөп. 100дөн ашык түрү белгилүү. Айыл чарбасы үчүн көк, сары, көгүлтүр, гибрид беделердин мааниси чоӊ. Ал көп сабактуу, бийиктиги 70–90 ''см,'' айрымдары 150 ''см''ден ашык. Жалбырагы сүйрү, үч ача, кезектешип жайгашат. Гүлү көгүш, кочкул көк, сары. Мөмөсү – көп уруктуу чанак. Себилген урук 8–10°С жылуулукта 7–8 күндөн кийин өнүп чыгат. Тамыры өзөктөп, тамырлап, 5–10 ''м''ден тереӊ кетет. Орто Азияда ж-а

[[File:БЕДЕ66.png | thumb | none]]
[[File:БЕДЕ66.png | thumb | none]]
Кавказда ар түрдүү айдама ж-а жапайы Б. көп кезигет. Миӊ жыл мурдатан эле эгилип, малга тоют катары колдонулган. Б. топурак катмарын орг. заттар, азот ж. б. элементтер м-н байытып, топурактын структурасын жакшыртат, пахтанын вилт илдетин козгогучтардан арылтат, топурактын шорлуулугун азайтат. Баалуу биол. касиетине, чарбалык маанисине жараша бардык жерде кеӊири таралган. Тоют үчүн жазында арпа м-н кошо себилип, фосфор, калий семирткичтери м-н азыктандырылат. 3–5 жолу чабылып, жашыл чыктуу ж-а кесек тоют катары пайдаланылат. Ал 2–3, ал эми которуштуруп айдаганда 5 жылга чейин өстүрүлөт. Б. уругун алууга Кант машина сыноо станциясы, Кыргыз кант кызылчасы б-ча тажрыйба чарбасы ж. б. көптөгөн дыйкан чарбалары адистештирилген. Чүйдө жерг. Береке, Манас, «Токмок», Ошто жерг. Өзгөн, көк беде сорттору р-ндоштурулган. Зыянкечтери: беде кенеси, беде шиш тумшугу ж. б. Илдеттери: чаӊгыл кебер, аскохитоз ж. б. Аларга каршы күрөшүү чарасы: фунгицид чачуу, агротехниканы туура жүргүзүү. Б-ге сары чырмоок чоӊ зыян келтирет.
Кавказда ар түрдүү айдама жана жапайы беде көп кезигет. Миӊ жыл мурдатан эле эгилип, малга тоют катары колдонулган. Беде топурак катмарын органикалык заттар, азот ж. б. элементтер менен байытып, топурактын структурасын жакшыртат, пахтанын вилт илдетин козгогучтардан арылтат, топурактын шорлуулугун азайтат. Баалуу биологиялык касиетине, чарбалык маанисине жараша бардык жерде кеӊири таралган. Тоют үчүн жазында арпа менен кошо себилип, фосфор, калий семирткичтери менен азыктандырылат. 3–5 жолу чабылып, жашыл чыктуу жана кесек тоют катары пайдаланылат. Ал 2–3, ал эми которуштуруп айдаганда 5 жылга чейин өстүрүлөт. Беде уругун алууга Кант машина сыноо станциясы, Кыргыз кант кызылчасы боюнча тажрыйба чарбасы ж. б. көптөгөн дыйкан чарбалары адистештирилген. Чүйдө жергиликтүү Береке, Манас, «Токмок», Ошто жергиликтүү Өзгөн, көк беде сорттору райондоштурулган. Зыянкечтери: беде кенеси, беде шиш тумшугу ж. б. Илдеттери: чаӊгыл кебер, аскохитоз ж. б. Аларга каршы күрөшүү чарасы: фунгицид чачуу, агротехниканы туура жүргүзүү. Бедеге сары чырмоок чоӊ зыян келтирет.
Ад.: ''Иванов А. И''. Люцерна. М., 1980; Семеноводство люцерны в Киргизии. Ф., 1984; ''Карабаев Н. А''. Роль послеуборочных растительных остатков агроценозов для плодородия почв. Ф., 1985.
''Н. А. Карабаев.''

[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:06, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БЕДЕ (Меdicago) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы көп же бир жылдык чөп. 100дөн ашык түрү белгилүү. Айыл чарбасы үчүн көк, сары, көгүлтүр, гибрид беделердин мааниси чоӊ. Ал көп сабактуу, бийиктиги 70–90 см, айрымдары 150 смден ашык. Жалбырагы сүйрү, үч ача, кезектешип жайгашат. Гүлү көгүш, кочкул көк, сары. Мөмөсү – көп уруктуу чанак. Себилген урук 8–10°С жылуулукта 7–8 күндөн кийин өнүп чыгат. Тамыры өзөктөп, тамырлап, 5–10 мден тереӊ кетет. Орто Азияда ж-а

Кавказда ар түрдүү айдама жана жапайы беде көп кезигет. Миӊ жыл мурдатан эле эгилип, малга тоют катары колдонулган. Беде топурак катмарын органикалык заттар, азот ж. б. элементтер менен байытып, топурактын структурасын жакшыртат, пахтанын вилт илдетин козгогучтардан арылтат, топурактын шорлуулугун азайтат. Баалуу биологиялык касиетине, чарбалык маанисине жараша бардык жерде кеӊири таралган. Тоют үчүн жазында арпа менен кошо себилип, фосфор, калий семирткичтери менен азыктандырылат. 3–5 жолу чабылып, жашыл чыктуу жана кесек тоют катары пайдаланылат. Ал 2–3, ал эми которуштуруп айдаганда 5 жылга чейин өстүрүлөт. Беде уругун алууга Кант машина сыноо станциясы, Кыргыз кант кызылчасы боюнча тажрыйба чарбасы ж. б. көптөгөн дыйкан чарбалары адистештирилген. Чүйдө жергиликтүү Береке, Манас, «Токмок», Ошто жергиликтүү Өзгөн, көк беде сорттору райондоштурулган. Зыянкечтери: беде кенеси, беде шиш тумшугу ж. б. Илдеттери: чаӊгыл кебер, аскохитоз ж. б. Аларга каршы күрөшүү чарасы: фунгицид чачуу, агротехниканы туура жүргүзүү. Бедеге сары чырмоок чоӊ зыян келтирет.
Ад.: Иванов А. И. Люцерна. М., 1980; Семеноводство люцерны в Киргизии. Ф., 1984; Карабаев Н. А. Роль послеуборочных растительных остатков агроценозов для плодородия почв. Ф., 1985.
Н. А. Карабаев.