ВАРГАС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВАРГА́С''' Жетулиу Дорнелис (19. 4. 1883, Сан-Боржа – 24. 8. 1954, Рио-де-Жанейро) – бразилиялык мамл. ж-а саясий ишмер. 1923–26-ж. Улуттук конгресстин депутаты, 1926–27-ж. финансы министри, Риу-Гранди-ду-Сул штатынын губернатору. 1930-ж. өлкөнү диктаторлук ыкмалар аркылуу башкарган, бирок өз мезгили үчүн прогрессивдүү эмгек кодексин кабыл алган. Экономика жаатында аскердик ж-а жарандык адистерге таянуу м-н кыска мөөнөттө өлкөнү индустриялаштырууну ишке ашырган. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында В. антигитлердик коалицияга кошулуу м-н Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн лидерлеринин арасынан Европадагы согуштук аракеттерге өз аскерлерин жөнөткөн жалгыз президент болгон. В. башкарган чейрек кылым ичинде Бразилия агрардык өлкөдөн индустриялуу-агрардык өлкөгө айланган. Анын тажрыйбасын Латын Америкасынын бир катар лидерлери пайдаланышкан.  
'''ВАРГА́С ''' '''Жетулиу Дорнелис''' (19. 4. 1883, Сан-Боржа – 24. 8. 1954, Рио-де-Жанейро) – бразилиялык мамлекеттик жана саясий ишмер. 1923–26-жылдары Улуттук конгресстин депутаты, 1926–27-жылдары финансы министри, Риу-Гранди-ду-Сул штатынын губернатору. 1930-жылдары өлкөнү диктаторлук ыкмалар аркылуу башкарган, бирок өз мезгили үчүн прогрессивдүү эмгек кодексин кабыл алган. Экономика жаатында аскердик жана жарандык адистерге таянуу менен кыска мөөнөттө өлкөнү индустриялаштырууну ишке ашырган. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Варгас антигитлердик коалицияга кошулуу менен Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн лидерлеринин арасынан Европадагы согуштук аракеттерге өз аскерлерин жөнөткөн жалгыз президент болгон. Варгас башкарган чейрек кылым ичинде Бразилия агрардык өлкөдөн индустриялуу-агрардык өлкөгө айланган. Анын тажрыйбасын Латын Америкасынын бир катар лидерлери пайдаланышкан.  
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:12, 24 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВАРГА́С Жетулиу Дорнелис (19. 4. 1883, Сан-Боржа – 24. 8. 1954, Рио-де-Жанейро) – бразилиялык мамлекеттик жана саясий ишмер. 1923–26-жылдары Улуттук конгресстин депутаты, 1926–27-жылдары финансы министри, Риу-Гранди-ду-Сул штатынын губернатору. 1930-жылдары өлкөнү диктаторлук ыкмалар аркылуу башкарган, бирок өз мезгили үчүн прогрессивдүү эмгек кодексин кабыл алган. Экономика жаатында аскердик жана жарандык адистерге таянуу менен кыска мөөнөттө өлкөнү индустриялаштырууну ишке ашырган. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Варгас антигитлердик коалицияга кошулуу менен Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн лидерлеринин арасынан Европадагы согуштук аракеттерге өз аскерлерин жөнөткөн жалгыз президент болгон. Варгас башкарган чейрек кылым ичинде Бразилия агрардык өлкөдөн индустриялуу-агрардык өлкөгө айланган. Анын тажрыйбасын Латын Америкасынын бир катар лидерлери пайдаланышкан.