БАПТИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БАПТИЗМ ''' (гр. baptiza – сууга салуу, сууга салып чокундуруу) – ''протестантизмдин'' бир агымы. 17-кылымдын башында пайда болуп, көбүнчө Америка жана Европада тараган. Баптизмдин негиздөөчүсү катары Жон Смит эсептелет. Анын жактоочуларын баптисттер деп аташат. Баптизм чокунууну адамдын кудайга аӊ-сезимдүү түрдө ишене тургандыгын көрсөтүүчү жөрөлгө катары карашат да, алар адамды бала кезинде эмес, эс тартып чоӊойгон кезде чокундурат. Христиан дининин башка агымдарынан Баптизмге кирүүчүлөр кайрадан чокундурулат. Ал христиан дининде касиеттүү деп саналган иконаны, чиркөө «сырларын», католицизмдин үрп-адаттарын (майрамдарын) четке кагат. Христиан дининдеги көп майрамдардан Иса пайгамбардын турмушуна байланыштууларын артык көрүшөт. ''Библияны'' эӊ жогорку керемет катары көрсөтүп, аны бекем сактоого чакырат. Ар бир баптист сектага башка адамдарды тартууну өзүнүн милдети деп эсептейт. 1905-жылы дүйнөдөгү чиркөөлөрдүн көпчүлүгүн бириктирген баптисттердин бүткүл дүйнөлүк союзу түзүлгөн. Дүйнөдө баптисттердин саны 87 049 750 (2014), анын ичинен 54 850 000и АКШда жашашат.
'''БАПТИЗМ ''' (грекче baptiza – сууга салуу, сууга салып чокундуруу) – ''протестанттардын'' бир агымы. XVII кылымдын башында пайда болуп, көбүнчө Америка жана Европада тараган. Баптизмдин негиздөөчүсү катары Жон Смит эсептелет. Анын жактоочуларын баптисттер деп аташат. Баптизм чокунууну адамдын кудайга аӊ-сезимдүү түрдө ишене тургандыгын көрсөтүүчү жөрөлгө катары карашат да, алар адамды бала кезинде эмес, эс тартып чоӊойгон кезде чокундурат. Христиан дининин башка агымдарынан Баптизмге кирүүчүлөр кайрадан чокундурулат. Ал христиан дининде касиеттүү деп саналган иконаны, чиркөө «сырларын», католицизмдин үрп-адаттарын (майрамдарын) четке кагат. Христиан дининдеги көп майрамдардан Иса пайгамбардын турмушуна байланыштууларын артык көрүшөт. ''Библияны'' эӊ жогорку керемет катары көрсөтүп, аны бекем сактоого чакырат. Ар бир баптист сектага башка адамдарды тартууну өзүнүн милдети деп эсептейт. 1905-жылы дүйнөдөгү чиркөөлөрдүн көпчүлүгүн бириктирген баптисттердин бүткүл дүйнөлүк союзу түзүлгөн. Дүйнөдө баптисттердин саны 87 049 750 (2014), анын ичинен 54 850 000и Америка Кошмо Штаттарында жашашат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:53, 14 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы

БАПТИЗМ (грекче baptiza – сууга салуу, сууга салып чокундуруу) – протестанттардын бир агымы. XVII кылымдын башында пайда болуп, көбүнчө Америка жана Европада тараган. Баптизмдин негиздөөчүсү катары Жон Смит эсептелет. Анын жактоочуларын баптисттер деп аташат. Баптизм чокунууну адамдын кудайга аӊ-сезимдүү түрдө ишене тургандыгын көрсөтүүчү жөрөлгө катары карашат да, алар адамды бала кезинде эмес, эс тартып чоӊойгон кезде чокундурат. Христиан дининин башка агымдарынан Баптизмге кирүүчүлөр кайрадан чокундурулат. Ал христиан дининде касиеттүү деп саналган иконаны, чиркөө «сырларын», католицизмдин үрп-адаттарын (майрамдарын) четке кагат. Христиан дининдеги көп майрамдардан Иса пайгамбардын турмушуна байланыштууларын артык көрүшөт. Библияны эӊ жогорку керемет катары көрсөтүп, аны бекем сактоого чакырат. Ар бир баптист сектага башка адамдарды тартууну өзүнүн милдети деп эсептейт. 1905-жылы дүйнөдөгү чиркөөлөрдүн көпчүлүгүн бириктирген баптисттердин бүткүл дүйнөлүк союзу түзүлгөн. Дүйнөдө баптисттердин саны 87 049 750 (2014), анын ичинен 54 850 000и Америка Кошмо Штаттарында жашашат.