БАРЫМТА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАРЫМТА ''' – өткөн доорлордогу кыргыз, казак, башкырт ж.б. көчмөн | '''БАРЫМТА''' – өткөн доорлордогу кыргыз, казак, башкырт ж. б. көчмөн элдердин турмушунда урук, уруу, уруу бирикмелеринин ортосундагы араздашууларды чечүү жолдорунун бири. Төлөнбөй калган ''кун'' же ''калың'' үчүн үчүн каршы тарапка кармалып калган адам, мал, мүлк. Уруулук, каракчылык, киши өлтүрүү же бирөөнүн малын айдап кеткен кылмыштар үчүн жөн гана ''айып'' тагылган. Эгер күнөөлү адам тагылган айыптан баш тартып, бийлердин чечими аткарылбаса, анда доогер тарап барымта алууга укуктуу болгон жана каршылаш тарапка ал ачык айтылган. Барымта алуу көбүнчө мал аркылуу эсептелген. Кун же калың мал төлөнсө, барымтага алынган мал, мүлк кайтарылып, төлөнбөй калса, доогердин пайдасына чегерилип, ал үчүн ага эч кандай айып тагылган эмес. 19-кылымдын аяк ченинде барымта алуунун мааниси бир аз өзгөрүүгө учурап, жөнөкөй уруулук, каракчылык, талап-тоноочулуктар менен маанилеш түшүнүккө айланган. | ||
Ад.: Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. в 5и томах. Т. 4. А.-А., 1985. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
08:47, 9 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БАРЫМТА – өткөн доорлордогу кыргыз, казак, башкырт ж. б. көчмөн элдердин турмушунда урук, уруу, уруу бирикмелеринин ортосундагы араздашууларды чечүү жолдорунун бири. Төлөнбөй калган кун же калың үчүн үчүн каршы тарапка кармалып калган адам, мал, мүлк. Уруулук, каракчылык, киши өлтүрүү же бирөөнүн малын айдап кеткен кылмыштар үчүн жөн гана айып тагылган. Эгер күнөөлү адам тагылган айыптан баш тартып, бийлердин чечими аткарылбаса, анда доогер тарап барымта алууга укуктуу болгон жана каршылаш тарапка ал ачык айтылган. Барымта алуу көбүнчө мал аркылуу эсептелген. Кун же калың мал төлөнсө, барымтага алынган мал, мүлк кайтарылып, төлөнбөй калса, доогердин пайдасына чегерилип, ал үчүн ага эч кандай айып тагылган эмес. 19-кылымдын аяк ченинде барымта алуунун мааниси бир аз өзгөрүүгө учурап, жөнөкөй уруулук, каракчылык, талап-тоноочулуктар менен маанилеш түшүнүккө айланган.
Ад.: Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. в 5и томах. Т. 4. А.-А., 1985.