БАЯН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЯ́Н ''' (байыркы атактуу орус ырчы-жамакчысы Баяндын – Бояндын атынан) – клавишалуу-пневматикалык музыкалык аспап. Алгачкы хроматикалык ''гармонь'' – | '''БАЯ́Н ''' (байыркы атактуу орус ырчы-жамакчысы Баяндын – Бояндын атынан) – клавишалуу-пневматикалык музыкалык аспап. Алгачкы хроматикалык ''гармонь'' – баян 1870-жылы тулалык Н. Белобородов тарабынан жасалган. Баян деген азыркы мезгилдеги түшүнүктү уста П. Е. Стерлигов жана кыякчы Я. Ф. Орланский-Титаренко (1907) киргизген. Өркүндөтүлгөн төрт катарлуу хроматикалык гармониканын оӊ жагында 52 топчу, сол жагында 5 катар топчу (ар биринде 20дан) бар.<br/> | ||
[[File:БАЯН61.png | thumb | none]] | [[File:БАЯН61.png | thumb | none]]XX кылымдын башында Россияда В. П. Хегстрем, Н. З. Синицкий да баян жасоонун чеберлери болгон. Баян – эӊ кеӊири тараган орус эл аспабы. Жеке да, ансамблде да ойнолот, ошондой эле ырды коштойт. Азыркы мезгилде көп сандаган баянчылар ансамблдери бар. Кыргызстандын бир катар музыкалык окуу жайларында баян сабагы өтүлөт. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
10:51, 14 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
БАЯ́Н (байыркы атактуу орус ырчы-жамакчысы Баяндын – Бояндын атынан) – клавишалуу-пневматикалык музыкалык аспап. Алгачкы хроматикалык гармонь – баян 1870-жылы тулалык Н. Белобородов тарабынан жасалган. Баян деген азыркы мезгилдеги түшүнүктү уста П. Е. Стерлигов жана кыякчы Я. Ф. Орланский-Титаренко (1907) киргизген. Өркүндөтүлгөн төрт катарлуу хроматикалык гармониканын оӊ жагында 52 топчу, сол жагында 5 катар топчу (ар биринде 20дан) бар.

XX кылымдын башында Россияда В. П. Хегстрем, Н. З. Синицкий да баян жасоонун чеберлери болгон. Баян – эӊ кеӊири тараган орус эл аспабы. Жеке да, ансамблде да ойнолот, ошондой эле ырды коштойт. Азыркы мезгилде көп сандаган баянчылар ансамблдери бар. Кыргызстандын бир катар музыкалык окуу жайларында баян сабагы өтүлөт.