БЛОК (саясий): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Белги: New redirect
 
м (Temirkan moved page БЛОК 3 to БЛОК (саясий))
 
(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
#REDIRECT [[БЛОК (бирикме, макулдашуу)]]
''' БЛОК'''  с а я с и й – мамлекеттердин, саясий ''партиялардын'', коомдук-саясий уюмдардын жалпы максаттарына жетүү үчүн түзүлгөн б<font color='green'>и</font>рикмелери, макулдашуулары. «Блок» термини 2<font color='green'>0</font> кылымдын башында Францияда пайда болуп, м<font color='green'>о</font>нархисттерге, улутчулдарга ж-а клерикалдарга каршы өкмөттүн саясатын колдогон партияла<font color='green'>р</font>дын бирикмесин билдирген. Парламенттеги партиялык фракциялардын блогу мыйзам долбоо<font color='green'>р</font>лорун кабыл алуу же четке кагуу үчүн түзүлөт. Шайлоо кампаниясы мезгилинде көз карашт<font color='green'>а</font>ры жакын партиялар бирге күрөшүү максаты<font color='green'>н</font>да өз ара келишим (депутаттык ж-а министрлик орундарды бөлүштүрүү, өз ара мамилелердин фо<font color='green'>р</font>малары жөнүндө) түзүшүп, бир шайлоо Блогуна бир<font color='green'>и</font>гишет. Блокко кирген партиялардын ишмердик формалары ар түрдүүчө болушу мүмкүн: элге карай биргелешкен кайрылуулар; депутатты<font color='green'>к</font>ка талапкерлерди биргелешип көрсөтүү; шайлоо алдында бирдиктүү саясий платформаны иштеп чыгуу; коалициялык өкмөттү түзүү; митинг, д<font color='green'>е</font>монстрация сыяктуу саясий акцияларды би<font color='green'>р</font>гелешип өткөрүү. Мамлекеттер аралык Блоктор коргонуу, тынчтык, согуш (мисалы, НАТО), экономика (ПРООН) ж. б. маселелерди чечүү максатында түзүлөт.
 
''А. Акунов.''
[[Category: 2-том, бүтө элек]]

09:18, 13 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БЛОК с а я с и й – мамлекеттердин, саясий партиялардын, коомдук-саясий уюмдардын жалпы максаттарына жетүү үчүн түзүлгөн бирикмелери, макулдашуулары. «Блок» термини 20 кылымдын башында Францияда пайда болуп, монархисттерге, улутчулдарга ж-а клерикалдарга каршы өкмөттүн саясатын колдогон партиялардын бирикмесин билдирген. Парламенттеги партиялык фракциялардын блогу мыйзам долбоорлорун кабыл алуу же четке кагуу үчүн түзүлөт. Шайлоо кампаниясы мезгилинде көз караштары жакын партиялар бирге күрөшүү максатында өз ара келишим (депутаттык ж-а министрлик орундарды бөлүштүрүү, өз ара мамилелердин формалары жөнүндө) түзүшүп, бир шайлоо Блогуна биригишет. Блокко кирген партиялардын ишмердик формалары ар түрдүүчө болушу мүмкүн: элге карай биргелешкен кайрылуулар; депутаттыкка талапкерлерди биргелешип көрсөтүү; шайлоо алдында бирдиктүү саясий платформаны иштеп чыгуу; коалициялык өкмөттү түзүү; митинг, демонстрация сыяктуу саясий акцияларды биргелешип өткөрүү. Мамлекеттер аралык Блоктор коргонуу, тынчтык, согуш (мисалы, НАТО), экономика (ПРООН) ж. б. маселелерди чечүү максатында түзүлөт.

А. Акунов.