БУРУЛЧА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУРУЛЧА | '''БУРУЛЧА ''' Осмонбек кызы (1840, азыркы Ысык-Көл району, Өрүктү айылы – 1916, Каркыранын белинде) – темир ооз комузчу. Атасы чоӊ мүнүшкөр, энеси ооз комузчу, кошокчу болгон. Эл оозунда калган сөздөргө караганда Бурулча темир комуз кагуу менен гана чектелбестен, ырчы, өтө шайыр, оюн-зоок уюштурууга шыктуу болгон. Темир ооз комузда «Турумтай», «Булбул», «Тактеке», «Керметоо» сыяктуу күүлөрдү чебер аткарган. Өзү «Бурулчанын селкинчек», «Кош кайрык», «Бурулчанын ой селки» сыяктуу күүлөрдү чыгарган. Бул күүлөрдү К. Орозов, Ы. Туманов жана башкалар комуз үчүн иштеп чыгышкан. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
09:33, 21 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
БУРУЛЧА Осмонбек кызы (1840, азыркы Ысык-Көл району, Өрүктү айылы – 1916, Каркыранын белинде) – темир ооз комузчу. Атасы чоӊ мүнүшкөр, энеси ооз комузчу, кошокчу болгон. Эл оозунда калган сөздөргө караганда Бурулча темир комуз кагуу менен гана чектелбестен, ырчы, өтө шайыр, оюн-зоок уюштурууга шыктуу болгон. Темир ооз комузда «Турумтай», «Булбул», «Тактеке», «Керметоо» сыяктуу күүлөрдү чебер аткарган. Өзү «Бурулчанын селкинчек», «Кош кайрык», «Бурулчанын ой селки» сыяктуу күүлөрдү чыгарган. Бул күүлөрдү К. Орозов, Ы. Туманов жана башкалар комуз үчүн иштеп чыгышкан.